Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

ИРАКТА АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕР ӨЛҮП ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы күндөрдө Ирактагы америкалык аскерлер улам көп курман боло баштады. Kээ бир эксперттердин айтымында, абал мындан да начарлашы мүмкүн.

Ирактагы негизги аскерий аракеттер аяктаганы тууралуу АКШ президенти Жорж Буш 1-май күнү жарыялагандан бери, өлкөдө 21 америкалык аскер курман болду. 24-июнда Иракта бир кыйла ири кагылышуу орун алып, алты британиялык солдат курман болуп, дагы жыйырмага жакын америкалык жана британиялык аскер жараaт алган. Анын эртеси, 25-июнда, Багдад калаасынан 40 чакырым алыстыктагы Балад шаарында эки америкалык аскер дайынсыз жоголду. Кээ бир кабарлар боюнча, алар күзөт жүргүзүп жаткан учурунда барымтага алынган. Анын эртеси, 26-июнда, дагы эки америкалык аскер жана алардын ирактык айдоочусу Багдадда атып өлтүрүлдү.

27-июнда болсо, Багдад шаарында дагы бир америкалык жаран атып өлтүрүлдү. Күбөлөрдүн айтымында, ал дүкөнгө кирип, бир нерсе сатып алып жатканда, кимдир бирөө аны артынан башка атып кеткен. Курман болгон адам америкалык аскерий жетекчилик тарабынан Иракка атайын чакырылып, карапайым ирактыктар менен америкалык аскерлер ортосунда жылуу мамиле түзүү боюнча программа түзүп жаткан адис болчу.

Америкалык жетекчилик жоголгон эки аскерди табуу максатында бардык чараларды көрүп жатат, бирок жыйынтык азырынча жок. Бул маселе 27-июнда америкалык Конгрессте да талкууланды жана конгрессмендер алдында коргоо министри Доналд Рамсфелд менен америкалык Аскерий күчтөрдүн биргелешкен ордосунун башчысынын орун басары генерал Питер Пэйс жооп берди. Пэйстин айтымында, жоголгондор тууралуу маалымат жокко эсе:

- Биздин азырынча билгенибиз - биздин эки аскер кызмат өтөп жаткан жеринен жоголуп кетти. Ал окуя кандай шартта жана кантип болгонун биз билбейбиз. Аскерий бөлүктүн жетекчилиги жоголгондорду табуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат, бирок биз азырынча эч жаңы маалымат таба элекпиз.

Рамсфелддин айтымында, бул кырсыктар - бирин-серин гана окуялардын бири жана Иракта кеңири партизандык согуш баштала тургандыгына эч негиз жок. Анткен менен Пентагон Иракка беш адистен турган атайын топту жиберди жана алар түзүлгөн кырдаалды изилдеп чыгып, Ирактын америкалык башкаруучусу Пол Бремерге 12 күндөн кийин отчет берүүгө тийиш. Үстүбүздөгү аптанын башында болсо америкалык "Кролл инкорпорейтед" аттуу компания Иракта элдик көтөрүлүш башталышы мүмкүн деген жыйынтык чыгарып, америкалык жетекчиликти эскерткен.

Ал эми Нажаф шаарындагы жума күнкү намаз учурунда ирактык шийилердин жетекчиси аятолла Мохаммад Хаким элге ачык эле кайрылып, америкалыктарга каршылык көрсөтүү керек экенин билдирди. Бирок, анын айтымында, алгач андай каршылыкты тынчтык ыкмалары менен көрсөтүү керек жана андан жыйынтык чыкпаганда гана курал колдонууга өтсө болот. Аятолланын пикиринде, өлкөнүн келечегин жана тагдырын ирактыктар өздөрү чечүүгө тийиш.

Америкалык аскерлер Иракта эч кандай себепсиз дүкөндө атып өлтүрүлүп жатканы - элдин кээ бир катмарларында америкалыктарды жек көрүү маaнайы күчтүү экенин көрсөтөт. Кайсы бир мамлекет башка өлкөнүн ички түзүлүшүн ылдам оңдой албайт, мусулман өлкөлөрүндөгү абалды өзгөртүү болсо өзгөчө татаал. 1960-жылдарда Америка Кошмо Штаттары Ирандын ал кездеги жетекчилигине таасир кылып, өлкөдөгү абалды батыш үлгүсү менен өзгөртүүгө аракеттенгенден тескери жыйынтык чыгып, 1979-жылы Ирандагы бийликке исламчылдар келген. Ооганстандагы Талибан кыймылынын бийлигин АКШ 2001-жылы кулаткандан кийин дагы өлкөдө жаңы тартип орнобой жатат. Ирактагы абал да ойдогудай эмес.

XS
SM
MD
LG