Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫНЫН XVI СЕССИЯСЫ БАШТАЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары шейшембиде электр энергиясынын тарифтерин жана республиканын алыскы райондорундагы телерадиоберүүлөрдүн абалын талкуулашты.

Бул күнү электр энергиясынын тарифтери боюнча Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Бекбо Маматбеков маалымат берди:

- Азыр электр түйүндөрү өз-өзүнчө кампания болуп бөлүнүп кеткенден кийин, көп кыйынчылыктар башталды. Азыр ар бир электр бөлүштүрүүчү компаниянын ишинде тийиштүү кемчиликтер бар. Мисал үчүн, алардын ар биринде жалпы жоготуулар абдан өсүп кетти.

Андан соң Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурбек Шермухамедов чыгып сүйлөдү. Анын айтымында, Энергетика боюнча мамлекеттик агенттик электр энергиясынын тарифтерин бекитүү маселесин Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссия менен макулдашышы керек. Бирок, агенттик мыйзамда каралган бул эрежени сактаган эмес. Энергетика боюнча агенттиктин мындай кадамдарына депутаттар нааразы болушту.

Нурбек Шермухаммедов маалымдагандай, Монополияга каршы саясат боюнча комиссия Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин мыйзамсыз иш-аракеттерине байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылган. Бирок, ага эмгиче жооп боло элек. Мыйзам боюнча электр энергиясынын тарифтерин түзүүдө адегенде бөлүштүрүүчү электр компанияларынын сунуштары эске алынып, андан соң Энергетика боюнча мамлекеттик агенттик жыйынтыктоочу чечим кабыл алат. Бирок, бул чечим сөзсүз түрдө Монополияга каршы саясат боюнча комиссия менен макулдашылууга тийиш. Ошону менен бирге, Шермухаммедов донорлордун шарттарын эске салды:

- Донорлор табигый монополиялык тармактарды өздөрүнүн жөнгө салуучу органдары боюнча бөлүштүрүүнү көздөп жатышат. Алар жөнгө салуучу органдар бардык маселелерди өздөрү чечиши керек деп эсептешет. Монополияга каршы саясат боюнча комиссиянын алардын иштерине кийлигишүүсүн донорлор туура көрүшпөйт. Ал эми бизде, өзүнүздөргө белгилүү болгондой, донорлордун сунуштары эске алынат.

Депутаттар былтыр өкмөттүн токтому менен Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин иштиктүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн ведомство аралык комиссиянын ишин да талкуулашып, аны канааттандырарлык эмес деп табышты. Алар электр энергиясынын тарифтери негизсиз өсүп жатканын, Энергетика боюнча мамлекеттик агенттик өз ишин начар жүргүзүп келгенин белгилешти. Палата электр энергиясынын тарифтерине байланыштуу маселени талкуулаш үчүн мамлекеттик агенттиктин директору Уларбек Матеевдин жана Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Эмил Узакбаевдин келишин талап кылды.

Депутаттар бул күнү «Республиканын алыскы райондоруна телерадиоберүүлөрдүн абалы жөнүндөгү» маселени да карашты. Бул боюнча «Кыргызтелеком» акционердик коомунун филиалы - Радиорелемагистралдардын, телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун республикалык өндүрүштүк бирикмесинин башкы директору Мирбек Мырзабековдун маалыматы угулду. Анын айтымында, өндүрүштүк бирикмеге бюджеттен жылына 111 млн. сом бөлүнөт. Калкка көрсөткөн кызматы үчүн бирикме жылына болжол менен 210 млн. сом каражат табат. Бирок, өлкөнүн алыскы райондорунун бардыгына ретрансляциялык станцияларды курганга каражат жетишсиз. Ошого карабастан, бир катар алыскы райондордо телекөрсөтүүлөр жана радиоуктуруулар жөнгө салынды.

Бирок, айрым депутаттар алыскы райондордо кыргыз телеберүүлөрү начар көрсөтүлүп же тартпагандыгын белгилешти. Палатанын төрагасынын орун басары Сооронбай Жээнбеков мындай деди:

- Азыр түштүк регионунун көптөгөн алыскы райондорунда КТР көрсөтпөйт. Ал эми Өзбекстандын 5 каналы көрсөтөт. Өзбекстан муну менен өзүнүн саясатын жүргүзүп жатат. Айылдарда кыргыз балдар азыр өзбекче сүйлөй башташты. Ошондуктан, бул маселени тез арада чечүү зарыл. Эң алды менен, КТРдин бардык региондордо көрсөтүлүшү жөнгө салынышы керек.

Депутаттарды тынчсыздандырган дагы бир маселе - «Кыргызтелекомдун» тендер боюнча швейцариялык инвесторлорго сатылышы болду. Алардын айтымында, эгерде «Кыргызтелеком» чет өлкөлүк инвесторлорго сатылса, анын филиалы болгон Радиорелемагистралдардын, телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун республикалык өндүрүштүк бирикмеси өз милдеттерин аткара албай калышы мүмкүн. Анткени, инвестор өзүнүн пландары боюнча иш жүргүзө баштайт. Бирок, М. Мырзабеков «Кыргызтелекомдун» 51% акциясынын сатылышы бирикменин ишине таасир тийгизбейт» деген пикирин айтты.

Учурда телерадиоберүү түйүндөрүн модернизациялоо боюнча долбоор иштеп жатат. Эл өкүлдөр жыйыны «Республиканын алыскы райондорундагы телерадиоберүүлөрдүн абалы жөнүндөгү» маселе боюнча токтом кабыл алышты. Анда өкмөткө Радиорелемагистралдардын, телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун республикалык өндүрүштүк бирикмесине бюджеттен кошумча түрдө 35 млн. сом бөлүү, өкмөттүн «Кыргыз Республикасындагы телерадиоберүү түйүндөрүн өнүктүрүү жана модернизациялоо жөнүндөгү» токтомун ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү, региондордо КТРдин программаларынын көрсөтүү сапатын жакшыртуу сыяктуу сунуштар айтылды. Эл өкүлдөр жыйыны 25-июнда өз ишин улантат.

XS
SM
MD
LG