Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:29

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МЕНЕН УКУК КОРГООЧУНУН ОРТОСУНДАГЫ СОТ ЖАРАЯНЫ БИШКЕК ШААРДЫК СОТУНДА БАШТАЛДЫ


28-майда Бишкек шаардык сотунда премьер-министр Николай Танаев менен Кыргызстан укук коргоо кыймылынын лидери Турсунбек Акундун ортосундагы сот жараяны башталды. Белгилүү болгондой, буга чейин бул иш Биринчи Май райондук сотунда 7 жолу каралып, биринчи инстанциядагы сот өз чечиминде укук коргоочунун өкмөт башчысынын үстүнөн жазган арызын канааттандырган эмес. 28-майда шаардык сот «айрым фактыларды такташ керек» деген чечимге келип, Турсунбек Акундун сунушу менен соттун кийинки жараянын 10-июнга белгиледи.

Сот башталганда Кыргызстан укук коргоо кыймылынын лидери Турсунбек Акун ишти карай баштаган Бишкек шаардык сотунун судьясы Разбүбү Эсенгулова баштаган судьяларга ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдирди. Турсунбек Акундун айтымында, Кыргызстандын соттору бийликке көз каранды. Анткени алар бул ирет да премьер-министр Николай Танаевди сот жараянына чакырып келүүгө даашкан жок. Бирок сот Турсунбек Акундун ишеним көрсөтпөө боюнча пикирин укканы менен, ишти карай берүүнү чечти. Мыйзам буга жол берет.

2002-жылдын 9-сентябрында Николай Танаев маалымат жыйынын өткөрүп, анын жүрүшүндө «Турсунбек Акун кайда жүрсө, ал жерде башаламандык жана кан төгүү болот, нааразылык акцияларына катышуу менен ал четтен алган акчаларын актап келатат» дегендей сөз айткан. «Премьер-министрдин бул айткандары арнамысыма, беделиме доо кетирди» деген Турсунбек Акун 2002-жылдын октябрь айында сотко арыз таштап, Николай Танаевден 1 миллион сом өндүрүп берүүнү жана басма сөз аркылуу кечирим суратууну сураган. Биринчи Май райондук соту 24-мартта чыгарган чечиминде укук коргоочунун арызын канааттандырган эмес.

28-майда Бишкек шаардык сотунда Турсунбек Акун «Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаева ишти өкмөт башчыга жан тартып карады» деди. Анын айтымында, премьер-министрди айыпка жыгууга жетиштүү фактылар болсо да, анын айткан сөзүнүн аудиожазмасы турса да, аларды эске албай туруп, сот бир жактуу чечим чыгарган.

- Ошол себептен Бишкек шаардык сотуна кайрылып отурам. Сиздер фактыларды толук карап туруп, калыс чечим чыгарып берсеңиздер, - деди укук коргоочу. Андан ары ал: - Бирок сиздер деле бийликтин көзүн карап турасыздар. Анын далили - бул ирет да премьер-министрдин өзүн сотко алып келалган жоксуңар, ошондуктан акыйкат чечим чыгарып берээриңерге ишениш кыйын, - деп кошумчалады.

Премьер-министрдин адвокаты Николай Жучков болсо сотко өз атынан адвокатты жиберүүгө ар бир жарандын толук укугу бар экенин, буга мыйзам жол берээрин жүйө кылды. Андан соң тараптар сөз сүйлөштү.

- Николай Танаев мен кайсы жерде жүрсөм ошол жерге кан төгөөрүмдү, башаламандык уюштуруп жиберээримди далилдеп берсин, - деди алгач кеп баштаган Турсунбек Акун. - Мен 13 жылдан бери эч бир чет элдик уюмдардан акча албаган жалгыз укук коргоочумун. Андыктан Николай Танаевдин «Турсунбек Акун нааразылык акцияларына катышып, четтен алган акчаларын актап жатат» деген сөздөрү калп. Аксы окуясында болсо мен уюштуруучу же катышуучу эмес, укук коргоочу катары окуя болгон жерде жүргөм.

Адвокат Николай Жучковдун айтымында болсо, премьер-министр Турсунбек Акунга тийешелүү сөздөрдү айтканда Аксы окуясын эске алган, бирок «Аксы окуясын Турсунбек Акун уюштурду» деген эмес. Болгону «Турсунбек Акун да Аксы окуясынын катышуучусу болгон» деген ойду айткысы келген.

- Турсунбек Акун мырза Николай Танаевдин айткан сөздөрүн өзүнө пайдалуу өңүттө чечмелеп жатат, - деди адвокат. - Ал «Танаев мени уруксат берилбеген митингдерди, анын ичинде Аксы окуясын да уюштурган деп айыптап жатат» деп сотко кайрылды. Бирок мындай нерсе Танаевдин айткан сөзүндө жок.

Премьер-министрдин адвокатынын айтымында, Н. Танаев Турсунбек Акундун чет элдик уюмдардан акча алаарын айтканда, 1995-жылы укук коргоочунун үстүнөн ачылып, бирок далилденбегенден улам жабылып калган ишке таянган. Ал иште Боталиев жана Асанов аттуу жарандар көрсөтмө беришкен. Турсунбек Акун судьялардан 10-июнга белгиленген сот жараянына Боталиев менен Асановду жана ошондой эле премьер-министрдин өзүн да катыштырууну суранды.

- Мен өзүмдүн гана карабашым үчүн соттошуп жаткан жерим жок, - деди cоттон кийин Турсунбек Акун. -2002-жылдын 9-сентябрында Каракөл шаарында Аксы окуясынан жапа чеккендердин «улуу жүрүшү» башталган. Ал күнү бийлик оппозициядан болобу, укук коргоочулардан болобу – бирөөнү жамандаш керек эле. Танаевдин кароолуна мен илиниптирмин. Анан бул – принципиалдуу маселе. Анткени Рамазан Дырылдаевди «чет элдин акчасын өлкөдөгү саясий абалды курчутууга жумшап жатат» деп жамандашууда.

Ал эми «Интербилим» борборунун президенти Асия Сасыкбаева сот жараяны жарандык коомдун беделин коргоодо маанилүү иш болуп жатканын белгиледи.

- Бир дагы чет элдик коом же агенттик «саясий жагдайды курчуткула» деп акча бөлбөйт. Укук коргоочуларды жамандап жаткан өкмөттүк уюмдар муну түшүнбөй жатышат. Эл болсо алардын айтканына ишенип калышы ыктымал, - деди сот залынан чыккандан кийин Асия Сасыкбаева.

XS
SM
MD
LG