Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ ПУТИН МАМЛЕКЕТТИК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ САПАРЫ МЕНЕН УЛУУ БРИТАНИЯДА


Төрөкул Дооров, Москва шаары. Бүгүн, 24-июнда, орус Президенти Владимир Путиндин Улуу Британияга болгон төрт күндүк расмий иш-сапары башталды. Бул сапар эки өлкөнүн карым-катнашы үчүн чынында да тарыхый деп аталып калмакчы.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана анын жубайы шейшембиде Улуу Британиянын канышасы Элизабет Экинчи, анын күйөөсү, канзаада Филипп жана алардын уулу, канзаада Чарльз тарабынан жылуу кабыл алынды. Жогорку деңгээлдеги жолугушууга премьер-министр Тони Блэр да катышты.

Бул жолку сапардын көбүнесе маданий мүнөздө болуп жатканына карабастан, Владимир Путин өз сапарынын жүрүшүндө эки тарап үчүн тең пайдалуу болгон келишимдердин кабыл алынышын күтөт. Эки тараптуу кызматташтыкты өөрчүтүү маселелери тууралуу президент Путин британдык тарап менен «Орусия менен Британиянын Энергетикалык форумунун» отуруму маалында жана башка сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкууламакчы.

Акыркы жолу орус мамлекет башчысы Британ королунун атайын чакыруусу менен Лондондо мамлекеттик деңгээлдеги сапарда болгонуна быйыл 129 жылдын жүзү болду.

1874-жылы император Александр Экинчи кызы Марияны Эдинбургдук герцогго турмушка берген. Падыша дал ошол окуяга байланыштуу Улуу Британияга мамлекеттик иш-сапар жасаган. Ал эми ХХ кылым Орусияда кандуу төңкөрүш менен башталып, 1918-жылы британ падышасынын куда-кудагыйлары, алардын ичинде орус падышасы Николай Экинчи жана анын үй-бүлөсү большевиктер тарабынан өлтүрүлөт. Орусиядагы большевиктердин жеңиши эки өлкөнүн алакаларына балта чапкандай болду.

Өткөн кылымда Улуу Британия падышалыгы бир да жолу советтик жана пост-советтик орусиялык жетекчиликти мамлекеттик сапарга чакырган жок. «Бул доордо эки тараптан тең ар кыл расмий жолугушуулар уюштурулганы менен, ортодогу мамиле өз ара толук кандуу ишенүүчүлүккө негизденбегени айдан ачык» дешет тарыхчылар.

Мына ушундай тарыхый сүрөттөмөнүн фонунда Орусия президенти Владимир Путиндин Британиянын падышалык үй-бүлөсү тарабынан расмий түрдө чакырылуусу, көпчүлүк саясий эксперттердин оюнча, эки өлкөнүн өз ара алакаларында жылуу маанайдын пайда болгонун айгинелейт:

- Менин көз карашымда, бул - чынында эле жакшы символика, бул – Орусиянын жандуу дипломатиялык катнашка өткөндүгүн билдирген көрүнүш. Ошону менен катар, бул сапардын жүзөгө ашуусу дүйнөдөгү эң улуу монархиялардын биринин илгерки Советтер Бирдигинин аймагында орун алган чоң өзгөрүүлөрдүн маанисин түшүнгөндүгүн далилдейт, – деп эсептейт «Карнеги» Корунун өкүлү Дмитрий Тренин.

Негизинен, Британия менен Орусиянын өз ара алакаларынын жаралыш тарыхы мындан 300 жыл мурдараак мезгилде жашаган Орусия падышасы Петр I менен ошол кездеги британ ханышасы Аннанын достук мамилелери менен башталат.

Петр Биринчи Орусиянын жүзүн Батышка бурган биринчи реформатор катары таанымал. Батышта да, Орусиянын өзүндө да айрым серепчилер Петрдан берки үч кылымдык аралыктагы падышалардын жана башка мамлекет башчылардын иштерине өзгөчө көңүл бурбай, Владимир Путинди бүгүнкү күнү Петр Биринчинин ишин улантуучу катары баалашууда.

“Путин бийликке келгенден бери өлкөнүн экономикасы бир калыпта өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөлүк саясий чөйрөдө да белгилүү деңгээлде өз ордун тапты”, - дешет алар.

Улуу Британия менен болгон жаңыча алакалалар Совет мамлекети кулаган учурга туш келет. 1994-жылы каныша Элизабет Экинчи Москвада расмий иш-сапары менен болгон. Андан бир жыл өткөндөн кийин бекбийке Диана да Орусияга иш сапар менен келген. Мындан кийин да көп жолу жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өттү. Бирок, үстүбүздөгү жылдын жазындагы Иракка каршы согуш эки өлкөнүн саясий каалоолорунун дал келбеген учурун да айгинеледи. Анткен менен, Ирак согушу орус-британ алакаларына көп деле залал тийгизген жок сыяктуу. Бул жолугушуу Иракта согуш башталганга чейин эле белгиленгенин айта кетүү абзел.

Андан калса, Британия да, Орусия да бири-биринин саясий колдоосуна муктаж ири мамлекеттер экендиктерин жакшы түшүнүшөт. Эки тарап тең дүйнөлүк саясий майдандагы салмактуу өлкөлөр. Анын үстүнө Британия Орусиянын экономикасына олуттуу инвестиция жасап жаткан өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи саптарда турат.

XS
SM
MD
LG