Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

ЧЕХТЕР ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ КОШУЛУУГА МАКУЛ БОЛОБУ?


Бүгүн түштөн кийин Чехияда Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүү маселеси боюнча референдум башталды. 8 миллиондон ашуун шайлоочу эртең түшкү саат 2ге чейин созулчу бул өнөктүккө катышууга акылуу. Буга чейин Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүүгө талапкер он өлкөнүн алтоосунда референдум жүргүзүлүп, алардын эч биринде тең терс жыйынтык алынган эмес. Эми жетинчи талапкер өлкөдө кандай жыйынтык болоор экен?..

Эгерде чех шайлоочуларынын референдумга катышкан бөлүгүнүн көпчүлүгү Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүү сунушун четке какчу болсо, анда, мыйзамга ылайык, бул маселе эки жылдан кийин гана жаңы референдумга коюлууга тийиш. Албетте, Чехияда Европа Биримдигине кирүүнү каалабаган күчтөр да жок эмес. Алардын биринин чакырыгын угуп көрөлү:

- Банкроттукка дуушарланган азыркы өкмөт бизди Европа Биримдигине кирүүгө түртүп жатат. Европа Биримдигинин кайсы түрүнө дебейсиздерби? Албетте, жаман түрүнө. Силерге дагы бир жолу кайрылаарым – референдумда “жок!” деп жооп бергиле. Жашасын эгемен Чех мамлекети! Жашасын Чехия жумурияты! Рахмат сиздерге!

Праганын эски шаар бөлүгүндөгү тарыхый аянтта калкка чакырык таштап турган бул чех шайлоочусу канча кишини ынандырды экен? Азырынча бул суроонун жообун божомолдоп айтууга болбос. Бир катар байкоочулардын пикиринде, референдумга катышчу шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү өлкөнүн Европа Биримдигине кирүүсүнө макулдугун берээри күтүлүүдө.

Өкмөт башчы Владимир Шпидла референдумга калк жандуу катышат ко деген үмүттө:

- Мен шайлоочулардын 50 пайыздан көбүрөөгү референдумга келип берет ко деп ишенем.

Бирок премьер Шпидла рефрендумдун натыйжасы жөнүндө бир беткей жоромол кылуудан баш тартты. Ал эми Европа ынтымагына кошулууну өзгөчө жактаган мурдагы президент Вацлав Гавелден айырмаланып, азыркы президент Вацлав Клаус Европа Биримдигине өтүүгө ашыкпай койо туруу эп болоор эле деген оюн шаршембиде ачык айтты. Чех саясат таануучусу Зденек Зборилдин оюнча, азыркы президент Европа Биримдигине реалист катары баа бергиси келет:

- Ал Европа жаатында шекчил эмес, реалист деп айтаар элем. Мен да анын төмөнкү сөзүнө кошулам: Европа Биримдигине кошулуу – бул ашыктыкка негизденген нике эмес, бул – жагымдуу шарттарга негизделген нике. Мында сезимдер үчүн орун жок.

Эми бул жаңы нике мүмкүнчүлүгүнө карата чехтердин улуттук мамилеси кандай болоор экен – аны ишемби күнү түштөн кийин көрө жатаарбыз. Эгерде Чехия калкы да Биримдикке кошулууну туура тапса, анда өлкө келээрки жылы май айында Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүү шыбагасына ээ болот.

XS
SM
MD
LG