Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

ЭВИАН САММИТИ АКШ МЕНЕН АНЫН ЕВРОПАЛЫК ШЕРИКТЕРИН ЖАРАШТЫРА АЛАБЫ?


Франциянын Эвиан курортунда “чоң сегиздиктин” кезектеги бийик жолугушуусу уланып жатат. Бугүнкү талкууларда дүйнөлүк экономиканы жандантуу жолдору жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо маселеси негизги темалар катары каралууда. Кабарчылар белгилешкендей, саммиттин алгачкы күнүндө АКШ менен Франциянын жетекчилигинин ортосунда чыңалуу байкалган. Адаттагыдай эле, бул жыйын да антиглобалисттердин демонстрациялары менен коштолууда.

Адатта, дүйнөнүн эң өнүккөн мамлекеттеринин 1975-жылдан бери уланып келаткан бийик жолугушууларында дүйнөлүк экономиканын жана саясаттын олуттуу маселелери талкууга алынат. Эвиан саммиттинде да экономиканы жандантуу, Африка мамлекеттерине жардам көрсөтүү, СПИД менен күрөшүү жана ушул өңдүү башка маселелер сүйлөшүүлөрдүн негизги өзөгүн түздү. Эски континенттин лидерлери менен жапон премьери АКШ долларынын еврого карата дээрлик 15 пайызга төмөндөп кеткенине байланыштуу келип чыккан валютанын туруксуздугу жөнүндөгү маселенинин каралышын талап кылышты. Вашингтон, өз кезегинде, европалыктардан экономикаларынын ийкемдүү болушуна, соода тоскоолдуктарынын алып салынышына, дыйкандарга субсидия берүүнүн токтотулушуна көбүрөөк коңүл бурууга үндөөдө.

Бирок байкоочулардын көбү дүйнөнүн эң өнүккөн жети өлкөсү менен Россиянын быйылкы жолугушуусу, мындан алдыңкылардан айырмаланып, кыйын кырдаалда өтүп жатканын белгилеп, бул саммит АКШ менен анын европалык шериктери ортосунда Ирак кризисинен улам келип чыккан жарака жакынкы мезгилде бүтөлөбү деген суроого жооп алууга мүмкүнчүлүк берет деген ойдо. Айрым адистер Буштун азыркы Европа сапары дал ошол солгундай түшкөн мамилелерди калыбына келтирүүгө көбүрөөк багытталган дешет. Белгилүү болгондой, Вашингтондун Ирак согушуна “сегиздиктин” төрт өлкөсү Франция, Германия, Россия жана Канада каршы болуп келген.

“Лос Анжелес таймс” дүйшөмбү күнкү санында жазгандай, Буштун салттуу шериктери менен жарашууга багытталган дипломатиялык аракеттери Россиядан башталды. Алгач ал Санкт-Петербургтун 300 жылдык мааракесине катышып, президент Путин менен жолукту. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында “Ирак кризиси Россия менен АКШ мамилелерин солгундатпастан, кайрадан аларды чыңдады”, - деп белгиленди.

Жорж Буш менен Германиянын канцлери Герхард Шрөдер ноябрь айынан бери өз ара бир жолу да сүйлөшө элек эле. Азыр болсо ошол эле Санкт-Петербургдагы сый тамак учурунда эки лидер кол алышып, жылуу учурашты дешет журналисттер. Эми АКШ президенти эң көжөлгөн оппоненти менен жолугушту. Жорж Буш менен Жак Ширактын көзмө көз сүйлөшүүсү дүйшөмбү күнү болуп өттү.

Жолугушуунун алдында, жекшембиде француз президенти көпчүлүк эл анын жалгыз АКШ үстөмдүк кылбай турган “көп уюлдуу дүйнө” көз карашын бөлүшөөрүн дагы бир жолу белгилеген.
Байкоочулардын баамында, Ирак согушунун кесепеттери сезилип жатканы менен саммиттин катышуучулары орток пикир табуу аракетин жасашты.Ушуну менен өзүнүн 10- жана соңку саммиттине катышып жаткан канадалык ветеран-премьер Жан Кретьен жекшемби күнкү жолугушуудан кийин: “Өткөн окуялар жөнүндө эч ким сөз козгогон жок. Бардыгы тең тилектештик маанайын түзүүгө аракеттеништи”, - деп билдирди.

1-июнда жыйынга катышып жаткан сегиз жетекчиге дүйнөнүн айрым өлкөлөрүнүн лидерлери келип кошулушту. Алардын арасында Египеттин, Нигериянын, Бразилиянын жана Кытайдын мамлекет башчылары бар болчу. Франция өзүнүн номур биринчи артыкчылыгы катары Африка өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө жардам берүүнү тандап алган. Париждин расмий өкүлү : “Биз глобализация жөнүндө сөз кылып жаткандан кийин, глобалдуу ойлошубуз керек”,- деген оюн билдирди.

Эвиан саммитинен кийин Жакынкы Чыгыш сапарына аттанган президент Буш аймактагы тынчтык жараяны буга чейин кептелген жардан чыгаарына өз ишеничин билдирди.

Ал эми глобализация жараянына каршы чыккан уюмдар бул жолу да ири демонстрацияларын уюштурушту. Анархисттер менен анти-капиталисттер кошуна Швейцариянын Лозанна жана Женева шаарларынын көчөлөрүнө чыгышты. Франция менен Швейцариянын чек арасында да бир нече чыгуулар болду. Жергиликтүү полиция дүкөндөрдү, май куйуучу станциялар менен кафелерди талкалап, талап тоноого катышкан жүздөгөн жаштар кармалганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG