Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

ИРАКТАГЫ СОГУШ АЯКТАГАНЫ МЕНЕН, АНЫН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ТАЛАШТАР ТЫНЧЫЙ ЭЛЕК


Ирактагы согуш аяктагандан бери Саддам Хусейндин массалык кыргын куралынын тегерегиндеги талаш-тартыштар басылбай келет. "Андай курал бар болсо, эмне үчүн эмдигиче табыла элек? Ал эми жок болсо, Америка менен Британиянын өкмөттөрү кандай максатта калп айтышкан?" – деген суроолор бул күндөрү эки өлкөнүн парламенттеринде талкууланып жатат.

"Саддам Хусейндин массалык кыргын салуучу куралы, деги, болгонбу?" - деген суроо Ирактагы согуш аяктагандан бери айрыкча Британиянын премьери Тони Блэрди кыйла кыжалатка салды. Ушул аптада Британияда өткөрүлгөн сурамжылоо калктын жарымынан көбү Блэр Саддамдын кооптуу куралы тууралуу маалыматты атайлап көбүртүп-жабыртып жиберген деп эсептээрин тастыктады. Лондондук гезиттерде Тони Блэрдин Ирактагы согуштун алдында парламентте жасаган доклады "амалкөй досье" деп атала баштады. Шаршембиде Британиянын өкүлдөр палатасы Ирактагы согушка себеп болгон жагдайларды талдоону убагында ал согушка каршы чыгып, кызматынан баш тарткан британ өкмөтүнүн мурдагы 2 мүчөсүнүн пикирин угуудан баштады. Алардын бири – Клэр Шорт айым:

- Менимче, жарым-жартылай чындыкка, ашкере кооптонгондон апыртылган маалыматтарга негизделген доклад ушул жазда бизди согушка түрттү. Бул аракеттер өткөн жайда эле башталган жана ошондон улам Ханс Бликс башында турган эл аралык инспекторлор Иракка барууга уруксат ала алышкан эмес, - деп мурдагы жетекчиси Тони Блэрдин ишмердигине карата кескин сын көз карашта экенин жашырган жок.


Ушул эле 18-июнь күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын коопсуздук комитети Ирактагы согушка негиз берген чалгындоо маалыматтарын талкуулай баштады. Байкоочулар бирок, Америка менен Британияда Иракта кооптуу курал табылбаганына байланыштуу коомдогу нааразычылыктын деңгээли эки башка экенине көңүл бурушат. Вашингтондо ушул айда уюштурулган коомдук пикирди сурамжылоо, мисалы, көпчүлүк америкалыктар өкмөт Саддамдын массалык кыргын салуучу куралы жөнүндө калп айткан эмес деп эсептээрин айгинеледи. Буга байланыштуу вашингтондук эксперт Кэрлин Боуман төмөндөгү пикирин айтат:

- Британиялыктардан айырмаланып, америкалыктардын Саддам Хусейн тууралуу ондогон жылдар бою бекем калыптанган көз карашы бар. Мисалы, президент Буш ал жөнүндө ачык айта электе эле, февраль айында "Си-Би-Эс" телеканалы өткөргөн сурамжылоо учурунда америкалыктардын 80%ы Саддамдын массалык кыргын салуучу куралы бар деп билдиришкен. Андан сырткары жакында эле өткөрүлгөн дагы бир сурамжылоого катышкандардын 62%ы Саддамды бийликтен кулатуу – согушта курман болгон АКШ аскерлеринин өмүрүнөн артык маселе болчу деп жооп беришкен. Суралгандардын 31%ы гана Ирактагы согуш өтө кымбатка турду деген пикирде экен. Андыктан, АКШда Саддам тууралуу эбактан бери бекем калыптанган коомдук пикир үстөмдүк кыларын дагы бир жолу кайталай кетмекчимин.


Айрым аналитиктер Ирак согушу башында эле британ эли арасында АКШдагыдай колдоого алынбаганын, эми премьер-министр Тони Блэрдин оң жана сол тараптагы оппоненттери анын саясатын сындаш үчүн оңтойлуу мүмкүнчүлүк тапканын белгилешет. Дагы бир олуттуу себеп катары – британиялыктардын АКШдагы 11-сентябрдагыдай ири алааматты баштан кечирбегендиктен, согуштун алдында америкалыктардай атуулдук сезимге бөлөнбөгөнүн айтышууда.


Ошентсе да, Тони Блэр Саддамдын азырынча күмөндүү куралына байланыштуу саясий банкротко учураса, анын кесепети АКШ президентине тийээри талашсыз. Андыктан Жорж Буш башкы союздашын коргоого даяр экенин билдирип, британ өкмөтүнүн эрте жаздагы Ирак боюнча доклады терең иликтенген чалгындоо маалыматтарына негизделген деп жарыялады. Анын басма сөз өкүлү Ари Флейшер: "Ашыкпай тургула, Саддамдын кооптуу куралы сөзсүз табылат", - деп дагы бир ирет көпчүлүктү ишендире кетти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG