Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ДИПЛОМАТИЯЛЫК ИШ-АРАКЕТТЕР


Баян Жумакадыр кызы, Прага Американын президенти Жорж Буш Жакынкы Чыгыштагы кандуу калабаны токтотуу максаты менен регионго тажрыйбалуу дипломатын жибергени жатат. Жон Вольф тынчтык пландын ишке ашырылышына көзөмөл жүргүзө турган америкалык топко жетекчилик кылмакчы.

Жакынкы Чыгыш азыр Вашингтондогу Ак Үй алпурушкан негизги тема болуп калды.12-июнда Президент Жорж Буштун коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс аймакта тынчтыкты орнотуу маселеси - учурда АКШ администрациясынын негизги максаты болуп калганын билдирди. Лос-Анжелесте сүйлөгөн сөзүндө ал президент Буш Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн чечкиндүү чараларды көрө турганын айтты.

- Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуу - АКШнын эң негизги максаты болуп калды. Биз тараптарга жардам беребиз, бирок эң оор ишти алар өздөрү аткарууга тийиш.

Ишемби күнү Жорж Буш Жакынкы Чыгышка тажрыйбалуу дипломатын жибергени жатат. Жон Вольф тынчтык пландын ишке ашырылышына көзөмөл жүргүзө турган америкалык өкүлчүлүккө жетекчилик кылат. 33 жылдык дипломаттык тажрыйбасы бар Вольф түз эле Иерусалимге барып, Израилдин жана Палестин автономиясынын премьер-министрлери Ариэль Шарон жана Махмуд Аббас менен жолугушат. Сүйлөшүүлөр АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Дэвид Заттерфиилддин катышуусу менен өтмөкчү. Вольф жетекчилик кылган топ АКШ, Орусия, Европа Шериктештиги жана Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен иштелип чыккан "Жол көрсөткүч карта " деп аталган тынчтык пландын ар бир кадамынын ишке ашырылышына тыкан көзөмөл жүргүзөт. План боюнча Израил Палестин Автономиясынын аймактарында мыйзамсыз курулган кыштактарды өзүнүн аймагына көчүрөт. 2005- жылы Палестин автономиясынын аймагында Эгемен Палестин мамлекети пайда болот.

Бирок бир жумадан бери ыкчам аракеттер менен ишке ашырыла баштаган бул планга көптөгөн жөөттөр менен палестиндер нааразы. Жөөттөр көчмөндөр үй-жайынан ажыратылып, күчкө салып көчүрүлүп жатканына жана тынчтык планга караманча каршы болуп, террорду улантып жаткан согушкер палестиндерге кыжырданышса, “Хамас” сыяктуу радикалдуу көз караштагы палестин топтору эгемен палестин мамлекети жөөт өлкөсү менен кошуна болоору тууралуу сунушка келишкиси келбейт. Карапайым палестиндер болсо израилдик аскерлер “Хамас” радикалдуу согушкер тобун жок кылуу ураанынын капшабы менен бейкүнөө элди өлтүрүп жатат деп нааразылык билдирүүдө.

Ушул жумада Иерусалимде болгон жардыруу менен израилдик аскерлердин Газага сокуу урушу палестиндер менен жөөттөр канчалык өчөшкөн абалда экенин дагы бир жолу бышыктады.

Буштун администрациясы Израилдин Хамаска каршы жасап жаткан аскердик жүрүштөрүн негизинен колдоодо. Ошол эле маалда президент Буш рейд маалында бейкүнөө карапайым калк курман болуп жатканын сынга алды.

Бирок президент Буш азырынча Жакынкы Чыгыш тынчтык планын сактап калуу ишине тикелей катышпастан, ага ишенген жардамчылары менен Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин дипломаттарын тартмакчы болуп жатат. Жума күнү Буш Израил, Иордания, Сауд Арабия жана Мисирди дипломатиялык аракеттерин күчөтүүгө чакырды. 22-июнда Американын тышкы иштер министри Колин Пауэлл Иорданияда Орусия, Европа Шериктештиги жана Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуп, орток аракет менен иштелип чыккан тынчтык планды ишке ашыруу маселесин талкуулайт. Ал жолугушууга Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан өзү бармакчы болуп жатат. Жакынкы Чыгыштагы кандуу булоондун басылбай жатканына тынчсызданган Аннан мырза 12-июнда жасаган билдирүүсүндө чөлкөмгө эл аралык бейпилдик күчтөрүн жиберүүнү сунуш кылды. Аннандын пикиринде, андай күчтөр өз ара өчөшүп турган израилдиктер менен палестиндерге арачы болуп, тынчтык планын ишке ашырууга ыңгайлуу шарт түзөт.

XS
SM
MD
LG