Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:57

КЫРГЫЗСТАНДА БАҢГИЗАТТАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА АГЕНТТИК ТҮЗҮЛДҮ


Кыргыз өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюму баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүүдө кызматташуу боюнча келишимге 19-июнда кол коюшту. Ал эми президент өз жардыгы менен Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча агенттикти түздү.

Келишимге кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, БУУ тараптан анын Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын башчысы Сумру Ноян айым кол коюшту. Ага ылайык БУУ Кыргызстанда түзүлгөн Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча президент алдындагы агенттикти каржылоого жардам берип, ал үчүн жакынкы үч жыл ичинде 6 млн. 200 миң доллар бөлөт.

Жаңы агенттик Баңгизаттардын таралышын көзөмөлдөө боюнча өкмөт алдындагы комиссиянын ордуна түзүлдү. Комиссия курамында 20га жетпеген кызматкер иштеп келген болсо, эми жаңы агенттикте 250 кызматкер болуп, ал толук кандуу тартип коргоо органы катары иштейт жана региондордо өкүлчүлүктөрү болот. Президенттин ушул эле күнкү жардыгы менен бул агенттиктин башчысы болуп дайындалган Курманбек Кубатбеков агенттиктин аткара турган милдеттери тууралуу буларды айтып берди:

- Агенттиктин негизги милдети - баңгизаттарга каршы күрөшүүчү бардык органдардын ишин координациялоо, экинчиден өзү да баңгизаттардын мыйзамсыз тарашына, уюшкан кылмыштуулукка , курал-жарактардын аткезчилигине жана эң негизгиси коррупцияга каршы күрөшүү.

Курманбек Кубатбековдун айтымында, агенттикти каржылоо мамлекеттин бюджетинен жүргүзүлүп, алгачкы убакта ага 11 млн. сом бөлүнөт. Мындан тышкары, БУУ тарабынан агенттиктин кызматкерлерине кошумча акча төлөнөт. Транспорт, байланыш жана башка техника менен камсыздоону да Бириккен Улуттар Уюму өзүнө алат. Кызматкерлер конкурстук негизде тандалат жана ал Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтөт.

БУУнун өкүлү Сумру Нояндын бейшембидеги маалымат жыйынында кабарлаганына караганда, Кыргызстанда жаңы агенттик Тажикстандагы ушундай агенттиктин үлгүсүндө түзүлүүдө. Анын маалыматы боюнча, кошуна өлкөдөгү агенттик натыйжалуу иштеп жатат.

- Агенттик түзүлгөнгө чейин Тажикстанда жылына 900 кг жакын ар түрдүү баңгизат кармалса, түзүлгөндөн кийин 22 тоннадан ашуун героин кармалды, - дейт Сумру Ноян.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бөлүнгөн каражаттын аздыгын айтып, мындай деди:

- Бул каражат баңгизаттардын аткезчилигине каршы олуттуу күрөш үчүн жетишсиз. Ошондуктан бул маселени чечиш үчүн эл аралык уюмдар менен иштөөнү улантабыз. Каражаттан тышкары, чет мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнүү да бизге өтө пайдалуу, - дейт Жоомарт Оторбаев.

Агенттик түзүү боюнча долбоордун негизги донору – Америка Кошмо Штаттары. Ошондуктан бейшембидеги кол коюуга катышкан АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Киф мырза эл аралык уюмдардан, донорлордон кандай шартта жардам келээрин мындайча түшүндүрдү:

- Менин оюмча, каржылоо көлөмү агенттиктин ишинин натыйжалуулугуна жараша болот. Тактап айтканда, баңгизаттарды табуунун, кармалгандарын жоготуунун көлөмүнө, баңгизаттарды ташыган адамдарды жазалоого, алардын башында турган жогору жактагылардын да бетин ачууга жараша болот. Андан тышкары, албетте, агенттиктин кандай аброй күтүшү, коррупциядан сырт болушу да негизги ролдорду ойнойт, - дейт Жон О'Киф.

Сумру Нояндын маалыматы боюнча, Кыргызстан аркылуу ооган баңгизаттарынын 1/3 бөлүгү өтөт. Эл аралык эксперттердин баасы боюнча, Кыргызстан аркылуу агып өтүп жаткан баңгизаттардын 1% гана кармалууда. Буга тартип коргоо органдарын материалдык жана каржылык жактан начар камсыздалышы башкы себеп.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG