Бул аптанын башында «Азык-түлүк коопсуздугу» программасынын алкагында кыргыз өкмөтү менен Европа комиссиясынын ортосундагы меморандумга кол коюлду. Ага ылайык Европа комиссиясы быйыл Кыргызстанга 9,5 миллион евро өлчөмүндөгү гранттык жардам берет. Анын 60% начар камсыз болгондорду колдоого, 40% айыл чарбасына багытталат. Кыргызстан «Азык-түлүк коопсуздугу» программасынын алкагында Европа комиссиясынан 1996-жылдан бери гранттык негизде жалпы жонунан 52 млн. евро өлчөмүндө жардам алган. Бул эл аралык коомчулук Кыргызстанда стабилдүүлүктүн сакталып турушуна ынтызар экенин көрсөтүп турат. Ага дагы бир мисал – президент Аскар Акаевдин жардыгы менен Бангизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик түзүлүп, ага Бириккен Улуттар Уюму 3 жылдык мөөнөт менен 6 млн. 300 миң доллар бөлө турган болду. Ал эми кыргыз өкмөтү агенттикти каржылоого жылына орто эсеп менен 11 млн. сом чыгымдайт.
Бирок четтен келгендер акчанын баары эле Кыргызстандын пайдасына иштей бербестигин да турмуш өзү көрсөтүүдө. Мындан бир нече күн мурда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Канаданын «Камеко» компаниясынын Кумтөр кенин реструктуризациялоо боюнча сунушун четке кагуу тууралуу токтом кабыл алышты. Токтомго ылайык Кыргызстандын Кумтөрдөгү 2/3 акциясын «Камекого» сатууга чек коюлду. «Камеко» компаниясы былтыр сентябрда кыргыз өкмөтүнүн Кумтөрдөгү акцияларынын 2/3 бөлүгүн сатууну сунуш кылган. Депутат Өмүрбек Текебаев Кумтөрдүн канадалыктар сунуш кылгандай реструктуризацияланышын коррупция деп баалады.:
- Бул коррупция. Булар миллиондорду кайда, кимге, кимдин жардамы менен которгонун такташ керек!
Кийинки шайлоо жакындаган сайын парламентте күч алган ушундай кескин пикирлерден уламбы, айтор кийинки кездери депутаттарды да катуу сындаган материалдар массалык маалымат каражаттарында көбөйгөнү байкалат. Өткөн жекшемби күнү КООРТ телекомпаниясы аркылуу көрсөтүлгөн «Эркин тоо» аттуу телеберүүнүн мазмуну депутаттарды катуу нааразы кылды. Бул телеберүү парламенттин ишмердүүлүгүнө арналган. Анда «Мыйзам чыгаруу жыйынында тууганчылык менен коррупция өөрчүп кеткендиги» айтылып, буга байланыштуу Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков өңдүү депутаттардын аттары аталган. Айрым депутаттар КООРТ телеканалы президенттин күйөө баласына таандык экенин, аталган материал атайын буюртма менен даярдалганын белгилешүүдө.
- «Күйөө балага» айтып койгула, от менен ойноп атат. Кыргызстандын стабилдүүлүгүн ушулар бузат! «Хизбут-Тахрирден», башкалардан, Азимбектен издебегиле. Эч ким чыдабайт, улуттук парламентти «кылмышкерлердин уюгу, аны таратыш керек» дегенге! - деди Өмүрбек Текебаев.
III курултайынын алдында «Арнамыс» партиясы мындан ары президент Аскар Акаев башкарган бийликке каршы оппозициялык партия болоорун расмий түрдө жарыялады. Бул тууралуу партиянын башчысы Феликс Кулов билдирди. Анын айтымында, бийликтин «Демократиялык кодекс» иштеп чыгуу, саясий күчтөрдүн жана жарандык коомдун катышуусунда «тегерек үстөл» өткөрүү сыяктуу аракеттери чыныгы демократиялык өнүгүш үчүн эмес, көз жазгырыш үчүн жасалып жатат. Айтмакчы, Феликс Кулов менен кошо соттолуп, 6 жылга кесилген «Түндүк» курулуш ишканасынын мурдагы жетекчиси Александр Гасанов эч жакка кетпестиги тууралуу тилкат берип, абактан бошотулду. Мындан бир аз убакыт мурда Кулов менен кошо кесилген дагы бир адам – каскадер Үсөн Кудайбергенов да мунапыска байланыштуу түрмөдөн чыккан. Демек, кезегинде Ф. Кулов менен кошо соттолгондордун дээрлик баары абактан чыгып, азыр түрмөдө Ф. Кулов өзү гана калды деп айтууга негиз бар. Алардын артынан мыйзамга ылайык Ф. Кулов өзү да чыгабы же мунун баары анын атын унуткарыш үчүн жасалган атайын аракетпи – азырынча айтыш кыйын.
Бул аптада «Агым» гезитинин башкы редактору, «Эл» партиясынын жетекчиси Мелис Эшимканов «Аалам» гезитин жана укук коргоочу Турсунбек Акунду сотко берди. Ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна берген доо арызында тараптардын кечирим сурашын талап кылып, гезиттен 2 млн. сом, укук коргоочудан 1 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүндү. Эшимкановдун сотко кайрылышына Турсунбек Акундун 13- жана 17-июнда «Аалам» гезитинде жарыяланган «Эшимкановдун адамдык жана саясий жүзү» аттуу макаласы негиз болгон. Турсунбек Акун бул макалада Мелис Эшимкановдун журналист жана саясатчы катары жалпы ишмердүүлүгүнө өз баасын берген. Макаланын каарманы болсо анда айтылгандарды жалган жана адамдык абройго шек келтирүү деп баалады. Чатак кимдин пайдасына чечилээрин убакыт көрсөтөт.