Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

ИРАК ЭЛИНИН КОЛУНДАГЫ КУРАЛ ЧОГУЛТУЛА БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы согуш аяктаганы менен, анын аймагында азырынча мыйзамсыз курал табыла элек, элдин колундагы куралды өкмөткө өткөрүү үчүн атайын мунапыз да жарыяланды. Бириккен Улуттардын инспекторлорунун мурдагы башчысы Ханс Бликс болсо Коопсуздук Кеңешине кайрылып, Ирактын кеңири кыруучу куралы тууралуу чындык эми ачыкка чыгыш керек деп билдирди.

Ирактын кеңири кыруучу куралдарын издеп табуу максатында түзүлгөн акыркы инспекторлор тобун швециялык дипломат Ханс Бликс жетектеген жана ал топ Иракта өткөн жылдын ноябр айынан тартып төрт ай иштеген. Бул аралыктын ичинде Бликс Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин алдында эки жолу отчет берген, бирок эки жолу тең - азырынча Иракта эч кандай мыйзамсыз курал табылган жок деп билдирип, АКШ жетекчилигинин жинине тийген.

Ошондуктан, согуш аяктагандан кийин, Бликстин инспекторлорунун Иракка кайрадан кайтып келишине Вошингтон уруксат берген жок. 5-июнда болсо Бликс Коопсуздук Кеңешинде чыгып сүйлөп, Ирактын куралы тууралуу чындык эми аныкталып, ачыкка чыгыш керек деп билдирди: "Иракта орногон жаңы тартипке мен ишенем, курал жөнүндө маалымат билген адамдар менен азыр эркин жолугуп-сүйлөшсө болот жана алар өздөрү дагы эч нерседен коркпостон, баарын жашырбай айтып бере алат. Ошондуктан азыр - Ирактын мыйзамсыз куралы тууралуу толук маалымат таап, чындыкты аныктоо мүмкүн".

Согуш аяктаганына эки ай толгону менен, бирок, Ирактагы америкалык жетекчилик ал куралдын изин таба элек. Кээ бир экперттердин айтымында, Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийин өлкөдө башталган ченемсиз карактоолордон - кээ бир аскерий ишканалардагы өзөктүк заттар да уурдалып кетиши мүмкүн, ошондуктан Вошингтон Иракка кээ бир эксперттердин кайтып келишине уруксат берди. 6-июнда Багдадка Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жети адиси келип, Тавайта шаарындагы ишканадагы абал менен тааныша баштады. Анткен менен Ханс Бликстин тажрыйбалуу инспекторлорунун Иракка кайтып келүүгө азырынча мүмкүнчүлүгү жок.

1-июнда болсо Ирактагы америкалык башкаруучулук курал мунапызын жарыялады. Анын эрежелерине ылайык, эки аптанын ичинде ким болбосун өзүнүн колундагы мыйзамсыз куралды бийлик өкүлдөрүнө өткөрүп бере алат жана аларды мурда пайдаланганы үчүн эч жооп бербейт. 14-июндан кийин болсо катталбаган курал алып жүргөндөр кармалып соттолот жана аларга бир миң доллардан айып салынып, кээ бирлери бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эксперттердин эсебинде, азыр элдин колундагы куралдын саны үч миллионго жетет, биринчи июндан бери болсо бүткүл өлкө боюнча 300 гана курал бийликке өткөрүлүп берилди. Өлкөнүн кээ бир аймактарында эмгиче толук тартип орной элек жана кылмыштуу топтор элди карактоону улантууда. Ошондуктан колундагы куралды бийликке өткөрүп бергендер каракчылар алдында эч коргоосуз калышы мүмкүн.

Эл колунда курал көп болгону менен, тартип орнотуп жаткан полиция курал жагынан тартыштыкта. Мисал үчүн, Багдад калаасынын бир аймагынын полиция башкармалыгында эки миң адам иштейт жана алардын колунда 450 Калашников автоматы менен 500 тапанча гана бар. Шаар көчөлөрүндө болсо куралды эмгиче ачык эле сатып алса болот, бир Калашников 70 доллар, бир граната болсо үч доллар турат.

Эл куралын тапшырбай жатканынын дагы бир себеби - ага жарыяланган мунапыздын шарттары так эмес экендигинде. "Нью-Йорк Таймс" гезити жазганга караганда, америкалык аскерлер азыр Багдаддын үйлөрүн кыдырып, курал чогултууда жана алар ар бир үй-бүлөгө бирден Калашников калтырып жатат.

XS
SM
MD
LG