Премьер-министр Николай Танаевдин, Ички иштер министрлигинин, «Мерлисайд» фирмасынын жана башка ондогон доогерлердин арыздарынын негизинде миллиондогон сом айыппул салынган «Моя столица» гезитинин жабылганы 11-июнда жарыяланган. Бирок гезиттин башкы редактору Александр Кимдин айтымында, 13-июнда «Моя столицанын» акыркы санын чыгаруу «Учкун» басмаканасы менен макулдашылып, гезит басыла баштаганда токтотулган. Анын себебин Александр Ким минтип түшүндүрдү:
- Алар мурда камакка алынган сандагы материалдарды баспайт деп ойлошкон. А биз аларды басып чыгара баштаганбыз. Ошондуктан токтотуп коюшту. Болбосо биз «Учкун» басмаканасынын башчысы Каныбек Иманалиев менен акыркы санды басып чыгаруу боюнча макулдашкан элек.
Ал эми «Учкун» басмаканасынын башчысы гезитти баса баштап, анан токтотуу мүмкүн эместигин билдирди.
- Алардын мүлкү камакка алынган жана аны бошотуу боюнча чечим алынып келинген эмес. Ошондуктан басуу мүмкүн эмес болчу, - деди Каныбек Иманалиев. Ал «гезит басыла баштаганда токтотулду» деген сөздү жокко чыгарды. «Моя столицанын» 23-майда камакка алынган санында президенттин күйөө баласынын бүдѳмүк иштери, арак, спирт өндүрүү тармактардын жогорку бийликтин катышуусу менен коррупционерлердин колуна түшкөндүгү тууралуу жазылган макалалар бар эле.
Көз карандысыз гезиттин жабылышын Кыргызстан укук коргоо кыймылынын лидери Турсунбек Акун мындай баалады:
- Өткөндө «Моя столицанын» өкмөттү, бийлик ээсинин үй-бүлөсүн сындаган материалдарын чыгарбоо максатында гезиттин бүт нускасын камакка алынган. Биз алган маалыматтар боюнча, 13-июнда гезиттин акыркы саны чыгарылып жатканда, (мурда «Учкундун» башчысы, бийлик менен макулдашылганына карабай) үч эле нускасы чыкканда басуу токтотулуп коюлуптур. Себеби, анда бийликти сындаган материалдар кайрадан басылып жаткан экен. Бул - сөз эркиндигин толук басынтуу, адам укугун тебелөө.
«Моя столицанын» жабылышына Европа Биримдиги терең тынчызданып жатканын билдирип, кыргыз өкмөтүн сөз эркиндиги боюнча саясатты ЕККУнун алдындагы милдеттенмелерине ылайык жүргүзүүгө чакырды. Ушундай эле маанайдагы билдирүүнү Парижде жайгашкан Адам укуктары боюнча эл аралык федерация да таратты. Билдирүүдө «Моя столицанын» жабылышы Кыргызстанда адам укуктарын коргоонун начар жагына өзгөрүшү катары бааланган. Федерация кыргыз өкмөтүн мындай иштерди токтотуп, адам укуктары боюнча эл аралык нормаларды аткарууга чакырган. Бул уюм Европа Биримдигине да кайрылып, 22-июлда боло турган Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кеңешинде, кыргыз өкмөтү адам укуктары боюнча милдеттенмелерин аткарышы үчүн ага таасир этүүнү сунуштаган. Бул билдирүүлөргө удаа Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясы президент Аскар Акаевге кайрылып, «Моя столицанын» жабылышын «демократия жана адам укуктарын сактоо принциптеринен артка кетүү» деп атаган.
«Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Ким, журналисттер Токторбек Жаналиев, Рина Приживойт, Геннадий Кузьмин жана Людмила Жолмухамедова жума күнү президент Аскар Акаевге ачык кат менен кайрылышты. Анда алар «Мерлисайд» фирмасы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп, мамлекеттин экономикалык негизин талкалап, жүз миллиондогон сомдук салык төлөбөй жатканына баа берүүнү өтүнүшкөн. Кат ээлери алкоголдук продукция чыгаруу боюнча мамлекеттик монополия одоно түрдө бузулуп, бул тармак мамлекетке эмес, бийликке өтө жакын бир ууч адамдарга гана таандык болуп жаткандыгына, андан бюджет миллиондогон сом зыян тартып жаткандыгына мамлекет башчысы катары баа берүүнү президентке сунуш кылышкан. Гезиттин журналисттери мындай мыйзам бузуулар жана коррупция боюнча так, мыйзамга негизделген жүйөлөрүн келтиришкен. Президенттен мындай ачык катка жооп болобу - азырынча белгисиз.