Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

БИ-БИ-СИ БРИТАН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫНЫН БАСМА СӨЗ ӨКҮЛҮ МЕНЕН КАЙЫМ АЙТЫШТЫ


Британиялык Би-Би-Си корпорациясы премьер-министр Тони Блэрдин басма сөз катчысынын өзүнөн кечирим суроо талабын четке какты. Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Алистер Кэмпбелл Иракта тыйуу салынган кыргын куралдары бар деген досьени “чампалоо” аркылуу өкмөт депутаттарды Ирак согушун колдоого түрттү деген айыптоонун эфирден кеткени үчүн Би-Би-Сини сынга алган. Би-Би-Си эч кимден кечирим сурабай турганын билдирди.

Шаршемби күнү кечинде Британ парламентинин төмөнкү үйүнүн - Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комиссиясынын алдында чыгып сүйлөп, премьер-министрдин басма сөз катчысы Алистер Кэмпбелл Би-Би-Сини сынга алды жана быйыл февралда чалгын кызматынын былтыркы баяндамасын көбүртүп-жабыртып сунуш кылып, Ирак согушуна каршы маанайдагы депутаттарды ийитип алды делген өзүнө карата айтылган айыптоолор негизсиз экенин билдирди. Кэмпбеллдин оюнча, Би-Би-Си мындай жалган маалымат таркатканы үчүн андан кечирим суроого тийиш. Ошол эле күнү кечинде Би-Би-Синин жетекчилиги билдирүү жарыялап, бул корпорация кечирим сурай тургандай эч негиз жоктугун айтты жана Алистер Кэмпбелл мырзанын журналист Эндрю Жиллиганды жана Би-Би-Сини жалган маалымат таркатты деп айыптаганы үчүн өкүнгөнүн билдирди.

Бул маселенин тарыхына келсек, үстүбүздөгү жылдын февралынын башында Британ парламентинде “Иракка каршы согуштун зарылчылыгы жок” деген депутаттар бир кыйла болуп жаткан чакта өкмөт расмий досье таркатып, “чын эле Ирак массалык кыргын куралдарын жасоо программасын жүзөгө ашырып жатат, ал түгүл расмий Багдаддын буйругу чыкса эле, 45 мүнөт ичинде ирак аскерлери химиялык кыргын куралын колдоно алат”, - деп билдирген. Досьенин башкы максаты – согуштун зарылчылыгына шеги барларды ийитүү болчу.

Мындан көп узабай, британдык сыналгынын Төртүнчү каналы жана Би-Би-Си кызматы бул досьену сынга алышкан. Алар чалгынчыларга шилтеме кылынган бул досьенун оодук бөлүгү АКШнын Калифорния штатында окуган аспирант Ибрагим ал-Марашинин 1991-жылкы согушка арналган эмгегинен уруксатсыз көчүрүлүп алынганын, ал түгүл расмий досьену даярдаган белгисиз плагиаторлор аспиранттын стилдик каталарынан бери сакташканын ашкерелешкен. Досьенун башка бөлүгү алты жыл мурда “Жейнс интеллиженс ревью” журналы жарыялаган макалага негизделгени да сындалган.

Кэмпбелл мырза аспиранттын эмгегине шилтеме жасалбай калганы - өтө олуттуу катачылык болгонун шаршембиде, июндун 25инде мойнуна алды, бирок ал досьену даярдаган адистерде көбүртүп-жабыртылган текстти даярдоо аркылуу премьер-министрге жана парламентке таасир этүү ниети болгон эмес деди.

Ушул тапта АКШ менен Британиянын Ирактагы аскерлери менен адистери Саддам Хусейн тымызын даярдаган деп шек кылынган массалык кыргын куралдарынын кампасын таба албай келет. Бул жагдай Британиянын бийликтеги лейбористтик партиясынын беделине чоң зыян тийгизди. Соңку сурамжылоолорго караганда, өлкөдөгү калайыктын 34 пайызы Тони Блэрге ишенүү кыйын деген пикирин билдирген. Оппозициядагы консерваторлор партиясынан озуп, калк колдоосун алып келе жаткан анын партиясынын бедели соңку бир жарым жыл ичинде алгачкы ирет кескин төмөндөгөнү да маалымдалууда.

Кандай болсо да, Британиянын тышкы иштер министрлиги каржылаган маалымат институту – Би-Би-Си корпорациясы маалымат таркатуу жаатында Британ өкмөтүнүн расмий өкүлүнөн өзүнүн көз каранды эместигин дагы бир жолу тастыктоо аркылуу пост-коммунисттик өлкөлөрдөгү маалымат агенттиктерине жана расмий бийликтен каржылык колдоо алган нечендеген маалымат каражаттарына өрнөк көрсөтө алды дешке болот. Би-Би-Си менен Кэмпбеллдин тартышуусунун эң башкы сабагы – эгерде маалымат каражаты болсоң, анда өзүң үчүн негизги нерсе - кимден каражат алганыңда эмес, ар кыл маалыматты таркатууда эркиндигиңди, бейтараптыгыңды жана объективдүүлүгүңдү камсыз кылганыңда.
XS
SM
MD
LG