Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Кыргызстанда Венгриянын делегациясы келди


БИШКЕК, ТАЛАС. Кыргызстанга кечээ Будапешт шаарынын мэри Габор Демски менен Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Ене Борош келишти. Башкалаанын 125 жылдыгына карата Бишкектин мэри Медетбек Керимкуловдун чакыруусу менен келген венгриялык коноктор жекшемби, дүйшөмбү күндөрү борбордогу маданий жайларды кыдырып, Бишкектин мэри менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшөт. Ал эми бүрсүгүнү Ене Борош тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков менен жолугушуп, эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча пикир алышат. Бул тууралуу маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинен алынды.
Түпкү теги Талас менен байланышкан Габор Демски баштаган Венгриянын делегациясы Таласка Ташкенден кечээ түштөн кийин келип, аларды губернатор Искендер Айдаралиев кабыл алды. Андан соң «Манас Ордо» комплексинде меймандарга алар куштарланган көкбөрү оюну көрсөтүлдү. Бүгүн Габор Демски Талас шаарынын четиндеги Кумарык айылында болду. Бул айылда 1927-жылы анын атасы Рудольф төрөлгөн экен. Чоң атасы болсо 1920-жылдары Интергельпо аркылуу Таласка жиберилип, бул аймакта нан, май, черепица чыгаруучу цехтерди куруп, немец тилинде мектеп ачкан. Габор Демски атасы туулуп-өскөн Бешташ өрөөнүн кыдырып көрдү. Будапешт мэринин Таласка бул экинчи келиши. Былтыр келгенде анын атасы төрөлгөн үй оңдолуп-түзөлүп, мемориалдык такта илинип, айылдагы бир көчөгө анын чоң атасынын ысымы ыйгарылган болчу.

XS
SM
MD
LG