Эл аралык эксперттер даярдаган докладда Россияда демократия солгундап, адам укуктары бузулган учурлар көбөйүп баратканы белгиленет. Отчетто ошону менен бирге Россияда коррупция кеңири жайылганы да айтылат. Докладдын авторлору президент Бушту Санкт-Петербургдагы жолугушуу маалында аталган чөйрөдөгү абалды президент Путиндин эсине салууга чакырышкан.
“Фридом хаус” уюму Россияда бийлик президент Путиндин колуна топтоло баштады деп эсептейт