Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

ИРАКТЫН ЖАШЫРУУН КУРАЛЫ ТАБЫЛА ЭЛЕКТИГИ ЖАҢЫ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЖАРАТУУДА


Нарын АЙЫП, Прага АКШ менен Британия Иракка каршы согуш баштаганынын себептеринин бири - анын кеңири кыруучу куралдарын таап-жоготуу болчу. Бирок согуш аяктагандан эки ай өткөндөн кийин дагы ал куралдын изи Иракта табыла элек жана эл аралык коомчулук ал тууралуу тынчсыздана баштады.

Иракка каршы АКШ менен Британия тараптан жүргүзүлгөн согуш - душманга озунуп сокку уруу деген идеяны ишке ашырды жана эми мындан ары кайсы бир өлкө башка мамлекетке кандайдыр бир коркунуч түзсө, ал экинчи мамлекет биринчи өлкөгө каршы сокку уруп, аны талкалап салса, Ирак маселесинин быйыл чечилген жолун жолдогон болот.

Эл аралык инспекторлор Ирак жергесинде 1990-жылдардын башында бир топ химиялык жана биологиялык курал тапкан жана Ирак өз элине да каршы, 1980-жылдарда Иран менен жүргүзгөн согуш учурунда да химиялык курал колдонгону белгилүү. Ал химиялык курал кийин кайда кеткени эмгиче белгисиз жана эгер Ирак жетекчилиги аны жок кылган болсо, андай жараянга эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүн чакырып, аларды күбө кылып алса, өзүнө эле жакшы болмок.

Бирок ал куралды согуш алдында эл аралык инспекторлор таппаганы - факт. Ага карабастан, Ирактын андай куралын таап-жоготуш керек деген АКШ президенти Жорж Буш менен Британия премьер-министри Тони Блэрди алардын өз өлкөлөрүнүн парламенттери колдоого алган, бирок Бириккен Улуттарда өткөрүлгөн талкууда америкалык жана британиялык өкүлдөр дүйнөлүк коомчулукка ал тууралуу жетиштүү далил көрсөтө алган эмес. Ошондуктан, Бириккен Улуттардын пикири - АКШ менен Улуу Британиянын жетечилиги кабыл алган чечимдерге каршы келген жана андан бир топ терең саясий кризис пайда болду.

Кээ бир эксперттер азыр - болор иш болду, Ирак согушу аяктап, анын диктатору бийликтен кулатылды, ага кубаныш гана керек деп айтууда. Бирок башка саясатчылар - согуш баштаар алдында америкалык жана британиялык жетекчилер өзүнө колдоо табыш үчүн, коомчулукка жана парламентке так эмес маалымат берип, өз максатына ансыз деле курч маселени ого бетер курчутуу аркылуу жеткен деп айтууда.

Мисал үчүн, 4-июнда Улуу Британия парламентинин Эл өкүлдөр жыйынында кызуу талкуу болуп, премьер-министр Тони Блэрге орчундуу күнөө коюлду. Кээ бир депутаттардын айтымында, Ирактагы абал тууралуу британиялык чалгындоо кызматы даярдаган докладга атайылап жалган маалымат киргизилип, эгер алдын албаса, Ирак 45 мүнөттүн ичинде биологиялык курал пайдаланып, чабуул башташы мүмкүн деген сөздөр жазылган.

Блэр андай күнөөнү четке кагууда жана кандай болбосун текшерүү жүргүзүүгө даяр: "Биргелешкен чалгындоо комитетинин жыйынтыктарын бурмалоого эч бир өкмөттүк кызматкер, эч бир министр эч качан эч кандай аракет жасаган эмес".

Анткен менен, британиялык эксперттердин айтымында, бул иш боюнча текшерүү болсо дагы, анын жыйынтыктары баары бир ачык жарыяланбайт. Бирок Эл өкүлдөр жыйынынын тышкы маселелер боюнча комитети азыр өз алдынча да тергөө жүргүзүүдө.

Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук чалгындоо агенттиги дагы азыр ушу сыяктуу тергөө иштери менен алек. Өткөн жылдын күз айларында өлкөдө атайын доклад даярдалган, анда - Ирак жетекчилиги ири өлчөмдөгү химиялык жана биологиялык куралга ээ жана жакын арада өзөктүк куралга да ээ болот деп жазылган. Кээ бир эксперттердин айтымында, ал докладдын айрым бөлүктөрүн Пентагон бурмалап, маалыматтарды апыртып жиберген жана ал - Иракка каршы согуш баштоо чечимин кабыл алууга өбөлгө болгон.

XS
SM
MD
LG