Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик кокус Иран көздөн жашырып ядролук өнөр жайын өркүндөтүп жатканын тастыктаса, анын арты дипломатиялык жаңы жаңжалга айланары бышык. Бирок мындан Тегерандагы молдократия эмес, баарыдан мурда Бушердеги атомдук электр станциясын курууга Иранга активдүү жардамдашып келаткан Россия кыйын-кычык абалда калмакчы. Мындай шартта Москвага Тегеран менен түзүлгөн келишимди бузганга туура келет,мунун өзү эки тараптын алакасы да бузулат дегенди билдирет. Окус орустар келишимдин күчүн сактап калгысы келсе, анда Москва менен Вашингтондун мамилелери кыйгылданат. Россиянын атом энергиясы боюнча министри Румянцев МАГАТЭ кантсе да Иран эл аралык конвенциялардын чегинде иштеп жаткандыгын ырастайт деп ишенет. Эгер анын ишеничи акталса,анда МАГАТЭ иш жүзүндө Вашингтондун колундагы “көзүрүн” түшүрө чапкан болот. Америкалык бийликтер көптөн бери эле Иранды атомдук курал жасаганга дам уруп жатат деп айыптап жүрөт. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Буачер Ирандын аталган чөйрөдөгү активдүүлүгүн өтө дүмөктүү иш деп сыпаттады жана дүйнөлүк коомчулукка, айрыкча МАГАТЭнин жана ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин аңытынан алганда олуттуу проблемага айланганын белгиледи. Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд болсо ушу тушта Ирандын атомдук куралы жок деп эсептейт, бирок чукул аралыкта ага ээ болорунан күмөн санабайт. «Жакын аралык» катары айрым басылмалар 2006-жылды аташууда.
Өткөн аптада атом энергиясы боюнча эл аралык мекеменин эксперттери Иранда болуп келишти. Инспекциянын жыйынтыгы жөнүндө алар эч кандай билдирүү жасашкан жок. Тегерандын өкүлдөрү ырастаган кептерге караганда,эксперттер шек санаткан ишканалардын баарын, анын ичинде Натанз шаарындагы уран байытуучу заводду да көрүп чыгышты. Мындан тышкары Иран кошумча талап кылынган ар кандай документке кол койгонго даяр экендигин бышыктады.
Иран атом маселесинен тышкары терроризм проблемасында да Вашингтондун катуу кысымына кабылды. Айрыкча Сауд Арапстандын борборундагы окуялардан кийин Тегеран америкалыктардын дипломатиялык текөөрүн таасын сезе баштады. Ага чейин Пентагон ирак шийиттеринин антиамерикалык акцияларын Ирандан көрүп келген эле.
Акырында Ирандын өзүндө студенттер кайра козголо баштады. Алар эки күн бою аламандап демонстрация өткөрүп, өлкөнүн диний лидери аятолла Али Хаменеи менен президент Мохаммад Хатамини айыпташты жана экөөнүн тең кызматтан кетишин талап кылышты. Студенттерге каршы радикалдуу исламчылар көтөрүлүп, саясий оппоненттер бирин-бири ташбараңга алышып, тоз-тополоң түшүп калышты. Каражаңжалды басканы бийликтер атайын максаттагы күчтөрдү мобилизациялады. Козголоң тынчыгандан соң Али Хаменеи бул ишти уюштургандар жазасыз калбай тургандыгын эскертти. Ал ошондой эле Кошмо Штаттарын Иранды будуң-чаңга түшүрүп, бийлик менен элдин ортосуна шынаа какканы жатат деп айыптады. Бирок жума күнү студенттердин акциялары кайрадан уланды.
Буга байланыштуу Вашингтондо мамлекеттик департаменттин өкүлү Баучер ирандыктардын демократияны жактаган чакырыктары эске алынат жана ал региондогу стабилдүүлүктү камсыз кылганга алып келет деген ишенич билдирди. Баучер ошондой эле иран бийликтерин демонстрация маалында камакка алынгандарды бошотконго, адам укуктарын бекем сактаганга чакырды.