Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

ВИКЕ-ФРАЙБЕРГА АЙЫМ – ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ЖАЛГЫЗ ТАЛАПКЕР


Жума күнү Латвия парламенти президенттик шайлоо өткөрмөкчү. Көзгө басар талапкер – азыркы президент Вайра Вике-Фрайберга айым. Эмитеден эле аны жеңиши менен куттуктоого даяр карапайым атуулдар да, президенттин ички саясатына терс маанайдагы латыштар да парламенттеги окуяга сырттан гана байкоо салмакчы.

Латыш парламенти – Саймада жүз орун бар. Андагы депутаттардын жок дегенде 75и азыркы президенттин экинчи мөөнөткө калышын жактап чыгышы күтүлүүдө. Мындан төрт жыл илгери бийликке келген 65 жашар Вайра Вике-Фрайберга айым өлкөнүн Батыш Европа жана Кошмо Штаттары менен тыгыз кызматташтыгын өрчүтүүгө олуттуу салым кошкон саясатчы.
Вике-Фрайберга айым жакында журналисттер менен баарлашып, латыш парламентине 1999-жылы зор ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул кызматты дагы бир ирет аркалоого даяр экенин айткан:

- Оболу, мен жетинчи чакырылыштагы Саймага (парламентке) өзүмдү президенттикке шайлап, айкөлдүк кылганы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул – Латвия үчүн туура чечим болгонунда шегим жок. Эми мен дагы төрт жыл ушул кызматты аркалап берүүгө камынуудамын. Буга чейин кандай жакшы иштей алсам, дал ошол калыбымдан жазбайм го деп үмүттөнөм.

Беш тилде эркин сүйлөгөн Вике-Фрайберга 1944-жылы жети жашында мекенинен кетүүгө аргасыз болгон. Канадада, Монреалда психология профессору даражасына жеткен бул айым атажуртуна 1998-жылы гана чакырылып келген жана аны өз өлкөсүндө чехтер Вацлав Гавелди сыйлагандай жогорку деңгээлде урматташат. Албетте, анын ички саясатына анча көңүлү толбогон мекендештери да жок эмес. Алардын бири – жергиликтүү саясат таануучу Янис Икстенс:

- Ал өтө эле пассивдүү болуп келди. Ички саясатта анын эч кандай артыкчылыктуу багыты көрүнбөйт. Негизи, Вике-Фрайбергада эч деле демилгечилик байкалбайт. Анын өзүнүн айтаар ою деле жок.

Икстенс мырзанын оюнча, президент айым жасаган олуттуу бир кадам – мамлекеттик тилдин аброюн жана ролун чыңдаган расмий тил тууралуу комиссияны түзүү болду. Латвиядагы 2 миллион 350 миң сандуу калктын 34 пайызы – орус тилинде сүйлөгөндөр. Бул комиссиянын айынан улуттук азчылыктардын өкүлдөрү президент айымды анчейин жактыра бербегени да түшүнүктүү. Ал АКШнын Ирактагы мурдагы режимге каршы согушун ачык жактап чыгып, кээ бир мекендештеринин сынына да кабылды.

Бирок Латвиянын жалпы тагдыры – Европа Биримдиги жана НАТО менен байланыштуу деп эсептегендер азыркы президенттин батышчыл саясий нугун толук жакташат жана соңку жылдары бул багытта Латвия жетишкен ийгиликтерге ыраазы. Ошондуктан, жергиликтүү байкоочулардын оюнча, Вике-Фрайберга айым айрым катачылыктарга жол коюп жатканына карабастан, өлкөдө анын парламентте көпчүлүк добуш менен президенттик кызматка кайрадан шайланышына тилектештер деле арбын.

XS
SM
MD
LG