Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

ИРАНДЫКТАР ӨКМӨТКӨ АЧУУЛАНСА, ТЕГЕРАН ВАШИНГТОНГО ТААРЫНАТ


Иранда студенттер баштаган нааразылык акциялары жети күндөн бери уланууда. Демонстрациялар өлкөнүн исламчыл бийлик башчыларына, ошондой эле президент Мохаммад Хатаминин өкмөтүнө каршы саясий акцияга айланып кетти. Ирандын жетекчилиги бул акциялардын артында Америка турат деп айыптап, Вашингтонго нааразылык нотасын жөнөттү.

Өткөн шейшембиде Тегерандагы университеттин студенттери окуу жайларды менчиктештирүүгө каршы чыкканда башталган демонстрация көп өтпөй өкмөткө каршы, Ирандын исламчыл жетекчилигине каршы акцияга айланып кетти. Башкалаадагы нааразылык кыймылын кийинчерээк Исфахан, Шираз, Аваз жана Мешхед шаарларынын тургундары колдоп кетишти.


Дүйшөмбүдө кечинде Тегерандагы университеттин тегерегинде чогулган адамдар, аларга машинелеринин сигналын күйгүзүп алган жүздөгөн айдоочулар кошулуп, түрмөлөрдөн саясий туткундарды бошотууну жана президент Мохаммад Хатаминин отставкага кетишин талап кылып жатышты. Адаттагыдай эле аларды аздан соң резина таякчаларын көтөргөн полициячылар менен исламчыл бийликтин жактоочулары кубалап тарата баштады.

Күбөлөрдүн айтымында, бул күнү полиция "коомдук тартипти бузуп, хулигандык кылды" деген кине боюнча 30дай кишини камакка алды. Бир жумадан бери басылбай жаткан Тегерандагы демонстрациялар маалында ушуну менен баш-аягы 140тай адам кармалды. Нааразылык акцияларынын чордонуна айланган университетке тушташ жерде жашаган аял "Азаттыктын" иран редакциясынын кабарчысына өткөн түнкү окуяларды төмөндөгүдөй сүрөттөп берген:

- Өткөн түнү мурдагыга караганда ызы-чуу көп болду. Кыйкырык-сүрөөн, менимче, түн ортосуна, же таңкы саат 1-2лерге чейин басылган жок. Демонстрацияга чогулган адамдарды полициячылар резина таяктар менен уруп-сабап, кубалап жатышты, алардан качкан адамдардын кыйкырыктары жаңырып турду. Биз көчөдө басылбаган үндөрдөн улам, таңкы саат 1ге чейин көз ирмей алган жокпуз.


Дүйшөмбү күнү ирандык саясий диссиденттердин чоң тобу өлкөнүн диний лидери aятолла Али Хаменейиге кайрылуу жолдоду. Чет мамлекеттерде баш калкалаган ирандык 250дөй жазуучу, журналист, окумуштуу жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер кол койгон катта карапайым калктын өлкө башчыларынын иш-аракеттерин көзөмөлдөп, бийликке карата өз пикирин билдирүү укугу бар экени эске салынат. Андан сырткары Ирандын диний жетекчилигине жолдонгон катта өлкөдөгү бардык бийликти колдоруна топтоп алган адамдар өзүлөрү кудайга жакпаган иштерди жасап, өз элинин адамдык ар-намысын тебелеп-кордоп жатканы айтылган.


Ирандагы нааразылык акцияларынан улам Тегеран менен Вашингтондун мамилелери мурдагыдан да чыңала түштү. АКШ президенти Жорж Буш Ирандагы окуяларды оңунан баалап:

- Бул – карапайым элдин Ирандагы эркиндик үчүн кыймылынын башталышы десек болот, муну мен оң көрүнүш деп эсептейм, - деп билдирген эле.


Ага удаа Ирандын тышкы иштер министрлиги Вашингтонго нараазылык нотасын жөнөтүп, Иран Ислам Республикасы үчүн АКШ менен кандайдыр сүйлөшүүгө баруу - эч убакта мүмкүн эмес деп жарыялады. Тегеран менен Вашингтон 1979-жылы Иранда исламчыл революция ишке ашкандан тарта дипломатиялык мамилелерин үзгөн бойдон кала берүүдө. Бирок, Ооганстандагы окуяларга байланыштуу алар эл аралык жолугушуу-жыйындардын алкагында эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн. Андай байланыштар ушул жылдын май айында Сауд Арабияда 35 кишинин өмүрүн алган теракттан кийин токтотулган. Анткени Вашингтон эр-Рияддагы жардырууларды Иранда жашырынган «ал-каидачылар» уюштурушу мүмкүн деп Тегеран тарапка сөөмөй кезеген эле.

Ага кошумча "Ройтерс" агенттиги кабарлагандай, өткөн аптада Тегеран университетинин студенттери нааразылык акциясын жаңыдан баштаганда, АКШда жайгашкан сателлиттик телеканал аркылуу жалпы ирандыктарга студенттердин демонстрациясын колдоого чакырыктар айтылган болчу. Иранда иштеген чет элдик дипломат мындай акциялар студенттердин 1999-жылкы ири демонстрациясынан бери маал-маалы менен өтүп турарын, бирок бул кыймылдардын нагыз уюштургуч жетекчилери жок болгондуктан, толкуган эл аздан соң максатына жетпей тынчтанаарын айтат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG