Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

ШРӨДӨРДҮН РЕФОРМАСЫ


Германиянын социал-демократиялык партиясынын чукул курултайы жакында канцлер Герхард Шрөдөрдүн кабинети сунуш кылган реформа программасын жактырды. Эми күзгө жуук документ парламенттин кароосуна коюлат. Партиялык курултайдын чечимин комментариялашкан бир катар немец гезиттери канцлердин саясий ыкыбалы, аны менен бирге социал-демократтардын бийликтеги ыкыбалы күздө чечилет деп жазышты.

Өткөн жекшембиде болуп өткөн партиялык чукул курултайда канцлер Шрөдөр дээрлик бир сааттай сөз сүйлөдү. Буга аны бир жагынан өлкөдөгү жалпы жагдай, экинчи жактан социал-демократтар арасындагы ич ара талаш-тартыштар мажбурлады.

Германияда экономика иш жүзүндө өнүкпөй калды. Биз муну моюнга алышыбыз керек, - деп айтты канцлер. - Жумушсуздардын саны төрт миллиондон ашты. Бу жерде экономикалык себептерден тышкары структуралык проблемалар да бут тушаган олуттуу факторго айланды. Атап айтканда, өкмөт жыл сайын бюджеттин 62 процентин жалаң социалдык сарптоолорго жана мамлекеттик карыздарды жапканга карыштайт. Ошондуктан кабинет баарыдан мурда дал ушул чөйрөдөгү чыгымдарды кыскартууну – жумушсуздарга бериле турган жөлөкпулдун өлчөмүн төмөндөтүп,медициналык төлөмдөрдү азайтууну сунуш кылууда. Бу жагынан баары мурдагы бойдон калууга тийиш деп ойлогондор катуу жаңылышат, деп эскертти канцлер.

Канцлердин соңку сөзү биринчи кезекте социал-демократтардын сол канатындагы партиялаштарына арналды. Өлкөнүн мурдагы финансы министри Оскар Лафонтен, ички оппозициянын лидери Оттмар Шрейнер жана башка социал-демократтар канцлерди кабинет даярдаган реформанын планынан баш тартууга чакырышкан эле. Алардын позициясын СДПГнын электораттык базасын түзгөн эң ири профсоюздар колдоп чыгышты. Шрөдөрдүн партиялаш оппоненттери социалдык төлөмдөрдү кыскартканда өзүнөн-өзү эле жаңы жумушчу орундар түзүлүп калбай тургандыгын айтышып, мунун ордуна кошумча мүлк салыгын киргизүүнү сунуш кылышты. Жарга такалып,айласы куруган канцлер акыркы көзүрүн колдонгонго мажбур болду: эгер партия өкмөттүн реформалык программасын колдобосо, анда кабинет башчылыгын тапшырып,кызматтан кете тургандыгын эскертти. Натыйжада реформа маселесинде партиянын бир жаңсыл позициясын аныктап алуу максатында кезексиз курултай чакырылган эле.

Конференция алдында өкмөт партиянын карапайым мүчөлөрү арасында активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондон улам курултайда Шрөдөрдүн реформалык программасын жактап делегаттардын 90 проценти добуш берди. Көпчүлүк немец гезиттери белгилешкендей,социал-демократтардын түпкүлүгүндө мындан башка аргасы да жок эле. Кокус канцлердин реформасы партконференцияда колдоого алынбаганда Шрөдөр кызматтан кетмек да, өлкөдө жаңы шайлоо өткөрүлүп, СДПГ бийликти алдырмак. Деген менен байкоочулардын көбү Шрөдөр бар болгону биринчи кыядан гана өттү дешет. Алдыда аны күрдөөсү кыйын экинчи дабаан күтүп турат: августтун этегинде өкмөттүн программасы бундестагда каралат. Парламенттин жогорку палатасын оппозициядагы христиан демократтардын блогу контролдоп турганын эске алганда, эрте күздөгү талкуулар жеңил болбойт дешет. Анын үстүнө социал-демократтардын курултайынан кийин партиянын «оппортунисттик» канаты пайда болду. СДПГнын он эки депутаты күзгү сессияда канцлерге анык саясий «кыл көпүрө» камдаганга кесенип жатышат. Профсоюздар болсо социал-демократтардын партиялык курултайынан соң жаңы акцияларды баштады: өлкөдө кенчилер менен металлургдар забастовкага чыгышты.

Эксперттер болсо жакынкы келечекке мындан да жаман прогноздорду айтып жатышат. Алардын эсебинде, эмдиги жылдын баш ченинде Германияда жумушсуздардын саны беш миллионго жетиши мүмкүн, экономика керагар кете баштайт. Социал-демократтардын калк арасындагы саясий бедели ылдыйлап отуруп,быйыл жыл этегинде бар болгону 20 процентке барабар болуп калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG