Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:41

КОШМО ШТАТТАР ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ КАГЫЛЫШУУЛАРГА КАБАТЫРЛАГАНДЫГЫН БИЛДИРДИ


Бакыт Аманбаев, Прага Дүйшөмбү күнү Иорданияда Дүйнөлүк экономикалык форум соңуна чыкты. Үч күнгө созулган бул жыйында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу жана согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү маселелери өзгөчө талкууланды. Жыйындын катышуучулары каршылашкан тараптарды куралдуу кагылышууну токтотуп, эл аралык коомчулук тарабынан сунуш кылынган тынчтык планын аткарууга чакырышты.

Соңку мезгилдери АКШ баш болгон бир катар өлкөлөр Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты калыбына келтирүүгө өзгөчө аракет жасашууда. Байкоочулардын пикиринде, азырынча аймактагы тынчтыкты жөнгө салуу аракети каршылашкан тараптардын БУУ, Европа Биримдиги, АКШ жана Орусия тарабынан иштелип чыккан “Жол картасы” деп аталган тынчтык планын турмушка ашыруусу менен байланыштуу. Ошондуктан, соңку бир айдын ичинде эле “Жол картасы” планын ишке ашыруу максатында бир нече эл аралык жыйын өткөрүлдү. Үч күнгө созулган Дүйнөлүк экономикалык форум да Жакынкы Чыгышта тынчтыкты калыбына келтирүү жана аймактагы өлкөлөрдүн экономикасын көтөрүү маселеси талкууланды.

Дүйнө коомчулугунун мындай аракетине карабай, жөөт-палестин кагылышуусу токтобой уланууда. Иорданиядагы жыйын башталаардан бир нече саат илгери Израил жоокерлери Палестинанын исламчыл “ХАМАС” тобунун жетекчилеринин бири, Абдулла Кавасмени атып өлтүрүштү, ал эми жекшемби күнү Газа өрөөнүндө болгон жарылуудан төрт палестиналык жаран каза болду. Буга байланыштуу Иордания жыйына катышып жаткан АКШнын Мамлекет катчысы сөз сүйлөп, израилдиктер менен “Хамас” тобунун соңку мезгилдеги кагылышууларын эл аралык коомчулуктун аймакта тынчтыкты орнотуу аракетине атайылап коюлган бут тосуу катары баалады. “Куралдуу кагылышуулар адам өмүрүн жоготуу менен коштолууда. Мындай аракеттер биздин тынчтыкты калыбына келтирүү максатыбыздан тайдырууда” деди Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл.

Ал эми жыйынга катышкан БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан болсо, Палестинанын жетекчилигин жөөттөргө каршы террордук чабуулду токтотууга, ал эми Израил бийлигин-өлкөдөгү бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган абадан, жерден аткылоосун токтотууга үндөдү.

Ошондой эле бул жыйында каршылашкан тарптардын жетекчилери да сөз сүйлөшүп, тынчтыкты жөнгө салууга болгон көз-караштарын ортого салышып, келечекте өз ара ымалага келүүгө аракет жасай тургандыктарын дагы бир жолу ырасташты.

Байкоочулардын пикиринде, дүйнө коомчулугу сунуш кылган “Жол картасы” планын аткаруу үчүн оболу палестиналык “ХАМАС” тобу менен Израил бийлигин жараштыруу зарыл. Ошондо гана жөөттөргө каршы террордук чабуул токтолот. Натыйжада, Израил бийлиги палестиналыктардын жерлеринен өз аскерлерин алып чыгып кетет.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл дүйшөмбү күнү Иорданияда өткөн маалымат жыйында журналистердин суроолоруна жооп берип жатып, мындайча пикирин билдирди:

Биз Израилдин коопсуздук күчтөрү менен Палестинанын коопсуздук күчтөрүнүн жана чакан топторунун кызматташуусуна жетишүүгө аракет жасоодобуз. Биз тараптардын Газа өрөөнүндөгү коопсуздукту камсыз кылууга жана террордук топторду жана башка кара ниет күчтөрдү аныктоодо маалымат менен бөлүшүп, өз ара мунасага келет деген ишенимдебиз.


Ал эми айрым эл аралык маалымат булактардын жазышынча, Палестинанын “ХАМАС” тобунун өкүлдөрү жекшемби күнү билдирүү таратып, Израил жоокерлери тарабынан өлтүрүлгөн аталган топтун жетекчилеринин бири Абдулла Кавасменин өлүмү үчүн өч аларын жарыялады.

XS
SM
MD
LG