Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

«Хизбут-Тахрирдин» мүчөсү катары Москвада кармалган адам кыргыз жараны эмес


БИШКЕК. Кечээ «Хизбут-Тахрир» партиясынын Москвада кармалган 55 мүчөсүнүн арасындагы кыргыз жараны Алишер Мусаев деп кармалган кишинин колундагы паспорт жасалма болуп чыкты. Демек, ал Мусаевдин паспортун пайдаланып жүргөндүгү аныкталууда. Ал эми паспорттун чыныгы ээси Алишер Мусаевдин ким экенин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы аныктоодо. Бул тууралуу УККнын маалымат кызматынын өкүлү Чынара Асанова билдирди. Тыюу салынган диний уюмдун Москвада кармалган мүчөлөрүнөн курал-жарак, баракчалар табылгандыгын орус маалымат каражаттары кабарлаган. Орусиянын Жогорку Соту быйыл февраль айында «Хизбут-Тахрир» уюмун террордук уюмдардын тизмесине киргизип, анын Орусияда иш жүргүзүшүнө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG