Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

ИРАКТАГЫ СОҢКУ КЫРДААЛ


Бейшембиде Британиянын премьер-министри Тони Блэр Иракка барып, коалиция күчтөрүнүн курамындагы британ жоокерлери менен жолукту. Ирактын өзүндө болсо АКШ аскерлерине партизандык кол салуулар уланып жатат. Араб Лигасынын өкүлдөрү карапайым ирактыктардын муктаждыктарына жетишээрлик көңүл бурулбай жатат деген тынчсыздануусун билдирди.

Ошентип Тони Блэр согуштан кийинки Иракка барган алгачкы батыш жетекчиси болуп калды. Кувейтке жөнөп жатып, Блэр “Перси булуңундагы конфликтте өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтө алган британ аскерлери менен жолугуп, аларга алкыштарымды айткым келет. Армияга өлкө атынан ыраазычылык билдирүү маанилүү деп эсептейм. Анткени бул согуш өтө татаал болду”, - деп айткан.
Бейшемби күнү Түштүк Ирактагы Басра шаарында мекендеш-аскерлери алдында сүйлөгөн сөзүндө Блэр:

- Артка кылчайып, бул согушка көз чаптырган кезде, эл аны биздин кылымдын маанилүү учурларынын бири болуп калгандыгын түшүнөт деп чын дилимен ишенем. Буга силер салым коштуңар, бул силердин эрдигиңер менен жогорку профессионалдык даярдыгыңарды ырастайт.

АКШнын коргоо министрлигинин расмий өкүлү шаршембиде билдиргендей, Вашингтон 50 чакты мамлекетке кайрылып, өлкөдөгү баш аламандыкты жөнгө салууга жана зордук-зомбулукту токтотуу иштерине кол кабыш кылуу максаты менен тартип коргоо кызматкерлерин Иракка жиберүүнү өтүндү. Азыркыга чейин жети өлкө Ирак полициясын реорганизациялоого жана АКШ аскерлери менен чогуу патрулга катышууга макулдугун берди.

Чехиянын өкмөтү ушул тапта Басрада жайгаштырылган 400 аскерин стабилдештирүү күчтөрүнүн курамында дагы калтыра турууну пландаштырууда. Бул маселе Чех парламентинин кароосуна коюлмакчы.

Румын президенти Ион Илиеску жети жүзгө жакын жоокерден турган контингентти Түштүк Иракка жиберүү сунушун өлкө парламентине жолдоду.

Пентагондун планы боюнча, эл аралык стабилдештирүү күчтөрү эки топко бөлүнөт. Анын бирөө Британия, экинчиси Польша тарабынан башкарылат. Италия жана Испаниянын аскерий полициясынан куралган күчтөр июлга чейин Иракта жайгаштырылат деп күтүлүүдө. АКШнын Коргонуу инистрлигинин дагы бир маалыматына ылайык, Багдаддагы 46 миң аскердин ичинен 21 миңи күнүмдүк коопсуздук операциялары менен алектенет. Ал эми Ирактагы америкалык аскер полициясынын саны 4 миңге жеткирилген. Бул иш чараларга карабай Ирактагы кырдаал кооптуу бойдон кала берүүдө.

28- майда Борбордук жана Түндүк Ирактагы салгылашууларда тогуз аскер жарадар болду. Ирактын полиция мекемесине граната ыргытылып, андан жабыркагандар болгон жок. “Эски режимдин калдыктары – Баас партиясынын мурдагы мүчөлөрү жана башка согушчандар - өлкөнү калыбына келтирүүгө багытталган иш-чараларыбызды жокко чыгарууга аракеттенип жатышат”, - деп айтты америкалык капитан Коннолин.

Андан алдынкы күнү Фаллужа шаарына жакын жерде АКШ аскерлеринин колоннасы буктурмага кабылып, эки жоокер окко учуп, дагы тогузу жараат алган эле. Чабуул үчүн жоопкерчиликти Саадамга лоялдуу турумдагы согушчан топ өзүнө алды.
АКШнын Борбордук командачылыгынын билдирүүсүнө караганда, америкалык патруль Багдадда аткылоого алынган. Мосул шаарында болсо куралдын түрлөрү жана атайын радиосистема катылган кампа табылды. Байжи деген жерде “Саддамдын фидайиндери” аттуу уюмдун жергиликтүү эки лидери жана Хусеин армиясынын бир нече офицери колго түшүрүлдү.

Араб Лигасы болсо катардагы ирактыктардын ушул таптагы муктаждыктары орундатылбай келатат деген тынчсыздануусун билдирди. “Оккупация күчтөрү өлкөдө стабилдүүлүк менен коопсуздукту камсыздоого карай чечкиндүү кадам жасашы керек”, - дейт уюмдун расмий өкүлү.
Иорданиянын баш калаасында чогулган ирактык мусулмандар менен христиандардын өкүлдөрү да өлкөнүн өкмөтүн куруу чараларын ыкчымдатууга үндөдү.

Өкмөт курууга багытталган иш-аракеттердин бири катары Киркук шаарынын мэрин шайлоону атаса болот. Мунайга бай калаанын жетекчиси болуп таанымал күрд адвокаты 59 жаштагы Абдул Рахман Мустафа басымдуу добуш менен шайланды.

Араб коомчулугунун лидерлери болсо шаар кеңешинин түзүлүш принцибине нааразылыгын билдиришүүдө. АКШлык жетекчиликтин чечими менен Ирактагы төрт негизги этникалык топко кирген - араптар, ассириялыктар, күрддөр жана түркмөндөргө ар бирине төрттөн орун тийген. Андан тышкары кошумча көз карандысыз 5 орун күрддөргө, 6 мандат ассириялыктарга ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG