Белгисиз жанкечтинин автомобили тынчтык миссиясын аяктап мекенине кайтып бараткан германиялык жоокерлерди тарткан автобуска эмне үчүн жакын кое берилгени белгисиз.
Суроонун өзү Ооганстандын башка бөлүктөрүнө караганда коопсуз эсептелген Кабулдагы тынчтык шаардагы 5 миң колдуу эл аралык аскерлердин айбаты менен сакталып турганын жана өлкө үчүн негизги маселе-коопсуздук экенин дагы бир ирет эл аралык коомчулуктун эсине салды.
Германиянын Коргоо министри Петер Штруктун сөзүнө караганда, немес жоокерлерин тарткан автобусту жардырууга “Ал-Каида” уюму жооптуу.
“Менин ооган коллегаларым...чабуулдун артында “Ал-Каида” турганын ырастаган далилдер бар экенин билдиришти” деди Штрук Германиянын ZDF телевидениесине берген интервьюда. Ага мындай маалыматты Ооганстандын Коопсуздук министри Мохаммед Фахим берген.
Германиянын канцлери Герхард Шрөдер чабуулду “карасантайлык” катары баалады. “Бул сындуу чабуулдар 20 жылдан узакка созулган согушта бүлүнгөн өлкөдө тынчтыкты орнотуу аракетин токтотууну жана өлкөнү кайрадан баш-аламандыкка түртүүнү көздөйт” деп эсептейт Шрөдер.
Британиядагы ырасмий сапарын аяктап келген Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн төрагасы Хамид Карзай немес жоокерлерине каршы чабуулду “ооган элинин жана адамзаттын душмандарынын террордук иши” деп мүнөздөдү.
Карзай Британиядагы визити маалында ислам экстремисттери мындан ары анын өлкөсүндө ири масштабдагы операцияларды өткөрө албайт деген болчу.
Мурдараак, май айынын аяк ченинде, АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелд да Ооганстанда туруктуулуктун жана кайра куруунун доору башталаганын, өлкөдө эми ири кагылышуулар болбосун жарыя кылган.
Бирок, талдоочулар коопсуздук Ооганстан үчүн негизги проблема деген пикирде.
Түштүк Чыгыш Ооганстанда талибдер менен алкаидачылардын калган-каткан бөлүктөрү дале активдүү. Алар өкмөттүк аскерлер менен АКШлык күчтөргө үзбөй кол салып турушат.
Өткөн жумада АКШлык аскерлер башындагы коалициялык күчтөр түштүк чыгыштагы Пактия провинциясындагы тоолуу аймактарда талибдер менен алкаидачыларга каршы эки операцияны башташты.
Шаршемби күнү Пакистандын чек арасына жакын жерде болгон согушта өкмөттүк аскерлер талиптердин 40 жоокерин жок кылды.
Эл аралык коопсуздук күчтөрү жайгашкан Кабулда өлкөнүн башка бөлүктөрүнө салыштырмалуу тынч. Чет элдик аскерлер болбосо, борбор шаарда тынчтык болбосун карапайым эл жана өлкө жетекчилиги жакшы түшүнөт.
Ушундан улам Хамид Карзайдын өкмөтү көп улуттуу аскерлерди провинцияларга да жайгаштырууну эл аралык коомчулуктан дембе-дем суранып жүрөт.
Карзайдын өкмөтүнө каршы күчтөрдүн кол салуулары Ооганстандын түштүк аймактарын минадан тазалоону, жолдорду калыбына келтирүү жана көпүрөөлөрдү оңдоо сыяктуу иштерди токтотууга мажбур кылууда. Жергиликтүү лашкер башчылар менен уруу башчыларга баш ийген 100 миңге жакын адамды куралсыздандырып, аларды курулуш иштерине тартууга да тоскоол болууда.
Дүйнөлүк банктын Ооганстандагы өкүлү Уильям Бөрддүн айтымында, коопсуздук Ооганстанды жакын аралыкта калыбына келтирүү ишиндеги өтө маанилүү проблема. Ошондуктан, Бөрд бир нече күн илгери жасаган билдирүүсүндө: “Эл аралык күчтөр гуманитардык же кайра куруу иштерине көмөктөшкөндөн көрө, тынчтыкты сактоо жана элдин коопсуздугун жакшыртууга көп көңүл бурушу шарт”,-деп белгилеген.