Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

КАБУЛДА БОМБА ЖАРЫЛЫП, АСКЕРЛЕР НАБЫТ БОЛУШТУ


Ишембиде Кабулда немец аскерлерин ташып бараткан автобустун жанында бомба жарылып, алты киши курман болуп, 10дон ашуун адам жараат алышты. Ушул аптада Британияга сапарлап барган ооган президенти Хамид Карзай Ооганстанда бирин-серин куралдуу топтор ар башка аймактарда чакан кол салууларын улантууда, азырынча өкмөттүн аларды биротоло басууга кудурети жетпейт деп билдирген.

Соңку кабарларга караганда, эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн аскерлери автобуста Кабулдун чыгыш тарабын көздөй бараткан жерден ага чукул токтотулган жеңил машинедеги бомба жардырылган. Окуя болор замат Кабулдун полиция башчысы Басир Саланги бомба ал жердеги бажы кызматынын имаратын жардырууну көздөгөн десе, тергөөчүлөр чабуул – чет элдик аскерлерди ташып бараткан автобусту бутага алган деген алгачкы тыянагын маалымдашты. Кабул жана анын чет жакаларында жайгаштырылган 4600дөй аскерден турган эл аралык коопсуздук күчтөрүн азыркы тапта Германия менен Голландиянын биргелешкен бөлүгү жетектейт. Кабулдан келген кабарлар боюнча, жардыруудан автобуста бараткан 4 немец аскери жана дагы 3 адам набыт кетип, кеминде 11 киши жаракат алышты. Окуядан көп узабай Кабулдагы немец жана голланд аскерлеринин командачылыгы жайгашкан имараттын жанына германиялык дарыгерлерди салган учак келип конду. Жардыруу орун алган аймакты ооган полициясы тегерете курчап, машине эмес, жөө кишилерди да өткөрбөй кайтарууга алды.

Байкоочулардын айтымында, ишемби күнкү жардыруу – талибдердин бийлиги кулагандан бери Кабулдагы чет элдик аскерлерге жасалган эң ири чабуул болуп калды. Ага чейин ар кандай техникалык кырсыктардан баш-аягы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн 15 аскери кайтыш болгон.

Май айында Ооганстандагы бейпилдик озуйпасын аткарып бүткөн 62 испан жоокерин мекенине ташып бараткан самолет Түркияда кулап, андагы аскерлердин баары өлүмгө учураган. 29-майда аскерий машине минага жарылып, бир немец аскери өлүп, экинчиси жарадар болгон. Марттан бери Кабулда эл аралык коопсуздук күчтөрүнө 4 гранаталык чабуул жасалып, бир нече чет элдик аскер жараат алышкан.

Германия менен Голландия Кабулдагы эл аралык коопсуздук күчтөрүн жетектөө милдетин август айында НАТОго өткөрүп бермекчи. Ошондон тарта көп улуттуу бейпилдик күчтөрүнүн курамындагы немец жана голланд аскерлерин даниялык 2000ге жакын жоокер алмаштырат.

Ушул аптада Лондонго расмий визит менен барган Ооганстандын президенти Хамид Карзай журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Усама бин Ладендин тирүү, же өлүү экенин эч ким билбейт, ал эми анын ал-каидачылары ар башка аймактарда куралдуу чабуулдарын улантууда деп билдирди. Ооган лидери ондогон жылдардан берки согуштардан улам карапайым калктын колунда курал-жарак көп болгондуктан, азырынча бардык региондордо кол салуу, атышууларды токтотуп-тыюуга өкмөттүн, ал эмес өлкөдөгү эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн да кудурети жетпейт деп белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG