Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

САММИТТЕР АМЕРИКА МЕНЕН ЕВРОПАНЫ ЖАКЫНДАТА АЛАБЫ?


АКШ президенти Жорж Буш Европадагы сапарын Польшадан баштады. Келээрки апта башында ал Францияда өтчү алдыңкы 7 өлкө жана Орусиянын лидерлеринин кезектеги жыйынына катышат. Анда Ирактагы согушка байланыштуу Америка менен Европанын ортосунда келип чыккан ажырымды жөнгө салуу аракети жасалаары күтүлүүдө. Ага чукул Санкт-Петербургдун алдында Орусия жана Европа Биримдигинин жетекчилеринин саммити ачылды.

Ирактагы согушка байланыштуу Америка менен бир катар Европа өлкөлөрү ортосунда пайда болгон жарака алдыдагы саммиттерде алеки заматта жайгаштырылаары күмөндүү дешет эксперттер. Жума күнү АКШ президенти Жорж Буш Европадагы сапарын Саддамга каршы согушту колдоп, Вашингтонго аскерий көмөк көрсөткөн Польшадан баштады. Варшавада ал эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу жолдорун талкуулап, польшалыктарга америкалыктардын атынан ыраазычылык билдирди.


Жекшемби күнү Жорж Буш Санкт-Петербургда Орусия президенти В.Путин менен көзмө-көз жолугат. Москва Ирактагы согуш маселесинде Париж, Берлин жана башка европалык борборлорго кошулуп, Вашингтондун саясатын кескин сындаганы белгилүү. Кремлден башка келээрки апта башында америкалык президент Саддамга каршы согушту колдобогон бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен Франциянын Эвиан шаарында кездешет. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл президент Буштун бул жолугушуулары жөнүндө алдын-ала жарыялап жатып, "арийне, бул саммиттер – Америка менен айрым союздаш, өнөктөш өлкөлөр ортосунда түшүнбөстүк калган жок дегенди туюндурбайт", - деп кошумчалай кетти.


Айткандай эле, "8 тобунун" бийик жолугушуусунда АКШ жетекчиси Ирактагы согушка каршы чыккандардын анабашында турган Франциянын президенти Жак Ширак, Вашингтондун Багдадга карата саясатын катыра сындап отуруп, кайрадан канцлер болуп шайланган Германиянын лидери Герхард Шрөдер менен жолугат. Орусиянын президенти В.Путин соңку кездери Вашингтон менен ар тараптуу кызматташтыкты өрчүтүүгө кызыкдар экенин айтканы менен, ушул аптада тышкы иштер министри Игорь Иванов: "Ирак эли аскерий учактар менен ташылып келинген демократияга муктаж эмес", - деп кескин билдирүү жасады. Байкоочулар Франциядагы бийик саммиттин алдында былтыр Канаданын байланыштар боюнча министри Франсуа Дюкро Жорж Бушту "келесоо чалыш" деп мүнөздөп, кийин кечирим сураганын, Германиянын юстиция министри Буштун Багдадга карата саясатын Гитлердикине салыштырганын эске салышууда. Өз кезегинде европалык лидерлер да америкалык президенттин кеңешчилери чогулуп алып, Ирактагы согушка каршы катаал позициясы үчүн Францияны жазалоо жолдорун масилеттешкенин, Жорж Буш өзү Жак Ширакты жакын арада Техастагы ранчомдо кабыл албайм деп айтканын да көңүлгө түйөөрү талашсыз.


Анысы кандай, ишембиде Санкт-Петербург шаарынын 300 жылдык мааракесинин алкагында орус падышаларынын жаңыланган сарайында ачылган Европа Биримдиги менен Орусиянын биргелешкен саммитинде Американын башкы союздашы - Британиянын премьери Тони Блэр европалык кесиптештерине кайрылып, ортодогу биримдикти бекемдөөгө үндөдү.

- Ирак маселеси көргөзгөндөй, көз караштардагы чоң айырмачылыктарга карабастан, мен Бириккен улуттар уюмунун алкагында биз кайрадан бири-бирибизди колдоп жатканыбызга өтө куштармын. Бул - өтө маанилүү көрүнүш.


Санкт –Петербургда орус президенти В.Путин Орусия менен Европанын ортосун "Шенген дубалы" бөлүп турганына басым жасап, келечекте орус жарандарын Европага визасыз киргизүүгө үндөдү. Көпчүлүк европалык лидерлер бул маселе – абдан алыскы максат экенин белгилеп, ортодо дагы көптөгөн чечиле элек проблемалар бар экенине көңүл бурушту.


Дүйнөдөгү эң алдыңкы жети өлкө жана Орусиянын лидерлери Франциянын Эвиан калаасында 3 күндүк жыйынга чогулушат, бирок АКШ президенти Жорж Буш ага бир күн гана катышып, андан кийин араб мамлекеттеринин лидерлери менен жолугуп, Израиль-Палестина тынчтык сүйлөшүүлөрүнө да ортоктош болот.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG