Ариэл Шарон менен Махмуд Аббастын(Абу Мазен) кезектеги жолугушуусу башталар күнү Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Тулкарм шаарына жакын жерде палестиналык бир экстремист жөөт армиясынын күзөт бекетине кол салып,атышуу учурунда өзү опот болду. Ал эми дүйшөмбү күнү палестин экстремисттери Ябед кыштагынан окчун жерде болгариялык бир жумушчуну атып кетишти. Бул ишти иликтегени палестин автономиясынын коопсуздук министри Мохаммед Дахлан окуя болгон жерге эки тергөөчүнү жөнөттү. Министрдин болжолдуу маалыматтарына караганда, бул ишти “Ал-Аксанын азапкерлер бригадасы” деп аталган топтун активисттери жасаган болушу мүмкүн.Өздөрүн “азапкерлер” атаган бир нече топ бар, деп айтты палестин министри. Анын үстүнө Женин району азырынча палестин коопсуздук күчтөрүнүн контролдугуна өткөрүлүп бериле элек. Ошол эле учурда автономиянын бийликтери бирин-серин куралдуу акциялар мындан ары да болушу ыктымал деп эсептешет. Алардын баарын токтотуу үчүн бир нече ай керек болот.
Айрым маалыматтарда интифадада үч айга танапис жарыялоо шартнамасына кошулгандан баш тарткан “Ал-Аксанын азапкерлер бригадасы” жарашуунун шартына макул болгондугу айтылат. Дүйшөмбү күнү эле бригаданын бир активисти “азапкерлер” жөөттөргө кол салуу иштерин токтотпой тургандыгын билдирген эле. Палестин бийликтери кандай болгон күндө да жарашуу мөөнөтү бүткөнгө чейин радикалдуу бир да уюм Израилге каршы куралдуу операцияларды өткөрбөйт деген ишенимде турат.
Палестин премьер-министри Махмуд Аббас жөөт кабинет башчысы менен өткөрүлө турган кезектеги жолугушууга чоң үмүт артып жаткандыгын ырастады. Автономиянын маалымат министри Набил Амрдын айтымында, Шарон менен Аббастын сүйлөшүүлөрү учурунда Вифлеемден жөөт аскерлерин чыгаруунун шарт-шараятынан тышкары башка да маселелер каралат. Макулдашууга ылайык, аталган шаарды Израил аскерлери шаршемби күнү калтырып кеткени жатышат. Калаа курчоодон бошотулат жана андан аркы кырдаалдын жоопкерчилиги толугу менен палестин күчтөрүнө жүктөлөт. Жөөт кабинет башчысы Шарон да айрым акцияларга карабастан “жол картасы” планында каралган шарттарды аткара тургандыгын, бирок жагдай кайрадан жаман оролго ооп кетсе,тиешелүү чараларды көргөнгө даяр экендигин эскертти.
Дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү израил аскерлери Газа тилкесинин түндүк райондорунан чыгарылды. Бул жердеги контролдук өткөөл пункттар бузулду. Натыйжада соңку үч жылдан бери райондун түндүгү менен түштүгүнө ээн-элкин каттаганга биринчи ирет мүмкүндүк түзүлдү. Мындай мүмкүндүктөн баарыдан мурда жолоочуларды ташыган таксичилер пайдаланышты. Ал эми түштөн кийин Газадан Израил тарапка бир нече миң палестин жумушчулары өтүштү.
Деген менен регионго келген бу жайчылыктын узакка созуларынан жүрөкзаада болгондор али көп. Израилдиктердин көпчүлүгү палестиналык радикалдуу топтордун интифаданы токтотконго макул болгонун алардын кезектеги айлакерлигиндей эсептешет. Азыркы танаписке каркап отуз үч айга созулган калабадан эки тараптын тең чарчап-чаалыкканы себеп болду,экстремисттер күчүн жыйнап, күр болуп алган соң интифадасын кайрадан улантышат деп ишенгендер калк арасында турсун саясатчылар чөйрөсүндө да арбын. Ал эми региондогу тынчтык процесске сүрөөнчү болуп жаткан тараптардын, баарыдан мурда ырасмий Вашингтондун баасында соңку күндөрдөгү жышаандар кантсе да кырдаалды жөнгө салуу багытындагы алгачкы реалдуу кадам болду.