Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:20

КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫ КАМКОРДУККА МУКТАЖ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жалалабад окуясына байланыштуу 27-майда Мыйзам чыгаруу жыйынында кабыл алынган токтомдун акыркы бөлүмчөсүндө «Ички иштер министрлигине материалдык жана техникалык колдоону көбөйтүп, өндүрүмдүү иштеши үчүн ыңгай-шартты оңдоо зарылдыгы» тууралуу айтылган. Акыркы күндөрү коомчулукта кыргыз милициясынын дарегине айтылган дооматтар арбып барат. «Мамлекет тарабынан камкордуктун жетишсиздиги, маянасынын аздыгы тартип сактоочулардын адам укуктарын одоно бузуп, өз милдеттерин толук аткарбай жатышына түрткү болууда» деген пикирлер буга чейин да айтылып жүргөн. Эми бийлик мындай кемчиликтерди моюнга алууда. Бирок, 2002-жылы Аксыда болгон окуядан кийин бул системаны реформалоого билек түрүнө киришкен мамлекеттик органдардын аракеттеринен майнап болгон эмес.

32 жаштагы Таалай бала чагынан милиционер болгусу келип, тартип сактоочунун кийимин кийгенди кыялданган экен. Аскерден келгенден кийин Бишкектеги Милициянын жогорку мектебине эки жыл катары менен тапшырып, өтпөй калган. Акыры атайын комиссиянын кароосунан өтүп, Ички иштер министрлигинин алдындагы күзөт бөлүмүнө 1995-жылы кызматка алынган. Азыр Таалайдын 3 баласы бар. «Аялым менин милиционер болуп иштеп жүргөнүмдү каалабайт», - дейт ал.

- Алган айлыгым 1000 сомго да жетпесе, анан аялым кайдан жактырсын. «Милицияңды ташта, айлыгы жакшыраак жумуш тап же соода кыл» деп эле какшап келатат. Соодага шыгым жок болсо эмне кылайын? Эч бир кесиптик билимим болбосо, же кирешелүү жумушка орноштургудай чоң таанышым болбосо, кимге жалдырайм? - дейт Таалай.

Мамлекеттик маанидеги чоң мекеменин коопсуздугун күзөткөн милициянын сержанты Таалай Бишкекте 700 сом төлөп, батирде турат. Анын айтымында, милиция кызматкерлери кыйналганынан улам башкача жолдор менен акча табууга мажбур.

- Үй-бүлөнү багыш керек да. Кыйналганда эми башкача бир жолдорго да барууга мажбур болосуң. Бирок аз маянага да кайыл болуп, өз ишине берилип иштегендер деле арбын, - дейт Таалай.

Ички иштер министринин орун басары генерал-майор Болот Ногойбаев Таалай өңдүү сержанттардын жашоо-тирилиги туурасында мындай дейт:

- Биздин сержанттар 1200 сом маяна алат. Көбү бирден-экиден баласы бар жаш жигиттер. Баарынын Бишкекте үйү жок. Айлыгынын 500-600 сомун үстүндөгү үйү үчүн төлөсө, ойлоп көрсөңөр, калганына бала-чакасын кантип багат?!

Азыр ички иштер органдарынын катарын толуктаган жигиттерге түркүн сын-пикирлер айтылып жүрөт. Бири алардын кичине бойлорун жактырбайт, экинчиси «билимдери тайкы» десе, кай бири ишке шалаакы мамилесине нааразы. Генерал-майор Б.Ногойбаевдин айтымында, 11 класстык билими бар жигиттер медициналык комиссиядан өткөндөн кийин кызматка алынат. Ногойбаев мырза кыргыз жигиттердин бою адатта кыска болоорун айтып, бирок акыркы күндөрү милициянын катарын бою узунураак жигиттер толуктай баштаганын кубанып белгиледи. Сержанттык катарга орто билими бар жигиттер деле алына берет. Эң негизгиси - медициналык кароодон ийгиликтүү өтсө болду. Бирок, Ногойбаев мырза «бизге жогорку окуу жайын бүткөндөр келсе, билимдүү жана токтолгон жигиттер татыктуу кызмат өтөйт эле» деген тилегин жашырган жок.

Жалалабаддагы окуядан кийин кыргыз милициясы мамлекеттик бийлик бутактарынын, журналисттердин жана саясатчылардын талкуулай турган орчундуу маселесине айланды. Акыркы жумада тартип сактоочулардын профессионалдык даярдыгы, эл арасындагы кадыр-баркы туурасында сөз арбыды. Жогорку Кеңеште үч күн бою Жалалабадда 15-майда болгон окуяга карата «өкмөттүк саат» болуп, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү да, депутаттар да тартип сактоочулардын иштешине жетиштүү шарттын жоктугун, алардын айлыктары абдан төмөн экендигин белгилешти.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери туурасында мындай сөздөр 2002-жылы 17-18-март күндөрү болгон Аксыдагы кандуу окуядан кийин да айтылган болчу. Ал кездеги ички иштер министри Темирбек Акматалиев «суу чачкан түтүктөр жок, элди коркутуп токтотконго жасалма ок жок» деп, ички иштер органдарында камсыз болбогон нерселерди санап, «ушундай мүчүлүштүктөр да кан төгүүгө шарт түздү» деген жоопту айткан. Аксы окуясынан кийин ички иштер органдарын реформалоо максатында мамлекеттик деңгээлде атайын комиссия түзүлгөн болчу. Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков азыр да ишке ашырылып аткан реформанын жүрүшүндө жаш кадрларды ардагерлерге бекитип берип, тажрыйба алмашуу башталганын билдирди.

Депутат Кубанычбек Жолдошев Жогорку Кеңеште билдирген маалыматка караганда, акыркы убакта милиция кызматкерлеринин саны 40% кыскартылган. Депутат «мамлекет буларды азайтып гана тим болбостон, аларга кам көрүү жагын да көңүлүнөн чыгарып койду» деген оюн ортого салды.

- Норма боюнча участкалык милиция кызматкери 5 миң адамды тейлеши керек болсо, азыр ар бирине 10 миң адам туура келүүдө. Албетте, анын баарына убактысы да, колу да жетпейт. Бизде тартип сакчыларына үй берилбей келет. Үйү жоктугунан бул жумушту таштап кетип атышат. Айлыктары араң 700 сом. Буларга ар кандай сын айта бергенден көрө, адам күлө турган айлыкка чыдап иштеп аткандарына ыраазы болушубуз керек, - дейт депутат.

22-майда Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу президент А. Акаевге жазган ачык катында «конституциялык укугун коргоп көчөгө чыккан адамдарга карата Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин агрессивдүү мамилеси күн санап күчөп баратат» деп, мамлекет башчысын ушул башкармалыктагы ырааттуу кайталанып келаткан мыйзамсыз көрүнүштөргө бөгөт коюуну суранды. Акыркы кездери пикет же митинг уюштурган жарандардын жолун милиция кызматкерлери бөгөп, кээде ортодо кагылышуу да болуп атат. Ушундай окуялар да тартип сакчыларынын эл ичиндеги кадыр-баркын олку-солку кылууда. «Менин милициям мени коргойбу же кордойбу?» деген суроо заманбап собол болуп калды. Мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдар да бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын кадыры түшүп кеткенин моюнга алышты. Өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Курманбек Осмонов «милиция кызматкерлеринин беделине доо кетирип аткан жүйөлүү да, жүйөсүз да себептер бар» деп эсептейт.

- Чынында эле милициябыздын кадыры өтө түшүп кетти. Кадр тандоо маселесин жакшыртуу зарыл. Бул системада коррупция жок деп айта албайм. Бар. Менимче, аларга тиешелүү болбогон функцияларды тиешелүү министрликтерге бөлүп бериш керек. Милицияны тилдегенден мурун, анын иштешине шарт түзүш керек, - деп билдирди Курманбек Осмонов.

XS
SM
MD
LG