Жакындан бери президент Жорж Буш башында болгон АКШнын жогорку бийлиги Жакынкы Чыгыштагы көп жылдан бери чечилбей келе жаткан жөөт-палестин чатагын жөнгө салууга белсенип кирише баштады. Бул максатта АКШ, БУУ, Европа Биримдиги жана Орусия өкүлдөрү аймакта тынчтыкты орнотуунун “Жол картасы” аттуу планды иштеп чыгышты. Соңку мезгилдери планды турмушка ашырууга анын демилгечилери жана аймактагы өлкөлөр да өзгөчө аракет жасашууда. Өткөн аптада Европа Биримдигине кирген жана Жер ортолук деңизинин алкагындагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жолугушуп, каршылашкан тараптарды төртилтик сунуш кылган тынчтык планын аткарууга чакырышкан. Ошондой эле келээрки аптада АКШ президенти Жор Буш Жакынкы Чыгышка иш сапары менен келип, израил-палестин жетекчилери менен бул тынчтык планы боюнча кеңири сүйлөшүүлөрдү өткөрөөрү пландаштрылууда. Байкоочулардын пикиринде, Жорж Буштун иш сапарын утурлай Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон менен Палестинанын жакында дайындалган өкмөт башчысы Махмуд Аббастын бейшемби күнкү жолугушуусу жемиштүү өттү.
Үч саатка созулган сүйлөшүүнүн соңунда каршылашкан тараптар, келечекте дагы өз ара сүйлөшүүнү улантууну макул көрүшүп, ич ара чатакты жөнгө салуу максатында бир катар сунуш-пикирлерин айтышты. Маселен, Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон эгерде палестин тарап жөөтөргө каршы террордук чабуулдарды токтотуп, коопсуздукка кепилдик берсе, Иордан дарыясынын батыш жээгинен жана Газа тилкесинен өз аскерлерин алып чыгып кетүүгө, камакта жаткан айрым палестиналыктарды боштондукка чыгарууга жана 2005-жылга чейин Палестин өлкөсүн курууга макулдугун берди. Жогорудагыдай сунуштарды Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббас кубаттап, плестиналыктар көп каттаган чек аралардагы жөөттөр тарабынан коюлган айрым тосмолорду алып таштоону жана басылып алынган аймактарга турак үйлөрдү курууну токтотууну сунуштады. Ал ушул тапта исламчыл “Хамас” тобу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткандыгын белгилеп, келечекте алардын жөөттөргө каршы террордук чабуулдарын токтотууга жетише тургандыгына ишеничин билдирди.
Ал эми Рейтер агенттигинин жазышынча, “Хамас” тобунун жогорку даражалуу өкүлү Абдель Азиз аль-Рантисси аталган агенттикке берген маегинде, израил-палестин сүйлөшүүлөрү боюнча эч нерсе билбей тургандыгын маалымдаган.
Жогоруда белгиленгендей, Израил өкмөтүнүн башкы талабы жөөтөргө каршы террордук чабуулдарды токтотуу, тагыраак айтканда, бардык террордук уюмдарды куралсыздандырып таркатуу, террорчуларды камакка алуу жана мыйзамсыз сакталган куралдарды жыйнап алуу. Айрым байкоочулардын пикиринде, сүйлөшүүгө катышкан палестин тараптын жетекчилиги Изрилдин жогорудагыдай талаптарын аткара алабы-жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Эгерде, Махмуд Аббастын өкмөтү өз аймагындагы террордук топторго Израил койгон талаптарды түшүндүрүү жолу менен аткартууга жетишпесе, Палестинада жарандык согуш тутанып кетиши ыктымал.
Канткен күндө да сүйлөшүүгө катышкан палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббастын пикиринде, бейшемби күнкү жолугушуу “өз ара түшүнүшүү менен жакшы кырдаалда өтүп, бир кыйла жемиштүү болду”.
Эми каршылашкан тараптардын өкмөт башчылары ушул эле маселени 4-июнда Иорорданияда болуучу кездешүүдө АКШнын президенти Жорж Буш менен талкуулашат. Ал эми Жорж Буш Франциянын күнүнө жарыкка чыгуучу “Фигаро” гезитине берген маегинде, Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуунун планын аягына чейин чыгарууга аракет жасай тургандыгын маалымдаган.