Иракта утурумдук өкмөттү түзүү боюнча жалпы улуттук конференцияны өткөрүү алгач июнь айына белгиленген эле. Бирок жакында америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремер конференцияны өткөрүү мөөнөтү бир айга кечеңдетилип жатканын кабарлаган. Ал эми соңку маалыматтар боюнча Ирактын убактылуу бийлиги андай жыйынсыз эле жаралышы мүмкүн. Батыш маалымат каражаттарынын америкалык аты аталбаган өкүлдөргө шилтеме берип билдиргенине караганда, АКШ жетектеген администрация эми өлкөнүн убактылуу бийлиги катары 25-30 адамдан турган саясий кеңешти түзүүнү пландап жатат. Ал топко кирүүчү адамдар алдыдагы алты аптанын аралыгында Ирактын саясий жана диний уюмдары менен өткөрүлүүчү консультациялардын натыйжасында иргелип алынмакчы жана аларга АКШ жетектеген администрацияга жардам көргөзүү милдети жүктөлөт. Ирактын АКШ жетектеген администрациясынын пландарына ылайык, утурумдук саясий кеңеш менен бирге өлкөнүн башмыйзамын даярдоо үчүн конституциялык кеңеш да түзүлөт. Бул органдын ишинин жыйынтыгы жалпы элдик референдумга коюлмакчы. Айтор, америкалык тарап Ирактын утурумдук бийлигин болушунча тез уюштуруп, өлкөнү башкаруу жараянына ирактыктардын өзүн аралаштырууга кызыкдар болуп жаткандай. Себеби чет элдик башкаруучуларга карата ирактыктардын мамилеси ойдогудай деп айтыш кыйын. Жергиликтүү калктын колундагы куралдарын өткөрүп берүү жараяны жай жүрүүдө. "Франс-Пресс" агенттиги келтирген маалыматка караганда, АКШнын президенти Жорж Буш аскерий операциялар аяктаганын жарыялагандан кийин, 1-майдан бери эле Иракта америкалык жоокерлердин 23ү ар кандай жагдайда набыт болгон. Жекшемби күнү Багдаддагы мечиттердин биринин бет маңдайында граната жарылганда эки америкалык жоокер жаракат алып, эки жергиликтүү тургун каза тапты. Мындай кол салуулар үчүн коалициялык аскерлер Саддам Хусейнге ыктаган күчтөрдү күнөөлөөдө. Дүйшөмбү күнү болсо Ирактын таратылган мурдагы армиясынын миңдеген жоокерлери демонстрацияга чыгып, ишинен айрылганы үчүн компенсация төлөөнү талап кылышты. Алардын айрымдары эгер талабы орундалбаса коалициялык аскерлерге каршы терракттарды уюштурарын эскертишти. Булар - Иракка байланышкан азыркы проблемалардын бир өңүтү. Экинчиси - Саддам Хусейндин режими кулатылганына жети аптадан ашса да, АКШ менен Британия ырастаган массалык кыргын салуучу куралдардын табыла электиги.
Буга байланыштуу жекшемби күнү америкалык телеканалдар өткөргөн маектерде АКШдагы негизги эки партиянын сенаторлору тарабынан кайчы пикирлер айтылды. Маселен, республикачыл сенатор Жон Маккейн менен Демократиялык партиядан шайланган сенатор Кристофер Додд "ABC" телеканалына берген маектеринде белгилешкендей, Саддам Хусейндин режиминин мыкаачылыгын, массалык кыргын салуучу куралдарды өз элине каршы колдонгонун көргөзгөн башка далилдердин арбындыгы Иракты боштондукка чыгарган согушту толук актоодо. Ага катар аталган эки сенатор, балким, АКШнын чалгындоо кызматтарынын Ирактын маассалык кыргын салуучу куралдары тууралуу маалыматтарынын чын-төгүнүн териштүү үчүн Конгресстин кийлигишүүсү зарыл болушу мүмкүн экенин да белгилей кетишти.
Жогорудагы комментарийлердин алдында АКШдагы "Time" жана "Newsweek" журналдары президент Ж.Буштун администрациясы, өзгөчө Пентагон күмөндүү маалыматтарга таянып гана чечим кабыл алган болушу мүмкүн экенин жазып чыккан эле. Ал эми америкалык сенаторлордун дагы бири, кийинки президенттик шайлоого Демократиялык партиянын талапкери катары катышары күтүлүп жаткан Боб Грэм Иракта массалык кыргын салуучу куралдар табылбаса, президент Ж.Буш үчүн саясий жоготуу болорун эскертет. Анын пикиринде, бул - чалгындоо ишинин начардыгын же америкалыктарды туура эмес маалыматтар менен адаштыруу аракетин көргөзөт, эл аралык коомчулуктун АКШга болгон ишенимине шек келтирет. Британ премьери Тони Блэр болсо дүйшөмбү күнү "чоң сегиздин" тобуна кирген өлкөлөрдүн Эвиан шаарындагы саммити учурундагы басма сөз жыйынында чалгындоо кызматтарынын Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү маалыматтарына 100% ишенерин белгиледи.