Баяндамачылардын пикиринде, соңку кездери Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча "Жол картасы "деп аталган план чын эле ишке ашабы деген үмүт жаралды. Акыры келип 2005-жылы Палестин мамлекетин түзүүнү караган бул пландын шарттарын аткара баштоону жөөт жана палестин премьер-министрлери ушул айдын башында, АКШ президентинин ортомчулугу астында Иорданияда өткөн саммитте убада кылышкан эле. Бирок андан бери да ондогон адамдардын өмүрүн алган кан төгүүлөр орун алып кетти. Мындай шарттарда жөөт жана палестин тараптын "Жол картасы" планын ишке ашыруу багытында жасаган соңку кадамдары жышаналуу иштин белгиси катары каралып жатат. Атап айтканда, Израил Газа сектору менен Иордандын Батыш жээгиндеги Вифлеем шаарынан аскерлерин алып кетүүгө макул болду. Жөөт аскерлерин чыгаруу дүйшөмбү күндөн тартып башталышы керек жана андан соң бул аймактардагы коопсуздук үчүн палестин тарап жоопкер болот.
Жакынкы Чыгыштын соңку күндөрдөгү дагы бир жышаналуу кабары - палестиналык радикал топтордун экөөсүнүн Израил менен утурумдук элдешүүгө барганын жарыялаганы. "Хамас" жана "Исламчыл жихад " уюмдарынын жекшембиде таратылган биргелешкен билдирүүсүндө айтылгандай, алар ушул күндөн тартып "сионист душманга" каршы үч айга аскерий аракеттерин токтот. "Хамастын "өкүлү Абдел Азиз Рантиси алар ок атышууну токтотуу менен бирге Израилди палестин аймактарындагы блокаданы жоюуга жана палестиндерге каршы агрессиядан баш тартууга чакырып жатканын белгиледи:
- "Хамас" да ,"Исламчыл жихад" да үч айга, шарттуу элдешүүгө макул болду. Эгер израилдиктер палестиндерге каршы агрессияны токтотпосо, "Хамас" менен "Исламчыл жихад" Израилди демилгени бузган агрессор катары эсептейт. Биз кандай болсо да анда жооп кайтарабыз. Биз Израилге каршы баардык чаралар менен жооп беребиз.
Мурда Израил менен убактылуу элдешүүгө бара турган палестин топторунун катарында "Фатх" уюму да бар экени жана биргелешкен билдирүүдө "Жол картасы" тынчтык планына карата палестин радикалдарынын терс мамилеси чагылдырылышын талап кылып жатканы айтылган. Эми "Фатхтын" өкүлү алар элдешүү жөнүндөгү жарыяга кошулаарын жекшембиде билдирди. Ал эми палестиндердин "aл-Aксa шейиттери кошууну" деген дагы бир радикал уюму элдешүү жөнүндөгү идеяга мурда эле көнгөн эмес.
Израил болсо "Хамас " менен "Исламчыл Жихаддын" билдирүүсүнөн көп деле үмүттөнбөйт. Жөөт өкмөтүнүн өкүлү Гидеон Меирдин айтымында, элдешүү жөнүндөгү жарыя - террорчулардын инфраструктурасы жоюлат дегенди туюндурбайт:
- Биз көрүп жаткан нерсе – палестин бийлиги менен террорчул уюмдардын ички макулдашуусу. Демек, алар бир жагынан террордук инфраструктураны кармай берүүнү, бир жагынан биз менен сүйлөшүүнү улантат. Бул - ылайыксыз.
Жогорудагы окуя чөлкөмдө АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс жүргөн учурга туш келди. Вашингтондун жогорку даражалуу өкүлү ишемби күнү палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас, жекшембиде жөөт премьери Ариэль Шарон менен жолугуп, "Жол картасы" тынчтык планын ишке ашырууга байланышкан маселелерди талкуулады.