Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

ЖОРЖ СОРОС: «АКЧА ЖАКШЫ, УНИВЕРСИТЕТ ДЕМИ АНДАН БИЙИК»


Айтылуу финансист Жорж Соростун Кыргызстандагы иш сапарынын экинчи күнү Борбордук Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу салтанаты менен коштолду. Уюшулганынын 10 жылдыгын белгилеп аткан университеттин бүтүрүүчүлөрүнө жогорку билим алгандыгын күбөлөндүргөн дипломду Жорж Сорос тапшырды. Салтанатка президент А.Акаев катышты.

Университеттин 150 бүтүрүүчүсүнө айтылуу финансист Жорж Соростун диплом тапшыруу салтанаты Кошмо Штаттар менен Кыргызстандын гимндери менен ачылды. Жыйын катышуучуларынын алдында президент А.Акаев сөз сүйлөдү.

- Мен бүгүнкү салтанатка катышып атканыма толкунданып, бүтүрүүчүлөргө суктанып отурам, - деди президент А.Акаев. - Быйылкы бүтүрүүчүлөр биз үчүн өзгөчө маанилүү жылда окуусун аяктап отурушат. Салтанатка ат арытып келип, дүйнөгө таанымал Сорос мырза катышканы өзгөчө маанилүү. Өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алган өлкөбүз үчүн Сорос мырзанын көрсөткөн көмөгү бараандуу болду. Ошондон улам ачык коом идеясы биздин турмушубузга абдан сиңип, бекем таканчык алды.

Президент А.Акаев Ж. Сороско Борбордук Азиядагы эң мыкты университетке колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазылык билдирди. Таанымал финансисттин колдоосу менен КМШ өлкөлөрүнөн келген 43 студент бекер билим алып жатышканы, ал 300 студентке окуу акысынын кыйласын төлөп берип атканы айтылды. Булардан тышкары, айтылуу финансист Бишкекте Борбордук Азиядагы Америка университетинин конференц-борборунун жана студенттер жатаканасынын курулушуна кошумча акча бөлөөрүн билдирди.

Президент А.Акаев бул университет дүйнөлүк алдыңкы университеттердин тажрыйбасына таянып, билим берүүнүн сапатын жакшыртып, ушу тапта Болон декларациясында белгиленген кредит-саат системасын ийгиликтүү колдонуп жатканына токтолду. Мамлекет башчысы университетти тартынбастан эле «Борбордук Азиядагы Гарвард университети» деп атаса жарашаарын айтты.

Жорж Сорос Борбордук Азиядагы Америка университети кыска убакта көп нерселерге жетишип, дурус баага арзып келатканына токтолду. Университеттеги курч проблемаларды жаап-жашырбай ачык талкуулоо салтына ыраазы болгон Жорж Сорос, Борбордук Азиядагы Америка университетиндеги сөз эркиндигинин маанайын Кыргызстанга да таратуу зарылдыгын президент А.Акаевге өтүнүч катары айтканын, анысы колдоо тапканын отургандардын алдында ачыкка чыгарды.

- Кечээ мен сүйлөшүү маалында сөз эркиндигин, айкын-ачык талкууну университеттен башка жерлерде да, республиканын бардык аймагында жайылтуу зарылдыгын президентке айттым. Ал мага убада берди, - деди Жорж Сорос.

Ж.Сорос Бишкекте жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университетине Кошмо Штаттардын өкмөтү колдоо көрсөтүп, 10 миллион доллар бөлөөрүн, жеке өзүнүн кошумчасы 5 миллион экенин ачыкка чыгарды. Университеттин жаңы жатаканасынын жана конференц-борборунун курулушуна деп дагы кошумча 1 миллион доллар акча бөлөөрүн айтты. Дүйнөдөгү саналуу байлардын катарына кирген айтылуу финансист куттуктоо кебинин аягында бу турмушта акча деле керектигин, анын болгону жакшы экенин, бирок университеттин маанайы, духу андан бийик тураарын эскертти.

Салтанат маалында президент А.Акаев менен Жорж Сорос Кыргыз Республикасы менен Ачык коом институтунун кызматташтыгын ырастаган меморандумга кол коюшту.
XS
SM
MD
LG