Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:40

ИРАКТЫН АСКЕРИ ПРОГРАММАСЫ: ДОКУМЕНТТЕР БАР, КУРАЛДАР ЖОК


Иракта коалициянын күчтөрүнө кол салган учурлар арбыды. Кабарчылар ошондой эле калк арасында оккупациялык режимге сыртын салган, атүгүл ачыктан-ачык кыжырланган маанай да өсүп жаткандыгын айтышууда. Бирок коалициянын командачылыгы Ирактагы кырдаал жалпысынан нормалдашып баратат деп эсептейт. Ирак илимпоздору, америкалык бир катар телеканалдар кабарлашкандай, эски режимдин массалык кыргын куралдарына байланыштуу маанилүү маалыматтарды бере баштады.

Бейшемби күнү Багдадга чукул жерде америкалык күзөт отряды аткыланганын Reuters кабарлады. Айтымда, бир солдаттын башына ок тийип, ооруканада набыт болду. Буга удаалаш аэропорттон Багдадга бараткан автокербенде бомба жарылып, эки киши өлдү, бир нечеси жаракат алышты. Андан эки күн мурда Ирактын түштүгүндөгү Амара шаарынын четинде британдык аскери алты полицмен киши колдуу болушкан эле. Бул ишти дароо эле Саддамдын тарапкерлеринен көрүшкөн, кийин териштире келгенде британдык жоокерлерди жергиликтүү шийиттер жайлап салганы дайын болду. Ушул окуядан кийин байкоочулар Иракта кырдаал жең ичинен байкалбай отуруп,кыйла эле өзгөрүп калгандыгын айта башташты. Алардын баамында, коалиция азыр каршылык көрсөтүүнүн эки түрүнө - капыстан кол салган партизандык кыймылдын, экинчиден – саботажчылар менен диверсанттардын уюмдашкан аракеттерине туш болду. Мындан тышкары Ирактын ар кайсы райондорунда күн сайын демонстрациялар менен митингдер болуп турат. Калк ичинде коалициянын күчтөрүнө куйкасы курушуп, кучунашы кармаган маанай барган сайын таасын байкала баштады.

Эксперттердин эсептерине ылайык, Иракта согуш башталгандан бери коалиция 238 адамын жоготту. АКШда өткөрүлгөн соңку иликтөөлөр көрсөткөндөй, америкалыктардын 44 проценти муну эчтеме менен актагыс бөөдө чыгым деп эсептейт экен. Британдыктар да соңку кездери Тони Блэрдин өкмөтүн катуу кысмакка ала башташты.

Вашингтондук аналитик Гален Карпентер Иракта, сыягы, 20-кылымдагы элдик-боштондук же антиимпериалисттик кыймылдарга окшогон күчтөр жандана баштаган шекилди, деп болжолдойт. Карпентердин ою боюнча, Кошмо Штаттары Ирактагы кырдаалды кыйчалыштыргысы келбесе, бул өлкөдөн качан кетерин ачык айтып, бийликти колдон келишинче эртерээк ирактардын өздөрүнө өткөрүп бергенге жетишиши керек. Ал эми экинчи бир эксперт Леон Фюертц коалициялык аскерлерге кол салган учурлар бүткүл өлкө боюнча күн санап күч алып баратканын эске алганда, мындай иштин баарын бир жерден башкарып,тескеп турган күчтөр,борборлор бар деп эсептейт. Иракта кырдаал коогалаңдуу экенин бейшемби күнү британ премьери Тони Блэр да моюнга алды.

Иракта бир эле учурда эски режимдин тыюу салынган куралдарын издөө иштери уланууда. Америкалык CNN телеканалы кабарлагандай, ирак илимпоздорунан Саддамдын атомдук программасына байланыштуу маанилүү маалыматтар алынды. Аталган программанын мурдагы жетекчилеринин бири Махди Шүкүр Обейди уран байытуу технологиясына арналган документтерди жакында америкалык тергөөчүлөргө өткөрүп берди. Обейди аларды мындан 12 жылдай мурда өз үйүнүн алдындагы бакка көмүп салган экен. Муну ал Саддамдын уулу Кусайдын буйругу менен жасаган.

Табылган бул документтер, америкалык бийликтердин айтымында,Ирактын атомдук куралы болгонун далилдей албайт, бирок ал Саддамдын режими 1991-жылдан кийин өзүнүн атомдук программасын кайра жанданткысы келгенин таасын ырастап турат. Мындан тышкары жакында эле табылган башка бир документтерде Саддамдын режими химиялык жана биологиялык арсеналдарын жаңылап, аларды иран-ирак согушу маалындагы деңгээлге жеткиргенге аракет кылганы айкындалды. Булардын баарын ООНдун инспекторлорунан кантип жашырып, катып калуу керектигин көрсөткөн өкмөттүк декреттер да табылды. Бирок тыюу салынган ирак куралдарынан азырынча эчтеме табыла элек.

XS
SM
MD
LG