Жума күнү орусиялык үн алгы, сыналгынын эртең мененки берүүлөрү Грозный калаасынын 3-микрорайонунда жайгашкан турак үйдүн жарылышын кабарлоо менен башталды. 1999–жылдын этегинен тартып жүргөн Чеченстандагы жарыяланбаган согуш тууралуу маалыматка орусиялыктар жедеп көнгөндүктөн, бул кабарды алар бейөөн угушту десек жаңылышпайбыз.
Чечен-орус кармашы аябагандай ташбоор, абдан ырайымсыз болууда. Көз каранды эмес бпайкоочулар мындай ырайымсыздыкка эки тараптан тең жол коюлуп жатканын белгилешүүдө.
Бул күндөрү аймакта жүрүп аткан кармаштын кайсы бир фактыларына кайрылалы:
5-июнда Моздокто жанынан кечкен аял койнуна бомба катып келип, учкучтар бараткан автобусту жардырды. Андан набыт болгондордун саны 15 кишиге жетти.
30–майда Грозный калаасында эл ташуучу автобус жардырылды. Андан 3 адам курман болуп, 10 киши жарадар болду.
Ошол эле күнү Бас-Гордалы калаасында федералдык аскерлер бараткан кара машинелердин бири радио толкуну менен башкарылуучу бомба менен жардырылды.
27-майда орусиялык тарап ичине 8,5 тонна жарылгыч зат шыкалган кара май тартчу 2 «КамАЗ» машинени кармап, жок кылды. Бул унаанын чыныгы кожоюндарынын ким экени беймаалым.
20–майда Ахмат Кадыровго кол салуу аракети болду.
19-майда Гүдермес районунда жанынан кечкен бир нече аял эл чогулган жерде өздөрүн өздөрү жардырып өлүштү. Ал жолу да өмүрүнөн ажырагандар менен жарадар болгондордун саны абдан көп болду.
17-майда Знаменское кыштагындагы жардыруудан 60 киши курман болду…
Бул тизмени уланта берүүгө болот. Бул фактылардын артында чечен козголоңчуларынын колунан эмне келээри, эки тарап тең эмне иш-аракетке барып жатканы айкын болуп турат. Эң негизгиси - бул окуялар Орусиялык бийлик айтып келаткан Чеченстандагы бейкутчулуктун иш жүзүндө эч орной электигинен кабар берип турат.
Эми бейшемби түнү жарылган 5 кабат тамга келсек, расмий чөйрө таркаткан маалымат боюнча Грозный калаасындагы бул имарат ашканада тамак бышыруу үчүн жагылуучу газдын жарылып кетишинен улам болгон. Ошол эле учурда башкалаа тургундарынын айтканына караганда, мындай пикир - натуура. Маселен, грозныйлык тургундардын бири мындай деди:
«Жарылуунун табияты бизди күмөн санатат. Мына өзүңүздөр көрүп турасыздар, жарылган тамдын дубалынын урандылары 50 метрдей жерге дейре урап түшкөн. Ушул кантип газ жарылгандан болсун? »
Чынында эле 5 кабат тамдын бир өңүрү 4-кабатына дейре эңшерилип, урап түшкөн. Маалыматтарга караганда, бери дегенде 11 киши бөйдө ажал тапкан.
Бул үйдүн тургундарынын айтымында, там жарылаардан мурда ошол көчөдө атышуу болгон. Сыягы, белгисиз тараптардын бири аткан снаряд имаратка тийсе керек, дешет алар.
Чеченстандагы адам укуктарынын одоно бузулушу тууралуу улам жаңы маалыматтар түшүүдө. Маселен, ушул тапта орусиялык коопсуздук күчтөрү менен жергиликтүү (“кадыровдук”) милиция Чеченстандын эгемендигин жактаган чечендерди түнкатып келип, кармап кетип жатканы айтылууда. «Хьюман Райтс Вотч» ("Human Rights Watch") уюму ("Frankfurter Rundschau", 05.06.2003, Diderik Lohman) «ар бир айда 60ка чукул чечен уландары кармалып кетип, ошол бойдон жок болуп жатканы” тууралуу өз тынчсыздануусун билдирди.