Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:50

КЫРГЫЗСТАНДА «АКЫЙКАТ ЖАНА ПРОГРЕСС» ПАРТИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ


Азиза Турдуева, Бишкек «Акыйкат жана прогресс» аттуу жаңы саясий партиянын башында өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев турат. Ал эми анын саясий кеңешине Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар, интеллигенциянын, ишкер чөйрөнүн белгилүү өкүлдөрү кирет. Маселен, анын курамында мурдагы мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаков, белгилүү окумуштуулар Салижан Жигитов, Арон Брудный жана башкалар бар.

Партиянын программалык максаттары - мамлекетти ырааттуу өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, Кыргызстанды эркин, бардар жашаган, билимдүү адамдардын өлкөсүнө айландырууга көмөктөшүү. Партиянын лидерлери белгилешкендей, экономикалык жактан күчтүү мамлекет гана ѳзүнүн жарандарын социалдык жактан жетиштүү камсыздай алат. Буга жетиш үчүн ириде мамлекеттин экономикасын чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоону жакшыртуу, жарандардын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Социалдык тармакта партия калктын кызыкчылыгына негизделген акыйкат социалдык саясат жүргүзүүнү көздөйт. Мамлекеттин тышкы саясаты болсо, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо жана эл аралык окуяларга ийкемдүү мамиле кылуу аркылуу жүргүзүлүшү керек.

Партиянын программасында айтылгандай, өлкөнүн ѳнүгүшүн, акыйкатты жана прогрессти шарттаган негизги факторлордун бири - калктын руханий баалуулуктарын калыптандыруу. Мындан тышкары, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын кѳз карашында, Кыргызстанда күчтүү ички жана тышкы коопсуздукту сактоо системасы түзүлүшү зарыл. Буга байланыштуу партиянын лидери Муратбек Иманалиев мындай дейт:

- Маданий баалуулуктарды калыптандыруу маселесине биз жетиштүү көңүл бѳлбөй келебиз. Ал эми бул өлкөнүн социалдык-экономикалык, коомдук-саясий системаны түзүүдөгү негизги факторлордон. Бизде жаңы руханий баалуулуктар өзүбүздүн салт-санаабыздын, үрп-адатыбыздын негизинде калыптанышы керек. Маданий баалуулуктарды калыптандыруу - биздин алдыбызда турган негизги маселелердин бири. Мындан тышкары, бүгүн көпчүлүк өлкөлөрдө тышкы коопсуздук маселеси бар. Ар бир мамлекет өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууга даяр болушу керек. Республикага мыкты армия, коррупцияга, терроризмге жана кылмыштуулуктун башка түрлөрү менен күрөшүүгө жөңдөмдүү, репрессиялык ыкмалар менен эмес, мыйзамдардын негизинде иштеген милиция жана прокуратура, көз карандысыз, чынчыл сот органдары керек. Коррупцияга каршы күрөш - биздин негизги максаттарыбыздын бири.

Партиянын башкы максаттарына ошондой эле жаштардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга шарт түзүү, аялдардын коомдо жана мамлекетте ээлеген ордун жогорулатуу да кирет. Партия өзүнүн программалык максаттарын ишке ашырууда жаштарга, атамекендик өндүрүшкө жана аялдарга таянмакчы. Партиянын курамында азыр миңге жакын мүчө бар.

XS
SM
MD
LG