Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

АРА ЖОЛГО ТАШТАЛГАН МУСАПЫРЛАР, ЖАҢЫ ШАЙЛОО, КОРРУПЦИЯНЫН УЯТЫ ЖОК


Кыргыз басылмаларында жаңыланчу шайлоо кодекси, башка динге өткөндөр проблемасы сындуу өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы жаңылыктар жарыяланууда. Президент А.Акаевдин мыйзамдык мөөнөтү аяктаганда кызматтан кетер-кетпеши мезгилдүү басылмалардан түшпөгөн тема.

Кезектеги шайлоо жакындаган сайын кыргыз басылмаларында А.Акаевдин кызматтан кетер-кетпеши олуттуу талкууга айланууда. Постсоветтик Борбор Азия республикаларынын президенттигин таштагысы келбеген мамлекет башчыларынын аракетинен улам электораттын антип күдүк ойго түшүшү мыйзамченемдүү экенине бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде Болот Марипов менен Жеңиш Байгуттиев токтолушкан. Авторлордун пикиринде, непадам Конституциялык сот иштеп аткан президентке кезектеги мөөнөткө шайланууга акысы жотктугун ырастай турган болсо, чоң орунга талпынгандардын катары арбып, калк көңүлүн табуу аракети башталат.

Кыргызстандагы диний жикчилдик, «өзбекстан ислам кыймылынын» иш-аракети Маматемин Рыскуловдун макаласында баяндалат. Макала жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде жарыяланмакчы. Басылманын жаңы санында Мария Молдалиеванын Борис Шапиро баш болгон авторлордун жашоонун сергек мүнөзү тууралуу китеби жөнүндө пикири басылмакчы.

Диний темага бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити да кайрылды. Асел Оторбаева менен Гүлчехра Каримованын «Кудай Таала менен пендеге ортомчунун кереги жок» аталыштагы макаласында ачык-жашырын диний секталар момун пенделердин тагдырын кантип бузуп атканы баяндалат.

Шайлоо кодексине өзгөртүү, алымча-кошумчалар киргизүү боюнча эки жаңы мыйзам долбоору даярдалып, алар жакын арада депутаттар кароосуна коюлары Артем Петровдун ушул эле гезиттеги макаласында маалымдалат. Автордун пикиринде, жаңы шайлоого депутаттар камдуу-чомдуу барууну чечишкен. Ошондон шайлоо учурунда мамлекеттик кызматтык машинесин, байланышты керегинче пайдалануу укугун өздөрүндө калтырышты.

Кыргыз өкмөтү «Борборазиялык кызматташуу жана өнүгүү» банкын жабуу тууралуу чечим даярдап жатканын бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити аркылуу Тамара Слащева маалымдады. Кыргызстан, өзбекстан, Казакстан биргелешип түзгөн банкка Кыргызстан 3 миллион доллар салып, 4,5 миллион долларын депозитке койгон. Банктын Кыргызстандагы филиалы 10 миллион доллар кредит берип, барымтасына республиканын мыкты делген ишканалары коюлган. Улуттук банктын төрагасы депозитке коюлган акчадан кол жуудук, деген пикирде.

Мусапырлыктын күнүн көрүп келаткан 5 адамды Бишкек шаардык клиникалык оорукананын ак халатчандары жүк машинеге салып шаардан алыс айыл четиндеги мүрзөгө алпарып таштап кетишкени бейшембидеги «Трибуна» гезитинде жазылды. Соо келинди психикалык ооруканага жаткырып, анын адамдык аброюн кордогон милиция кызматкеринин иши Улугбек Бабакуловдун ушул эле гезиттеги макаласында баяндалат.

Жума күнкү «Агым» гезитинде Алым Токтомушевдин «Жолбүгүнү» жарыяланмакчы. Макалада республикадагы саясий кырдаал талдоого алынат. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун маегинде Омбудсмен институту кездешкен кыйынчылыктар тууралуу кеп болот. Гезитте Чыңгыз Шамшиевдин СССРдин кыйрашынын себеп-жөнүн баяндаган макаласына да орун берилмекчи, деп маалымдайт басылманын жооптуу катчысы Аскер Сакыбаева.

«Аалам» гезитинин жаңы санында Турсунбек Акуновдун Топчубек Тургуналиев тууралуу, диндин тазалыгы жөнүндө карабалталык окурман Абдышүкүр Исмаиловдун ой жүгүртүүсү, ушул эле темага башкача өңүттөн караган Жаныбек Жанызактын макаласы жарыяланмакчы. Гезиттин башкы редакторунун орунбасары Кенжебек Арыкбаевдин айтымында, жардамга муктаж оорулуу кыз Айгеримге колдон келишинче жардам көрсөтүүгө чакырган кайрылуу басылманын жаңы санында жарык көрмөкчү.
XS
SM
MD
LG