Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:05

ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУК ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА ТЫНЧТЫКТЫ КАМСЫЗ КЫЛУУГА АРАКЕТ ЖАСООДО


Бакыт Аманбаев, Прага http://gdb.rferl.org/181344A4-643B-4EED-84B4-0FD5C07E21BB_w203.jpg Жекшемби күнү Иорданияда АКШ, БУУ, Европа Биримдиги, Орусия жана башка өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын жогорку даражалуу жетекчилери жолугушуп, Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты жөнгө салуу жана согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү маселесин талкуулашууда.

Ишемби күнү Иорданияда үч күнгө созулган Дүйнөлүк экономикалык форум башталды. Бул жолку отурумда деймейдегидей дүйнө экономикасына байланыштуу маселелер эмес, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу жана согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү маселеси талкууланууда. Жыйынга АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл, БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан, Европа Биримдигинин Тышкы иштер министри Хавиэр Солана, Израилдин, Палестинанын өкмөт башчылары, АКШнын Ирактагы админстрациясынын жетекчилиги жана башка дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 1900гө жакын экономист, саясатчы жана диний өкүлдөр катышууда. Дүйнөлүк экономикалык форумдун аткаруучу директору Фредерик Сикренин айтымында, отурумда аймакта тынчтыкты орнотуу боюнча кошумча план иштеп чыгарылбайт. Жыйындын башкы максаты - каршылашкан тараптарды дагы бир жолу өз ара ынтымакка келүүгө чакыруу жана аймактын экономикасына байланыштуу маселелерди талкуулоо. Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө АКШнын Ирактагы админстрациясынын башчысы Пол Бремер отурумдун катышуучуларын өлкөдөгү соңку кырдаал менен тааныштырып, Иракты калыбына келтирүү боюнча өз көз-карашы менен бөлүшөт.

Эл аралык байкоочулардын пикиринде, АКШнын жетекчилиги Жакынкы Чыгыштагы талаш-тартышты жөнгө салууга өзгөчө маани берүүдө. Адегенде Кошмо Штаттардын демилгеси менен “Жол картасы” тынчтык планы иштелип чыккан. Андан көп өтпөй, АКШ президенти Жорж Буш үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда Иорданияга келип, израил-палестин жетекчилери менен жолуккан. Натыйжада каршылашкан тараптардын жетекчилери Кошмо Штаттар баш болгон эл аралык коомчулук сунуштаган планды алымча-кошумчалар менен кабыл алышкан.



Бирок мындай планды турмушка ашырууга келгенде олуттуу кыйынчылыктар жаралууда. Маселен, “Жол картасы” планын аткарууга Палестинанын азыркы жетекчилиги макул болгону менен, жөөттөргө каршы бир нече жылдан бери террордук чабуулдарды уюштуруп келген палестиналык исламчыл “ХАМАС” тобунун өкүлдөрү макул эмес. “ХАМАС” тобунун өкүлдөрү соңку бир эки аптанын ичинде эле жөөттөргө каршы бир нече террордук жардырууларды уюштурушту. Натыйжада каршылашкан тараптардан баары болуп алтымыштан ашуун адам каза болду.

Байкоочулардын пикиринде, “Жол картасы” тынчтык планын аткаруу үчүн адегенде Израил өз аскерлерин Газа өрөөнүнөн чыгарып кетүүсү жана исламчыл “ХАМАС” тобунун жөөттөргө каршы террордук чабуулун токтотуу зарыл.

Бул тууралуу жума күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Израил бийлиги менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйында да белгилей кетти:

- Жол картасы планын турмушка ашыруудагы биринчи кадам катары Палестина бийлиги Газа тилкесинде коопсуздукту камсыз кылууну өз мойнуна алуусу керек.

Ал эми каршылашкан тараптар жакын арада жогорудай кадамдарга барабы же жокпу - азырынча белгисиз. Айтмакчы, аталган жолугушуу башталаардан бир нече саат илгери Иордан дарыясынын батыш жээгинен израилдик жоокерлердин аткан огунан “ХАМАС” тобунун жетекчилеринин бири Абдулла Кавасме мерт болду. Андан көп өтпөй Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон билдирүү жасап: “Израил тарап палестин террорчуларынын жетекчилигин жок кылууну улана берет” деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG