Бул тууралуу бүгүн британиялык расмий өкүлдөр билдиришти. Кечээ Ирактын түштүгүндөгү Мажар ал-Кабир шаарында алты британ жоокери мерт болгон эле. Премьер-министр Тони Блэрдин айтымында, жогорудагы кайгылуу окуя аскерий полициянын жоокерлери Ирактын шийиттер басымдуулук кылган чөлкөмүндө, жергиликтүү калкты куралсыздандырууга аракеттенип жаткан учурда болушу мүмкүн,бирок азырынча кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу эртелик кылат.
Ал эми өлкөнүн коргоо министри Жеф Хундун билдиргенине караганда, эгер кырдаал талап кылса ал жактагы аскер контингенти көбөйтүлүшү ыктымал. Британ жоокерлери ким тарабынан өлтүрүлгөнү азырынча белгисиз. "Ройтер" агенттигинин маалыматы боюнча кылмышты аскерлердин курал издөөсүнө кыжырданган жергиликтүү тургундар жасаган. Жергиликтүү полицейлер болсо "Ассошейтед пресс" агенттигине бул окуя шаарда жакында болгон толкундоолордо өлгөндөр үчүн өч алуу экенин билдиришкен. Кабарларга караганда, британ аскерлери жергиликтүү башчыларга кылмышкерлерди таап берүү үчүн эки күн убакыт берди. Кечээ британ аскерлери түшкөн тик учма белгисиз согушкерлер тарабынан аткыланганда, дагы сегиз британ жоокери жаракат алган.