Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

ИРАНДЫК ПАРЛАМЕНТАРИЙЛЕРДИН НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫ


Ишемби күнү Иран парламентинин төрт мүчөсү 48 сааттык нааразылык акциясын баштады. Парламентарийлер ай башында болгон 10 күндүк антиөкмөттүк толкундоолордун катышуучуларын абактан бошотууну, аларга кандай мамиле жасалганы жана алардын кандай шартта кармалып жатканы жөнүндө маалымат берүүнү талап кылышууда. Ырасмий маалыматтар боюнча, азыр абакта отурган 2 миңдей адамдын 800гө жакыны студенттер.

Иран парламентинин мүчөлөрү Фатеме Хакикатжу, Алиакбар Мусави-Хоени, Мейсам Саиди жана Реза Юсефян ишемби күнү иш орундарында 48 сааттык нааразылык акциясын башташты. Жекшемби күнү аларга башка бир парламентарий Тайер Ния кошулду.

Акция башталардан бир күн илгери Фатеме Хакикатжу айым кабарчыларга билдиргенге караганда, парламентарийлерди антиөкмөттүк толкундоолорго катышкан студенттерди абакта кармоо, алардын кайсы жердеги түрмөдө отурганы жана аларга кандай мамиле жасалып жатканы тууралуу жетерлик маалыматтар берилбегени тынчсыздандырат.

Эскичил-диниятчылар башкарган сот органдары парламентарийлердин абакта отурган студенттер менен кездешели деген өтүнүчүн да четке каккан.

10-20-июнь күндөрү Ирандын ар кайсы шаарларында өткөн антиөкмөттүк толкундоолордун катышуучулары президент Хатамиден өлкөдөгү демократиялык реформаларды тездетүүнү талап кылышты. Демонстарция адегенде Тегеран университетинин студенттеринин өкмөттүн айрым университеттерди менчиктештирүү планына каршы чыгуусунан башталган. Бул Ирандагы акыркы 4 жылдагы эң ири нааразылык акциясы болду.
АКШ президенти Жорж Буш жана Британиянын премьер-министри Энтони Блэр ирандык жарандардын демонстрацияга чыгуу укугун жакташканын билдиргенде, Иран жетекчилиги Кошмо Штаттарын жана чет өлкөлөрдөгү Иран оппозициясын миңдеген адамдар катышкан демонстрацияларга шыкакчы болду деп күнөөлөгөн.

Иран парламентинин төрагасынын орун басары Мохаммад Реза Хатами ишемби күнү эртелеп өкмөттүк ИСНА жаңылыктар агенттигине парламент мүчөлөрү ирандык студенттердин мыйзамдуу талаптарын колдоону токтотпосун билдирди.
Мохаммад Реза Ирандын президенти Мохаммад Хатаминин кичүү иниси. Вице-спикер Хатами ошондой эле башкы прокурор Аятолла Абдолнаби Намазини реформачыл маанайдагы айрым парламентарийлерди студенттик толкундоолорго аралашты деп күнөөлөгөнү үчүн сындады.

Намазинин ИСНА агенттигине билдиришинче, 10-20-июнь күндөрү өлкөнүн ар кайсы шаарларында болгон антиөкмөттүк толкундоолорго катышкан 4 миңдей адам, анын ичинде Тегеранда 800 адам кармалган.
Оболу “бейбаштык кылган” 520 адам кармалды деп маалымдалган болчу.
“4 миң адам камакка алынды деген маалыматтын тастыкталышы, өлкө жетекчилигинин эки жүздүүлүгүн жана кризис Иранда тереңдеп баратканын көрсөтөт”,- дейт студенттердин лидери Саед Аллабадашти Ассошиэйтед пресс агенттигине.
28-июнга карай, Намазинин маалымдашынча, алардын жарымы абактан бошотулган.

Жума күнү 100дөн көп студент өздөрүнүн бир кезде туу туткан саясатчысы- президент Мохаммад Хатамиге кат жолдоп, аны демократиялык реформаларды улантууга, жарандардын саясый укуктарына кепил өтүүгө же болбосо кызматтан кетүүгө чакырды.
Бирок, Ирандын руханий көсөмү, Аятолла Али Хаменейи сот органдарынын аракетин колдоп, аларды жабыла сындап, “чабуулга алуу” өлкөдөгү баш-аламандыкты күчөтөт деп эскертти.

XS
SM
MD
LG