Израил өз аскерлерин акыркы 2-2,5 жылдын ичинде басып алган аймактардан чыгарып кетүүгө макул. Өз кезегинде палестин тарабы жөөт аскерлери чыгып кеткен жерлердин баарында коопсуздукту камсыз кылганга убада берип жатат. Бул сүйлөшүүлөр тараптар "жол көрсөткүч карта" деген эл аралык тынчтык планды ишке ашырууга чечкиндүү экенин бышыктоодо. Израилдик аскерлерди палестин автономисянын жерлеринен чыгарып кетүү жана палестин согушкер топторун куралсыздандыруу планда көрсөтүлгөн пункттардын бири.
Бирок ошого карабастан узак согушта бири-бирине өчүгүп калган тараптарды арачалоо керек деген пикир эл аралык коомчулукта барган сайын көбүрөөк колдоого ээ болуп келет. Ушул жумада Израилдин “Хаарец” гезитине берген интервьюсунда Улуттар Уюмунун баш катчысы Аннан эки тарапты арачалоочу бейтарап куралдуу күчтөрдүн зарылчылыгын негиздеди. Бирок катчы андай күчтөрдү жайгаштыруу үчүн эки тараптын тең макулдугу керек экенин белгиледи.
Кофи Аннан бул маселени Жакынкы Чыгыштагы абал Коопсуздук кеңешинде талкууланганы жаткан кезде кайрадан көтөрүп отурат. Ал бул сунушун былтыр апрель айында алгачкы жолу киргизген эле. Анда сунуш анчейин колдоого алынбаганы менен бул жолу аны Голландия, Дания колдоп жатышат. Ушундай эле сунуш Жакынкы Чыгыш маселеси НАТОдо талкууланган учурда да бир нече жолу айтылган. Ушул жумада Канаданын тышкы иштер министри Билл Грахам Жакынкы Чыгышта кызмат кыла турган бейпилдик күчтөрүнүн курамына анын өлкөсү өз аскерлерин кошууга даяр экенин билдирди.
Былтыр Израил сунушту таптакыр жуутпай койгон. Бул жолу да ал Аннандын сунушун кескин четке какты. Израилдин Улуттар Уюмундагы өкүлүнүн орун басары Арие Мекель:
"Үчүнчү бир тараптын куралдуу кийлигишүүсүнүн зарылчылыгы жок. Орток пикирге сүйлөшүү жолу менен келгенге кудуретибиз жетет", -деп айтты.
Израилдин мындай позициясын Улуттар Уюму менен Еврошериктештиктин демөөрчүлүгү менен түзүлө турган бейпилдик аскерлер палестиндерге жан тартат деп кооптонуп жатканы менен түшүндүрсө болот. Израил жакын шериги - АКШнын гана арачылык миссиясына макул болушу ыктымал.
Азырынча болсо, жөөт мамлекети палестин террорчуларынан дубал менен тосмолонуп алуу аракеттерин улантууда. Улуттар Уюмунун каршылыгына карабастан Палестин автономиясы менен чек ара тилкесине бийик дубал салынып жатат. Өкмөттүн планы боюнча узундугу 600 чакырым келген дубал Израилди Иордандын батыш жээгинен толук тосмоломойт. Эл ичинде жөөт өкмөтү дубалдан ашып түшкөнгө аракеттенгендерге ок ачууну буйурат экен деген кептер тароодо. Азырынча, тосмонун 200 километрдей жери бүткөрүлдү. Бирок дубалдын палестин аймактарынын бир топ жерлерин кесип өтүп жатканына нааразы палестиндер тосмо салуу менен Израил иш жүзүндө алардын олчойгон аймагын аннексиялап алганы жатканын айтып жатышат.
Еврошериктештик, Дүйнөлүк Банк жана Эл Аралык Валюта Корунун эсеби боюнча, дубал салынса Израил палестиндердин миңдеген гектар айдоо жерлерин тартып алат, натыйжада палестиндердин кеминде 4-5 проценти эли- жеринен бөлүнүп, Израилдин аймагында калышат. 15 айыл-кыштак болсо үч тарабынан тең дубал менен тосулган абалда күн көрүүгө мажбур болот. Улуттар Уюму дубалдын курулушу эки ортодо ишенбестикти күчөтүп, тынчтык процессине кедерги боло тургандыгын эскертүүдө.