Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

САДДАМДЫН САРЫ ИЗИНЕ ЧЫГУУ МҮМКҮНБҮ?


Иракта Саддам Хусейнден кийинки жаңы коомду куруу аракеттери көрүлүп жатканы менен андагы согуштун башкы күнөөкөрүнүн тагдыры али белгисиз. Ирактын мурдагы жолбашчысына жакын адамдардын биринин өткөн аптада камакка алынышы да ал аскерий операциялардан аман калганын ырастагандай болду. Эксперттер америкалык аскерий учактардын өткөн аптадагы аба жапырыктары учурунда курман болгондор ким экенин аныктоонун үстүндө иштөөдө. Себеби айрым такталбаган маалыматтар боюнча анда бутага алынган автокербенде Саддам Хусейн же анын уулдары бара жаткан.

Саддам Хусейндин режиминин АКШ түзгөн тизмесиндеги 55 адамдын жарымынан көбү азыр коалициялык күчтөрдүн камагында. Өткөн шейшембиде Тикрит шаарынын жанынан кармалган Абид Хамид Махмуд ат-Тикрити ошол тизмеде Саддамдын өзүнөн жана анын уулдары Удай менен Кусайдан кийинки эле төртүнчү орунда турчу. Генерал Махмуд ат–Тикрити учурунда Саддамдын катчысы, коопсуздук боюнча кеңешчиси жана жансакчысы болуп иштеген. Маалыматтарга караганда, ал америкалык тергөөчүлөргө Ирактын бийликтен кулатылган лидери жана анын уулдары согуштан аман-эсен чыкканын, өзү болсо Удай жана Кусай менен бирге Сирияга чогуу барганын билдирген. Бирок Пентагон жогорудагыдай маалыматтарды ырастаган жок. Махмуд ат-Тикрити камалгандын эртеси, шаршемби күнү АКШнын аскерий учактары чабуулга алган автокербенде да Саддам же анын уулдары болгон-болбогону белгисиз. Америкалык расмий өкүлдөр андагы аба жапырыктарынан сириялык чек арачылардын бир нечеси жаракат алганын кабарлашты. Учурда эксперттер ал чабуулдан мерт болгон ирактыктар ким экенин аныктоонун үстүндө иштөөдө. Пентагон жана Ак үй аба жапырыктары Саддамдын режиминин жогорку даражалуу өкүлдөрүнө багытталганын ырастаганы менен кандайдыр бир конкреттүү ысымдарды атаган жок.

Кокус ал автокербенде Ирактын мурдагы жолбашчысы чын эле жок болуп чыкса, жакын адамы катары эсептелген Махмуд ат-Тикритинин Саддамды издөөдө пайдасы тийиши мүмкүнбү? АКШ армиясынын отставкадагы полковниги Кеннет Аллар америкалык тергөөчүлөрдүн жалгыз үмүтү Махмуд ат-Тикрити гана болбошу керектигин белгилейт:

- Бул жерде эки проблема бар. Биринчиси, Саддам өзү каякта? Экинчиси, биз азыр көрүп жаткан каршылыктарды ал кай жерден туруп уюштурууга ниеттенип жатат. Махмуд жогорудагылар боюнча маалымат берүү жагынан жаман булак болбойт. Бирок башкалар сыяктуу эле чалгын маалыматтары да түрдүү булактардан келет. Мындай адамдар канчалык көп кармалса, ошончо жакшы. Ал бүткүл түйүндүн бир бөлүгү, жалгыз эмес.

Мурда чалгынчы катары иштеген Кеннет Аллардын пикиринде, Саддамдын табылышы - анын массалык кыргын салуучу куралдары табылганы менен барабар.

АКШнын Мамлекеттик департаментинде жана Пентагондо чалгын маселеси боюнча көп жылдар бою эксперт катары иштеген Энтони Кордсмэн Саддам Хусейн өтө сак жүргөндүктөн анын пландарын жакын жардамчысы да билбеши мүмкүн деген пикирлерге кошулат. Андыктан Махмуд ат-Тикритинин Саддамды издөө ишиндеги пайдасы аз эле болушу ыктымал. Айтор, кандай болгон күндө да Энтони Кордсмэндин пикиринде, Саддамдын табылышы - өтө олуттуу маселе:

- Саясий жактан алганда америкалык расмий өкүлдөр эмне үчүн Саддамдын табылышы маанилүү маселе эмес деп айта берээри түшүнүктүү. Себеби, бул милдет - өтө татаал, ишке ашкыс. Бирок чынында бул - өтө олуттуу нерсе.

Акыркы кездери президент Жорж Буш баш болгон америкалык расмий өкүлдөр Саддам Хусейндин бийликтен кулатылгандан кийинки тагдыры көп деле мааниге эмес экенин айта башташкан эле.

Энтони Кордсмэн белгилегендей, эгер Саддам табылбаса, анда Ирактагы согушту жеңиш менен аяктады эсептөөгө болбойт. Буга Ооганстан мисал. Талибан режими бийликтен кулатылып, бирок талиптердин анабашы молдо Омор менен "ал-Каиданын" лидери Осама бин Ладен кармалбагандыктан, бул жерде аз болсо да согуш аракеттери уланып жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG