: Азыркы парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны өкмөттүн курамын бекитүү укугуна ээ. Жаңы Башмыйзамга ылайык бир палаталуу парламентке бул ыйгарым бир аз кеңири берилди. Башмыйзамда парламент президент дайындаган өкмөт мүчөлөрүн бекитээри жазылганы менен, өкмөт тууралуу мыйзамга мындай норма киргизиле элек. Бул багытта кыргыз өкмөтү өзү даярдаган долбоор менен Мыйзам чыгаруу жыйынына келди. Айрым депутаттардын баамында, кыргыз өкмөтү бул мыйзамды жазууда өз көмөчүнө күл тарткан учурлары байкалат. Азырынча талкуу баштала элек. Бирок, эмитен өкмөттүн сунуштарын таптакыр туура көрбөгөн депутаттардын катары өсүүдө. Башмыйзамдын 63-беренесине ылайык премьер-министрлик орунга президент сунуштаган адамды 3 жолу парламент бекитпей койсо, Жогорку Кеңеш тарайт. Бул норманы кыргыз өкмөтү кеңири пайдаланууга дилгир. Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун айтымында, өкмөттүн долбоору боюнча президент парламентке өкмөт мүчөлөрүнүн тизмесин жөнөтөт. Ошол тизмени депутаттар бир добуштан бекитет же четке кагат.
- Парламент өкмөттүн курамын тизме менен эле бекитип бергени туура. Иштегенине жараша ар бир министрге депутаттар каалаган убагында баа бере алышат. Кийин кайсы бир министрге ичи чыкпай атса, парламент ишеним көрсөтпөй коюуга толук укуктуу эмеспи, - дейт Курманбек Осмонов.
Өкмөт алып келген мыйзам долбооруна ылайык, эгер парламент өкмөт курамынын тизмесин 3 жолу көшөрүп бекитпей койгон күндө, Жогорку Кеңеш Башмыйзамдын 63-беренесинин 2-бөлүкчөсүнө ылайык тарашы керек. Мындай сунушту айрым депутаттар кыжырдануу менен кабыл алышты.
- Өкмөттүн ушундай бир жаман адаты бар - өз кызыкчылыгына келгенде беш манжасын тең салып иет. Министрди дайындатпай койсок эле парламент тарап кетиши керек экен. Ал кандай алмашкыс кадр, бүт Жогорку Кеңешти отставкага кетирген? - дейт депутат Өмүрбек Текебаев.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын көбү тизме менен өкмөттү дүңүнөн шайлабай, ар бир министрге өзүнчө мамиле жасап, депутаттардын таразасына бирден коюуну жакташууда. Депутат Абсамат Масалиевдин пикиринде, «өкмөт мүчөлөрү тизме менен тагдырын чечкидей акциздик салык эмес, министрлер деген тирүү кишилер». Ал эгемен Кыргызстандын тарыхында министрди президент үч жолу сунуштаса, үч жолу тең парламент өткөрбөй койгон эки учурду эскерди.
- Мурунку чакырылышта финансы жана айыл чарба министрлерин өткөрбөй койгонбуз. Аскар Акаев эртеси өзү келип суранса да баш тартканбыз. Себеби ал адамдар жөнүндө колубузда жагымсыз фактылар бар болчу. «Бул адамдар мамлекетке иштеп бере албайт» деп кесе айтканбыз. Жогорку Кеңешке мындай мүмкүнчүлүктү бериш керек, бирок өкмөттүн «парламент тизмени 3 жолу бекитпесе тарайт» деген нормасына каршы болуп атабыз, - дейт Масалиев мырза.
Өкмөт тараптан талкууга биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун катышуусу күтүлөт. Мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жетекчиси Абсамат Масалиевдин айтымында, депутаттар өз турумунан кайтпайт. Бирок, өкмөткө убагында иши түшкөн депутаттар колдобой коюушу деле ыктымал. Масалиев мырза «бийликтин шыкагы жана кол кабышы менен мандатка жеткен депутаттар бул мыйзамдын талкуусунда кошоматчылык кылышат го» деп боолголойт.
Деги эле бийлик бутактарынын ичинен парламент менен өкмөттүн ортосунда билинбеген тирешүү сакталып келет. Бул мыйзамдын талкуусунда эки тарап тең өз оюнан кайтпаганга аракет кылаары дайын. Ал эми бир палаталуу парламент болгуча өкмөттүн дайындалышына Эл өкүлдөр жыйыны катышып турмакчы.