Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

ИРАН МАГАТЭГЕ МОЮН ТОЛГООСУН ТОКТОТОБУ?


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин Венада өтүп жаткан жыйынынын күн тартибиндеги негизги маселе - Ирандын өзөктүк программасы болууда. Агенттиктин өкүлү Мелисса Флеминг айымдын сөзү менен айтканда, буга Ирандын өзөктүк программасы амбициялуу максатты көздөгөнү себеп болгон. Ошондуктан, Улуттар Уюмунун жетеги астындагы уюм жана бир катар ядролук державалар Ирандын Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кошумча протоколго кол коюусун талап кылышууда.

Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү 1991-жылкы эл аралык келишимге кошумча протоколго бүгүнгө карай 30дай мамлекет, анын ичинде Евробиримдикке мүчө 15 өлкө кол койгон.

Иран Атомдук энерегия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ), Евробиримдик, АКШ жана Россиянын үндөө-талаптарын угуп, эч шарты жок туруп аталган протоколго кол койобу? Же соодалашабы?

Маселе учурда өтө кызуу талкууланып жатат.
Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Салехинин сөзүнө караганда, өнөр жайы өнүккөн алдыңкы өлкөлөр өзөктүк технологиянын мыкты үлгүлөрүн Иран менен бөлүшүүгө макулдук берсе гана, Тегеран протоколго кол коёт.

Ал эми талдоочулар андай пикирде эмес. Ооганстан менен Ирактагы АКШлык аскерлердин мизи эми кайда бурулат деп кооптонуп турган Иран жетекчилиги, ошол эле Салехи четин чыгаргандай, эл аралык коомчулук алдында “жеңил баа көрүнбөс” үчүн, бир аз каада көрсөтүүдө дешет байкоочулар.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Асефинин төмөнкү сөздөрү да талдоочулардын жоромолу жөн айтылбаганын тастыктайт.

- Албетте, биз МАГАТЭнин докладынын айрым бөлүктөрү менен тааныштык. Биз агенттик менен сүйлөштүк. Биз алардан эч нерсе жашырбай турганыбызды айттык. Биз МАГАТЭ менен кызматташууга даяр экенибизди жарыя кылдык. Агенттик өз милдеттин профессионалдык деңгээлде аткарат деген үмүттөбүз.

Асефи ошондой эле Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик жана Батыш өлкөлөрү Иран менен тең укуктуу кызматташууга даяр экенин тастыкташы керек деп этият эскертти.

МАГАТЭнин өкүлү Мелиса Флеминг айымдын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюда айтышынча, Иран эл аралык кысымга макул келбейби, же болбосо кошумча протоколго кол койобу, ага карабай МАГАТЭнин инспекторлору Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу ишкана-мекемелерди текшерүүнү токтотпойт:

- МАГАТЭ текшерүүнү азыркыдай эле бир же башка жолдор менен уланта берет. Азыр да Иранда инспекция жүрүүдө. Алар мырза эл-Барадейинин агенттиктин жетекчилер кеңешинде жасаган докладында көрсөтүлгөн айрым суроолордун үстүнөн иштешүүдө. Биз сентябрь айында өтчү кеңешке бир кыйла толукталган доклад даярдалат деп күтөбүз.

Мелиса айым жогоруда айтып өткөн Мохаммед эл-Барадейи - Улуттар Уюмунун канат астындагы МАГАТЭнин башкы директору.

Тегеран Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кошумча протоколго кол койсо, ошондо өзүнүн каруу жаракты өнүктүрүү программасына тиешелүү бардык обьектилерин, анын ичинде азыр өтө чоң шектенүүнү жаратып жаткан Калайи энергетикалык ширкетинин кээ бир жабык ишканалары жайгашкан жерлердеги кыртыштын үлгүсүн алууга уруксат бериши керек болот. Эл аралык инспекция ушу тапта Иран бийликтери көрсөткөн жана уруксат берген гана жайларды текшере алат.

XS
SM
MD
LG