16-майда Майлысуу шаарында Республикалык аскер соту тартип коргоо жана прокуратура кызматтарынын Аксы окуясына айыптуу деп табылган облустук, райондук мурдагы алты жетекчисин жана Аксы районунун мурдагы акимин актоо тууралуу чечим чыгарган. Чечимге байланыштуу жабырлануучулар Жогорку Сотко кайрылышабы-жокпу, маселе азыр туюк бойдон турат. Алардын адвокаты Сартпай Жайчыбековдун билдирүүсү боюнча, Республикалык аскер соту өз чечиминин көчүрмөсүн бере элек. Ошондой болсо да, сот чечимине жабырлануучулар да, алардын тарапкерлери да нааразы. Акыркы ирет бир катар депутаттар бул маселени Жалалабад окуясын талкуулаган отурумда козгошту. Алардын бири депутат Азимбек Бекназаровдун пикиринде, сот чечими мурда кызматтан кеткендердин баарын өз орундарына кайтарууга жол ачат.
- Аксы окуясы боюнча бардык кылмыш иштери кыскартылып, акталды, - дейт Бекназаров. - Бардыгы туура экен, мыйзамдын чегинде туура ок атылып, туура буйрук берилиптир. Андай болсо мен суранам: бу жерде «Танаев кетсин» деп атышат, Танаевдин ордуна Курманбек Салиевич Бакиев кайра келсин. Карыпкулов, Акматалиев, Абышкаев, Кудайбергенов - бардыгы автоматтык түрдө орундарына отурушсун. Мыйзам ошону талап кылып атат.
Аксы окуясын 2002-жылдын 22-майында Коопсуздук Кеңеши караган. Анда депутат белгилеген бир катар мамлекеттик жооптуу адамдар кызматтарынан кетишкен. Кийинчерээк депутаттар менен жолукканда президент Аскар Акаев Аксы окуясына байланыштуу чаралар тууралуу маалымат берген.
- Коопсуздук Кеңешинин жыйынында биз кетирилген кемчиликтер менен каталарды терең талдап, жергиликтүү деңгээлдеги жетекчилерден тартып республикадагы жогорку даражалуу адамдардын жоопкерчилигине чейин кылдат териштирдик, - деген А. Акаев кадр маселесине байланышкан жолугушууда. - Аларга карата катуу чара көрдүк. Премьер-министр баш болгон кыргыз өкмөтү, президенттик администрациянын жетекчиси, ички иштер министри жана анын биринчи орун басары кызматтарынан алынды.
Бирок, айрым саясатчылардын пикирлерине караганда, соттун акыркы чечими жагдайдын башкача нукта өнүгүп баратканын кабарлап тургансыйт. Мына ушул өңүттөгү көз карашты сап кармаган саясатчылардын бири Абсамат Масалиев жагдайдын мындай чечилишин жактабайт. Депутаттын суроосуна ылайык бул маселеге биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов парламенттеги «өкмөттүк саат» учурунда юрист катары өз пикирин мындайча билдирди:
- Эгерде юридикалык жоопко тартылган адамдар сот аркылуу акталган болсо, «мени мурдагы ордума коюп койгула» деп айтканга алардын юридикалык да, моралдык да акысы бар. Ал эми моралдык жоопкерчилигин кароо тартибинде иштен кеткендердики башка маселе.
Бирок, сотто акталгандардын арасында да, «моралдык жаза алгандардын» ичинде да кызмат ордун кайтарууга байланыштуу ачык пикир айткандар боло элек. Айрым байкоочулар Аксы окуясынын бир жаңсыл чечилбей келатышына соттун акыйкатсыздыгы жана көз карандылыгы кедерги деп эсептешет. Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү жазаланмайынча жандары тынбастыгын Бишкекке келишкен «Аксылык энелер» кыймылынын мүчөлөрү да билдиришип, президенттин наамына кат таштап, парламентке арыз-муңун айтып кетишти. Депутат А. Бекназаров болсо, сот чечимдеринин көчүрмөсүн алышса, жабырлануучулар Эл аралык сотко чейин кайрылууга даярданып жатканын билдирди. Анын айтымында, аксылыктар Эл аралык сотко кайрылууга укуктуу.
Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу болсо Аксы окуясын териштирүү өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылганы жатат. Бирок, Жогорку Сот карамайынча, Аксы окуясына карата ал өз баасын ачыктабайт.
- Жогорку Соттон кийин гана бул маселе боюнча тигил-бул деп айтышыбыз мүмкүн. Азыр аксылык өкүлдөрдө акыркы мүмкүнчүлүк бар. Бул – Жогорку Соттон Майлысууда болгон сот чечимин кайра карап чыгууну өтүнүү, - дейт Турсунбай Бакир уулу.