Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

ЖОРЖ СОРОС КЫРГЫЗСТАНДА ЭКОНОМИКА ИНСТИТУТУН АЧУУНУ КААЛАЙТ


3-июнда белгилүү филантроп жана финансист Жорж Сорос Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келди. Алгачкы күнү ал экономикалык форумга жана саясатчылардын, эркин маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн “тегерек үстөлдөгү” талкууга катышты. Бул эки иш чарага тең журналисттердин көбү чакырылган жок. Бирок, талкууга катышкандардын пикирлерине караганда, Жорж Сорос Кыргызстандын мындан ары ачык коом катары өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында бир катар сунуштарды киргизди.

Эл аралык кайрымдуулук фонддорунун негиздөөчүсү жана башчысы катары таанымал финансист Жорж Соростун 40 чамалаш фонду, программалары өз алдынча иш алып барат. Алар Борбордук жана Чыгыш Европадагы посткоммунисттик өлкөлөрдө, мурдагы Советтер Союзунун аймагында, Түштүк Африкада жана Гаитиде жайгашкан. Баш кеңселери Нью-Йорк менен Будапештте жайгашкан “Ачык коом” институту демократияны курууга көмөктөшүү вазийпасын аткарат.

Алардын ичинде «Сорос-Кыргызстан» фонду 1994-жылы негизделген. Ошондон бери ал 30га жакын программаны ишке ашырып келатат. Кыргызстанда бул программалардын 29% билим берүү багытында иш алып барат. Ал эми маалымат каражаттарына программалардын 4%, бейөкмөт уюмдарга 5% туура келет. Бирок саясий, диний максатты көздөгөн, коммерциялык, туризм жана спорт тармагында иш жүргүзгөн бирикмелер, кыймылдар менен иштешүүгө фондго чек коюлган. «Кыргызстан-Сорос» фондунан алынган маалыматка караганда, 1995-жылдан тартып акыркы алты жылдын ичинде ушул программаларга Сорос фонду 29 млн. 167 миң доллардан ашык каражат сарптады.

Фонд Кыргызстанда «Экономикалык реформа» программасын ишке ашырууга 2000-жылы киришкен. Жакырчылыкты жоюуга, экономиканын натыйжалуулугун арттырууга, демилгелерди жана жеке ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөгөн долбоорлор жыл сайын жаңыртылып келатат. Жорж Соростун Кыргызстандагы алгачкы жолугушуусу дал ушул экономикалык маселеге байланыштуу болду. Жабык эшик артында өткөн бул күнкү экономикалык форумга Сорос фондунун таасирдүү өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, жеке ишкерлердин курамы катышып, анда Кыргызстандагы экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык багыттары талкууланды. Экономикалык форумга катышкан вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин билдиргенине караганда, Сорос Кыргызстанды колдоо зарыл экендигин белгилеп, аны өлкөнүн ачык коом куруу аракети менен байланыштырды. Бул форумда финансист Экономикалык институт түзүү демилгесин көтөрдү.

- Сорос өзүнүн сунушу менен бул жерде Экономикалык институт түзөйүн деп атат, - дейт Ж.Оторбаев. - Бирок, бул демилгени биздин өкмөт, ишкерлер көтөрүшү керек. Фонд ошол сунуштарды колдоого шарт түзөт.

Кыргыз өкмөтү мындай сунушту толук колдойт. Анын себептерин вице-премьер-министр төмөнкүчө негиздеди:

- Биз 100% колдоп атабыз. Себеби, жеке менчик сектордун өнүгүшү боюнча биз сөзсүз стратегия түзүшүбүз керек. Баарыбызга белгилүү, азыр инвестициялык матрица менен иштеп атабыз. Бирок, ошол процесске жеке менчик секторду көбүрөөк тартышыбыз керек.

Жорж Соростун катышуусунда өткөн алгачкы күнкү экинчи иш-чара «Жарандык коом жана саясий трансформация» деп аталды. «Тегерек үстөл» форматындагы бул жолугушууга Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын, эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, депутаттар катышты. Алардын айрымдары берген маалыматтарга караганда, бул жолугушууда адам укуктарына, басма сөз эркиндигине байланыштуу, демократиялык өнүгүшкө жолтоо болгон жагдайлар талкууланды. Сорос Борбордук Азиядагы ачык коом түзүүгө кайчы көрүнүштөрдүн келип чыгышын Ирак маселеси менен байланыштырды. Бул өңүттө ал АКШнын көз жумду мамилесине нааразы экенин билдирди. Ал ошондой эле өкмөттөн көз карандысыз, чыныгы жарандык коомдун түзүлүшүнө өзгөчө дилгир экенин белгиледи.

Борбордук Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөн финансисттин Кыргызстанга келиши ар кыл пикирлерди жаратууда. Маселен, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсаловдун көз карашы боюнча, Соростун Кыргызстанга келиши чоң бурулуштарга деле алып келбейт, бирок, жаңы чечимдерге түрткү болот.

- Жорж Соростун келишинен көп нерсе күтпөйм, - деди Эдил Байсалов. - Бирок, биз баарыбыз билебиз - ал жөнөкөй эле бай адам эмес. Ал философ, улуу дипломат. Өзгөчө Американын ишкер чөйрөлөрүндө таасири чоң киши. Менимче, анын келип, биз менен сүйлөшүп, пикирлерибизди угушу кандайдыр-бир жаңы чечимдерге түрткү болот.

Жорж Сорос Кыргызстанга президент Аскар Акаевдин чакыруусуна ылайык келди. Анын катышуусундагы ар тараптуу ачык жолугушуулар 4-июнда болот. Ал эми 3-июндагы жолугушуу өтө чакан чөйрөдө, жабык эшик артында өттү.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG