Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Венада бүгүн МАГАТЭнин жыйыны уланды


Аталган уюмдун директору Мохаммад ал-Барадей башкаруу кеңешинин мүчөлөрүн Ирандын атомдук программасына байланышкан доклад менен тааныштырды. Барадей Иранды ядролук куралдарды таркатпоо боюнча кошумча протоколго кол койгонго чакырды. Уюмдун өкүлү Мелисса Флеминг мындай документ МАГАТЭнин эксперттери үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, ал атом энергиясы колдонулган бардык ишканаларды ээн-элкин текшерип, көзөмөлдөп турганга мүмкүндүк берет эле деп билдирди. МАГАТЭ келишимге кирген 11 өлкөнүн баары, анын ичинде биринчи кезекте Иран протоколго кол коюушу керек деп эсептейт. Флеминг айымдын айтымында, ядролук программа Иранда өзгөчө ургалдуу арымда ишке ашырылып жатат.

XS
SM
MD
LG