Буга чейин сот чечимине ылайык «Свободные горы», «Политика», «Ордо» гезиттери жабылып, оңбогондой оор айыппулдарды төлөй албай «Кыргыз ордо», «Асаба» гезиттери банкрот болушкан. «Моя столица» гезитинин ар бир нускасы алтынга бааланганда деле Бишкектин Ленин райондук сотунун чечимине ылайык 4 миллион сомду төлөп бериши кыйын. Непадам, гезиттин иши жүрүшүп, ити чөп жеп калганда өлкөнүн өкмөт башчысы ишкердик бедели, адамдык ариет, арнамысы үчүн ашык-кеми жок 1 миллион сом алмак. Моралдык зыяны үчүн Ички иштер министрлиги 100 миң сомдуу болуп калмак. Гезит кыйладан бери салык төлөбөй авиакеросин ташып, пайдага туйтунуп келаткан «Мерлисайд» фирмасынын ишин тыкыр текшертүүнү талап кылса, соттук териштирүүнүн жыйынтыгында мамлекеттин камын ойлогон басылма ашык-кеми жок 500 миң сом айыппул төлөмөр болуп отурбайбы.
- «Моя столица» гезитинин айланасындагы иштер логикалык жыйынтыгына келип такалды. Бийлик көксөгөнүнө жетти, гезит эми чыкпайт, - деп билдирди 11-июндагы басма сөз жыйынында басылманын башкы редактору Александр Ким. Башкы редактордун пикиринде, гезитти жабуунун сыры бийлик менен коррупцияга байланыштуу.
- Белгилүү бир чек бар, - дейт Александр Ким. Президентти, анын үй-бүлөсүн сындоого болбойт. Жогоруда отургандардын коррупциясына да сөз тийгизбеш керек. Гезит алар тууралуу коркпой жаза баштаганда эле ортодон кысым чыгат. Жыйынтыгы белгилүү - гезиттерди жаба башташат. Биз гезитти жаап жатабыз. Бүгүн Ленин райондук сотунан гезит банкрот болгондугун ырастаган кабар алдык.
Башкы редактордун айтымында, гезиттин чыгармачыл жамааты кыйла мээнет менен бутуна тургузган басылманын ордун жоктотпой, жаңы гезит чыгаруу аракетин көрмөкчү. Бирок ал кандай аталышта, качан чыгаарын Александр Ким тактаган жок.
«Моя столица» гезитине каршы берилген соттук доо-арыздарды териштирүүгө катышкан адвокат Сергей Воронцов эмнеликтен «Мерлисайд» фирмасынын салык төлөбөгөнү укуктук жактан териштирилбей, аны жазган гезит айып тартканына таң калганын жашырган жок.
- Кызык жагдай болуп атат, - дейт адвокат. - Каракол шаарында ушундай эле салык төлөбөй койгондугу үчүн кылмыш иши козголду. Бюджетке түшпөй калган миллиондогон сом үчүн кылмыш ишин козгошту. Былтыр июнда гезитке каршы Ленин райондук сотуна арыз берилген. Доо-арыз жылдын аягында гана каралды. Быйыл январь айында судья гезит мүлкүн тартып алыш үчүн аныктама чыгарып, аткаруу барагына кол коюп отурат. Биз анда сотто жоопкер тарап гана болчубуз. Соттук аткаруу барагын Бишкек шаардык соту бекитип берген.
Сергей Воронцовдун айтымында, сот чечимин аткаруучулардын 23-майдагы «Моя столица» гезитинин бардык нускасын тартып алууга акысы жок эле. «Адвокат» гезити төлөп берчү 5 миң сомдук айыппулга жетерлик гезит нускасын гана тартып алып, калганына тийбеш керек болчу.
- Мунун баары президенттин саясий эркине жараша чечилчү маселе, - дейт Александр Ким. - Анткени көптөгөн экономикалык проблемалар анын үй-бүлөсүнө байланышкан. Биздин чыгармачыл жамаат кандай гезит чыгарса да, терең талданган экономикалык иликтөө дайыма болмокчу.