Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Р.ПРОДИ: ЕВРОПАНЫН ТАРЫХЫЙ КҮНҮ


Грецияда Евросоюз саммити аяктады. Анын акыркы күнүндө шаркеттин лидерлери Балкандагы өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүштү. Региондогу улуттук араздашуулар проблемасы, эл аралык трибунал менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелери сүйлөшүүлөрдөгү башкы темалардан болду. Жалпы форумдун жыйынтыгын чыгарып, грек премьер-министри Костас Симитис саммитти Евросоюзду өнүктүрүүдөгү маанилүү этап катары баалады.

Константинос Симитис форумдун негизги үч жыйынтыгын бөлүп көрсөттү. Биринчиден, Европа конституциясынын долбоору жактырылды; экинчиден,мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшүү, башка калка берүү иштеринде союздун өлкөлөрү бир өңчөй саясат жүргүзүүнү макул табышты; акырында Европанын коопсуздук стратегиясы сунуш кылынды. Симитистин сөзүн союздун аткаруучу органы – Еврокомиссиянын жетекчиси Романо Проди коштоду. Анын баасында, Порто Каррастагы форумдун жыйынтыктары эски материк үчүн “анык тарыхый күн” болду. Бул жерде кабыл алынган жана жактырылган документтер, айрыкча евроконституциянын долбоору “жалпы континенттин тургундарына текши түшүнүктүү, жөнөкөй союз түзгөнгө”, ошону менен бирге ага дүйнөлүк иштерде омоктуу роль ойногонго огожо болуп бермекчи. Евроконвенттин президенти Валери Жискар д’Эстен болсо конституциянын долбоорун саясий мунасанын натыйжасы болду деген ойлорго кошулган жок. Бу долбоорду ал Евросоюздун келечеги жөнүндөгү ойлордун ширөөсүнөн куралган маанилүү документ деп сыпаттады.

Бирок көпчүлүк комментаторлор европалык саясатчылардан айрымаланып, эски материкти федерацияга айланткысы келген интеграционисттер менен улуттук суверенитетти ыйык туткандардын таймашы уланып жаткандыгын,евроконституциянын долбоору быйыл күзгө же эмдиги жылы майга чейин бир топ өзгөрүүлөргө туш болорун айтып жатышат. Октябрдагы кезектеги өкмөттөр аралык конференцияда документтин алымча-кошумчалар менен түзөтүлгөн акыркы варианты лидерлердин кароосуна коюлат,андан соң келерки жылы майда ага кол коюлат жана Европарламентте биротоло бекитилет.Ушуга байланыштуу германиялык “Тагесцайтунг” гезити евроконституцияны конкреттүү ар бир өлкөдө улуттук референдумга коюуну сунуш кылат,антпегенде ал,гезиттин пикири боюнча, европалык элдердин эмес, мамлекеттердин гана конституциясы болуп калышы мүмкүн. Азырынча аны Ирландия менен Дания гана элдин колдоосуна коерун айтып жатышат.

Жума күнү саммитте союздун лидерлери Европанын тышкы жана коопсуздук стратегиясын талкуулашты. Шаркеттин аталган тармактагы иштерин тескеген Жогорку өкүл Хавер Солана эл аралык коопсуздук проблемаларын жөнгө салууда Евросоюз Кошмо Штаттары, НАТО, Россия жана Кытай менен кызматташа тургандыгын, ансыз дүйнөдөгү бир да өлкө мындай милдеттерди жалгыз-жарымдап чече албайт, деп билдирди. Мунун бир мисалы катары ал Жакынкы Чыгыштагы өтө чаташкан кырдаалды эске салды. Мындан тышкары, Жогорку өкүлдүн сөздөрүнө ылайык, Евросоюз аскерий жактан Кошмо Штаттарына конкурент болууну көздөбөйт, бирок коопсуздук стратегиясында Вашингтон менен тең укуктуу өнөктөштүккө жетишүүдө еврошаркет өзүнүн орток таламдарына аныктап алышы керек.

Саммиттин акыркы күнү союздун лидерлери Балкандагы беш өлкөнүн – Албаниянын,Босния-Герцеговинанын, Хорватиянын, Македониянын, Сербия менен Черногориянын жетекчилери үчүн жолугушууларды өткөрүштү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аталган өлкөлөргө кошумча жардамдар көрсөтүлөрү, ал эми келечекте алардын баары союзга алынары кайрадан бышыкталды. Региондогу демократиялык жана экономикалык реформалар үчүн 250 миллион доллар адие бөлүнөт. Мындан тышкары бул өлкөлөр уюмдашкан кылмышка каршы натыйжалуу күрөшүүгө, улуттук азчылыктардын укуктарын кынтыксыз сактоого тийиш. Алардын Евросоюзга качан кабыл алынышы ушул шарттардын аткарылышына жараша болот. Еврокомиссиянын өкүлү Крис Паттен муну чыгыш Балкан элдери менен өкмөттөрү үчүн Евросоюзга кошулуу жолундагы сынак экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG