Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

КЫЗЫКТУУЛАР ДҮЙНӨСҮНӨН


Эми кызыктуулар дүйнөсүнө чакырабыз. Бүгүн алгачкы “хомо сапиенс” кайдан чыкканы, дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын тизмеси, безгек илдетине каршы күрөшүү жана башка илимий жана маданий окуялар менен тааныша аласыздар.

Эфиопиянын Афар аймагынан мындан 160 миң жыл илгери жашаган 3 адамдын сөөгү табылды. Окумуштуулар буга чейин эле адам баласынын түпкү теги Африкадан чыккан деген божомолун айтып келишкен. Бир чоң кишинин жана баланын сөөгү, экинчи бир кишинин жарым-жартылай сакталган дене калдыгы азыркы мезгилдеги кишилердин түспөлү түптөлгөн эволюциялык доорго таандык болушу мүмкүн. Анткени алардын маңдай сөөгү байыркы адамдардыкындай алдыга чыгып турбайт. Мурдунун сөөгү, тескерисинче, кууурула баштаганы байкалган.
Буга чейин археологдор 130-100 миң жыл илгертен бери жашаган “хомо сапиенстин” – “акыл эстүү адамдын” көөнө издерин ошол эле Африка континентинен табышкан болчу.

☺ ☺ ☺

Тиричилик өткөрүү боюнча дүйнөнүн эң кымбат шаарлары катары Жапониянын баш калаасы Токио, орус ордо шаары Москва жана ошол эле Жапониянын Осака шаарлары табылды. “Мерсер Хьюман Ресурс Консалтинг” компаниясы өзүнүн соңку изилдөөсүнүн негизинде, көп жылдары бою бул жаатта биринчиликти ээлеп келген Гонконгду, андан кийин Бээжин, Женева, Лондон, Сеул, Цюрих жана Нью-Йоркту жогорудагы үч шаардан кийин «тиричилик кылуу үчүн кымбат шаарлар» катары жайгаштырган.

Евро акча биримдигинин кубаттуулугунун өсүшү эски континенттин шаарларынын жогорку орундарга өйдөлөшүнө, ал эми доллардын алсырашы - АКШ калааларынын төмөнкү орундарга жылышына себепкер болуп калды. Нью-Йорктон башка бир дагы америкалык шаар биринчи ондукка киргизилген эмес.
Ал эми дүйнөнүн эң арзан шаарлары деп Колумбиянын ордо калаасы Богота, зимбабвелик Хараре жана Парагвайдын Асунсону таанылды.

☺ ☺ ☺

Мындан 10 айча мурун Чехиядагы ири суу каптоо маалында ташыган дарыя менен Прагадагы зоопарктан коңшу Германиянын Виттенберг шаарына чейин агып баратып, кармалып жолдо мерт болгон Гастон аттуу тюлень жөнүндө маалым кылган элек. Жакында Гастондон куулган бир ургаачы тюлень быйылкы төлүн аман-эсен көз жарганы маалым болду. Ымыркай тюленченин атасы Гастон Германиядан алынып келаткан жеринен ар кыл жугуштуу оорудан жана ички жарааттардан улам өлгөн. Зоопарктын кызматкерлеринин айтымында, ургаачы тюлен куулгандан көп өтпөй эле, каргашалуу ташкын башталган жана кирген суу Гастондун өзүн гана агызып кеткен.

☺ ☺ ☺

Күнүнө 3 миң баланын өмүрүн алып кетип жаткан малярия же безгек оорусуна каршы күрөшүүнүн жаңы усулу табылды.
Лондондун Сент-Жорж бейтапканасынын изилдөөчүлөрү кызыл кан көбүкчөлөрүндө орун алган безгектин козгоочусу өсүп-өнүгүү үчүн глюкозага же шекерге муктаж экенин аныкташты. Эгерде глюкозанын ошол көбүкчөлөргө кирүү жолун бөгөттөсө, анда безгек козгоочунун көбөйүшүн да азайтууга болот деп божомолдошот окумуштуу дарыгерлер.

☺ ☺ ☺

Медициналык дагы бир кабар. Британиялык башка бир топтун болжолунда, ВИЧ инфекциясы маймылдардын арасында жолукчу вирустардын эки түрүнүн кошулмасынан келип чыккан. Ноттингем университетинин илимпоздору шимпанзелердин арасында кеңири учураган ДНА вирусу адам баласына жуккан шекилдүү деген ойдо. Бирок ал кандай жол менен жукканы белгисиз бойдон калууда. Илимий жоромолдордун бирин алсак, оорулуу шимпанзенин этинен тамак даярдап жаткан киши кокус колун кесип алса, вирус кандан канга өтүшү ыктымал.

☺ ☺ ☺

Польшалык инженер-айым Казимира Войциковска жакында магистр деген даражаны алуу үчүн соңку экзаменин ийгиликтүү тапшырды. Албетте, бул кадыресе көрүнүш, мунун эмнеси таң калычтуу дешиңиздер мүмкүн. Маселенин баары Войциковска айымдын 80 жашта экенинде. Польшанын ПАП кабар агенттигинин маалымдашынча, бул айым өзү бүтүргөн университетте 1969-жылдан тартып сабак бере баштаган. Инженер айым болоттон жасалган курулуштардын дат басышы деген тема боюнча илимий изилдөөсүн улантып, доктор даражасын алууну көздөп жатканын билдирди.
XS
SM
MD
LG