Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

ЖАНКЕЧТИЛИК ЭПИДЕМИЯСЫ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде дүйнөнүн ар башка мамлекеттеринде өзүн өзү өлтүрүү менен душманга зыян келтирүү максатында уюштурулган террор аракеттери көбөйдү. Мындай жанкечтилерди мусулман уюмдары көп даярдагандыктан, батыш коому аны исламдык көрүнүш деп да кабыл алууда. Бирок андай терроризм башка дин менен башка коомдорго да таандык.

Америкалык "Рэнд" изилдөө борборунун маалыматы боюнча, 1982-жылдан бери дүйнөдө үч жүзгө жакын жанкечтилик террор аракети ишке ашырылды, аларды ар башка 11 уюм даярдаган жана бардыгы болуп алардан үч миңден ашык адам курман болду. Өзүн өзү өлтүрүү менен башка бирөөгө зыян келтирүү аракеттери байыркы замандан бери эле белгилүү. Биздин доорго чейинки мезгилде Жакынкы Чыгыштагы Иудеяны Рим империясы басып алганда, жергиликтүү жөөттөр өзүн өзү өлтүрүү менен кошо тиги дүйнөгө урум легионерлерин да ала кеткен учурлар катталган.

Орто кылымдарда мындай жанкечтилик Багдад халифатында да кеңири тараган жана андай аракеттерди негизинен исмаилиттер колдонгон. XVIII кылымда дал ушундай аракеттер менен Индия, Индонезия жана Филиппиндин жанкечтилери батыш баскынчыларына каршы күрөшкөн. Соңку заманда болсо, мындай биринчи жанкечтилик террор аракети 1981-жылдын декабр айында Ливандын борбору Бейрут шаарында ишке ашырылган. Иран өкмөтү тарабынан колдоого алынган "Хезболла" уюмунун бир мүчөсү Бейруттагы Ирактын элчилигинде өзүн өзү жардырып жибергенден 27 адам курман болуп, жүздөн ашык киши жараат алган.

Кийин мындай арзан куралды марксисттик Күрд жумушчу партиясы, Ливандын Коммунисттик партиясы, Сириядагы Улутчул партия, Жакынкы Чыгышта болсо "Хамас", "Исламдык жихад" жана башка экстремисттик уюмдар колдоно баштады, бирок андай ыкма менен эң көп адамды Шри Ланкадагы "Тамил Илама" аттуу оппозициялык уюм өлтүрүүгө жетишти. Анын "жолборстору" 1991-жылы Индиянын премьер-министри Раджив Гандини жана 1993-жылы Шри Ланканын президенти Прендесаны өлтүргөн.

Жанкечтинин өзүнүн өмүрүн санабаганда, мындай террор чындап эле өтө “арзан”, анткени бомбаны алыстан башкарууга керек болгон электроника менен көптөгөн башка адистердин зарылчылыгы жок. Террорчунун белине байлана турган бомбаны Жакынкы Чыгышта 80 долларга алса болот. Мурда экстремисттик уюмдар жанкечти кылып негизинен жаш жигиттерди даярдап келген болсо, акыркы мезгилде алардын катарына улгайгандар жана ургаачылар да кошула баштады. Күрд жумушчу партиясы кээ бир келиндердин боюна бомба байлап салып, аларды боюнда бар аял катары көрсөткөн учурлар болгон. "Тамил Илама" уюмунун жанкечти террорчуларынын 70 пайызы аялдар жана Раджив Гандини да келин өлтүргөн.

Террордук жардыруу менен өз өмүрүн кыюуга макул болгондордун туугандарына экстремисттик уюмдар жана фонддор бир топ акча төлөйт. Кээ бир жакыр үй-бүлөлөр бир баласын ошентип өлтүрүп, кийин ага төлөнгөн акчанын эсебинен гана күн көрөт, бирок эч кандай акысыз деле андайга макул болгондор да кездешет. Кээ бир уят болуп калган кыздар же башка бир мүшкүлгө баткан туугандарын куткарууну көздөгөн аялдар жанкечтилик аракетке акысыз барат. Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейн болсо жанкечтилердин туугандарына кенемте акча төлөй турганын расми түрдө жарыялаган.

Акыркы мезгилде террор уюмдары өздөрүнүн жанкечти мүчөлөрүнө жугуштуу ооруларды жугузуп, аларды кайсы бир оорунун эпидемиясын таратуу үчүн даярдап жатат деген да маалыматтар бар. Кээ бир эксперттердин пикиринде, 2001-жылдын 11-сентябрында Америка Кошмо Штаттарына каршы уюштурулган террор аракеттерине дүйнөгө кеңири жайылган сыналгы да себеп болгон. Алардын ысымдары бүткүл дүйнөгө маалымат каражаттары аркылуу дароо тарап, алардын аракети түз эфирде көрсөтүлө турганы - жанкечтилерди өзгөчө кумарга батырган.

XS
SM
MD
LG